– Мага туугандарым, тааныштарым вебкам-моделингдин жарнамасындагы сүрөтүмдү жөнөтүп башташты. Аны көрүп таң калдым. Анткени мен сүрөтүмдүн колдонулушуна уруксат берген эмесмин. Сүрөтүмдү таратып жаткандарды издеп, 3 апта дегенде араң байланышка чыктым. Алардан сүрөтүмдү алып коюусун, атымды булгап, сүрөтүмдү уруксатсыз пайдалангандары үчүн коомчулуктун алдында кечирим сурашын талап кылдым. Болбосо соттошорумду айттым. Башында кечирим сурап жакшы эле сүйлөшүп жатышкан. Кийин "силердин укугуңар бузулганбы же жокпу, аны юрист менен такташабыз" дешти. Бул күлкүлүү нерсе да. Сурабай туруп сүрөтүмдү ушундай ишке колдонсо, кантип менин укугум бузулбайт? Ошондон кийин такыр байланыша албай койдум. Өзүм чет өлкөдө болгондуктан милицияга арыз жаза элекмин. Атымды каралаган адамдар табылып, өз жазасын алышына болгон аракетимди жумшайм.