“Bad Guy” ("Жаман жигит") ыры менен музыка дүйнөсүндө бум жараткан 18 жаштагы ырчы Билли Айлиш “Грэмми” сыйлыгын тапшыруу аземинде 5 номинацияны жеңип алды. 2019-жылы музыкалык чарттардын сап башын бербеген жаш ырчы тууралуу учурунда кеп кылбасак болбос.
Аты-жөнү – Билли Айлиш Пайрат Бэрд О’Коннелл
Туулган жылы – 2001-жыл, 18-декабрь
Туулган жери – АКШнын Калифорния штаты, Лос-Анжелес шаары
Учурда – ырчы
БИЛЛИ АЙЛИШ ТУУРАЛУУ
“ГРЭММИ” АЛГАН ЭҢ ЖАШ ЫРЧЫ
26-январда Лос-Анжелесте “Грэмми” музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда жаш ырчы Билли Айлиш эң негизги төрт номинацияда жеңүүчү болду. Ал “Мыкты ыр”, “Мыкты жаңы артист”, “Мыкты жаздырылган ыр”, “Мыкты альбом” номинацияларынын жеңүүчүсү болуп, бул жетишкендиктерине өзү да ишене албай турду. Мындан тышкары Айлиштин дебюттук ыр жыйнагы “Мыкты поп-альбом” аталды. Ырчынын байкеси, продюсери Финнеас О’Коннелл “Мыкты продюсер” деп табылды. Буга чейин “Грэмми” сыйлыгында 5 номинацияда жеңишке жетүү 1981-жылы ырчы Кристофер Кросско гана буюрган. Айлиш “Грэмминин” 5 сыйлыгына татыган эң жаш ырчы катары тарыхта калды. Буга чейин аталган сыйлыкты 19 жашында ырчы Тейлор Свифт алган эле.
Айлиштин концерттерине билеттер бир канча сааттын ичинде сатылып кетет. Анын клиптери интернетте 700-800 миллион жолу көрүлөт. 11 ЖАШЫНДА ЫР ЖАЗЫП, ЫРДАП БАШТАГАН
Таланты менен дүйнөнүн көңүлүн бура алган ырчы Билли Айлиш АКШнын Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарында чыгармачыл үй-бүлөдө туулган. Атасы америкалык актёр Патрик О’Коннел. Апасы актриса, музыкант жана сценарист Мэгги Бэрд. Байкеси Финнеас О’Коннел музыкант, ырчы, композитор, актёр жана карындашынын продюсери. Ата-энеси балдарынын кызыккан багытына жараша шарт түзүп берүүнү алдыңкы планга коюшкан. Билли менен Финнеас кичинесинен эле өздөрү жактырган иш менен алек болушчу. Билли музыкага, бийге кызыкчу. Бирок 2016-жылы бутунан жаракат алып бийчилик карьерасын жыйыштырган.
Билли Айлиш агасы экөө үйдө жеке мугалим жалдап билим алышкан. Ата-энесинин бул чечимине Айлиш азыр да ыраазы. Ал “мектепте окусам мага эч ким олуттуу мамиле кылмак эмес. Буга капа болмокмун” дейт.
Болочок жылдыз 8 жашында балдар хоруна кошулуп, 11 жашында өзү ыр жазып, ырдап баштаган. Ал учурда агасы Финнеас да ыр жазчу. Агасы “The Slightlys” тобунун вокалисти жана ырларынын автору эле. Айлиш көп ырларын агасы менен чогуу жазган. Алар ыр жаздыруу үчүн атайын музыкалык студиялар менен иштешкен эмес, ырлар Финнеастын бөлмөсүндө жазылчу. Ырчы чыныгы искусствону каалаган жерде жаратса болот деп эсептейт.“МАКСАТЫБЫЗГА ЖЕТТИК ДЕП ОЙЛОСОК, БАШТАЛЫШЫ ЭКЕН”
Ырчынын карьерасы 2015-жылы башталды. Бул жылы Айлиштин агасы “Ocean Eyes” ("Океандай көздөр") ырын жазган. Ошол учурда бий ийриминен сабак берген мугалим Биллиден музыка жазып берүүсүн суранган. Билли “Океандай көздөр” ырын бийге ылайыкташтырып кайра жаздырган. Агасы экөө ырды интернеттеги сайттардын бирине жүктөөрү менен ал вирустай тез тарап, эл жакшы кабыл алган. Анда Билли 13 жашта гана болчу. Ал учурду ырчы мындайча эскерет: “Агам экөөбүз отурганбыз. Бир малда ал "Билли, биздин ырды 1000 адам укту. Бул биздин эмгегибиз!" деди. Ошондо биз максатыбызга жеттик деп ойлогонбуз. Көрсө, башталышы гана экен”.
2017-жылы “When We All Fall Asleep, Where Do We Go?” (“Биз уктаганда кайда барабыз?”) аталышындагы алгачкы альбому жарык көрүп, бир жумада 313 миң нускасы сатылган. Жарым жылда альбомдун 2 миллион көчүрмөсү сатылган. Айлиш бул альбомдун арты менен 50 концерт берген. Ушундай ийгиликтери менен ырчы 2000-жылдан берки эң ийгиликтүү жаш артист катары таанылды. Фанаттары Айлишти поп-музыканын жүзү деп атап алышты.
Ырчы жеке жашоосу тууралуу сөз кылбайт. Интернет желесинде Айлиш канадалык ырчы жана модель Шон Мендес, музыкант Халид жана Инстаграм жылдызы Жек Франкис менен жакын мамиледе болгон деген сөздөр тараган. Айлиш мындай божомолдорду жоопсуз калтырып келет. Өз маектеринде алгачкы сүйүүсү ырчы Жастин Бибер болгонун жашырбайт.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg