ТИКЕНЕКСИЗ ЧЫЧЫРКАНАК ӨСТҮРҮП БАЙЫҢЫЗ



Буга чейин чычырканакты атайын аянттарга, бак ичине отургузуп, түшүмүн алуу жокко эсе болчу. Анткени мөмөсү майда жана бутагы тикенектүү болуп, үй шартында кароо ыңгайсыз эле. Учурда чычырканактын жапайысына караганда мөмөсү чоң жана тикенексиз сорттору чыгарылып, андай сорттор Кыргызстанга да келүүдө. Бул мөмөсүнөн шире, кыям, джем жасап сатып бизнес кылууга жол ачууда. Кенен маалыматты Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнологиялар институтунун директору Кайыркул Шалпыков айтып бермекчи.

ЧЫЧЫРКАНАКТЫН КУРАМЫ:

  • Белок, май, углевод, омега-3 жана омега-6 май кычкылдары
  • Глюкоза, сахароза, фруктоза
  • Витаминдер – C (100 граммда сортуна жараша 70-200 миллиграмм), A, B1, B2, B4, B5, B6, B9, E, K, H, PP
  • Макро жана микроэлементтер – калий, кальций, кремний, магний, натрий, күкүрт, фосфор, темир, йод, марганец жана башка

ТИКЕНЕКСИЗ СОРТТОРДУН 1 ТҮБҮ 1 ЧАКА МӨМӨ БЕРЕТ

– Чычырканактын мөмөсү дарылык касиетке ээ жана анын үстүнө калдыксыз иштетилет. Мөмөсүнөн кыям, джем, шире жасалат. Ширесинен калпып алынган майы ашказан жараларын, күйүктү дарылоого жардам берет. Жанчылган мөмөсүнөн сыгылып алынган май косметикада колдонулат. Жалбырагынан иммунитетти көтөрүүчү чай демдесе болот. Байыркы Грецияда чычырканакты жылкыга тоют катары беришкен. Чычырканак менен азыктанган жылкынын жал-куйругу жылтылдап, салмакты жакшы кошкондугу байкалган.

Эл буга чейин негизинен чычырканактын жапайы түрүнүн гана мөмөсүн терип колдонуп же сатып акча кылып келишкен. Бирок чычырканактар тикенектүү жана мөмөсү майда болгондуктан терүү кыйынчылыкты жаратат. Эми андай маселелерден кутулчу кез келди. Анткени Орусиянын Алтай крайында окумуштуулар тарабынан мөмөлөрү чоң, тикенексиз сорттору чыгарылып жатат. Биздин өлкөгө андай сорттор 2017-жылдан бери алынып келинип көбөйтүлүп, элге таратылып жатат. Тактап айтканда, 2017-жылы 8 сорту алынып келинген, алардын бири – гном сорту аталык, калгандары энелик сорттор. Аталыштары: алтай, елизавета, иня, чүй, гном, сударушка, джем, клавдия.

Кыргыз жеринде жапайы чычырканактын 100 мөмөсү болжол менен 25 граммды түзөт. Ал эми тикенексиз түрүнүн мөмөлөрү алардан 5 эсе чоң. Бирок 8 сорт да өз ара айырмаланат. Мисалы, алтай сортунун мөмөсүнүн 100 даны 74-90 граммга жетип, башкаларына караганда таттуураак болот. Джем сортунун 100 данынын массасы 60-73 граммды түзүп, С витамини 100 граммында 154 миллиграммга жетет. Елизавета сортунун 100 мөмөсүнүн массасы 71-110 граммга, 100 граммында С витамини 70-100 миллиграммга жетет. Кыскача айтканда, даны эң чоңу – елизавета, таттуураагы – алтай чычырканагы, С витамини көбү – джем сорту. Эрте бышчусу джем, орточо бышчусу иня, клавдия, сударушка сорттору. Калгандары кеч бышуучу сорттор. Тиккенден кийин кээ бири 2, айрымдары 4 жылдан соң мөмөлөй баштайт. Эң көп түшүм берчү жылдар болуп 6-8-жылдар эсептелет. Бир түбү 10 килограммга чейин түшүм берет. Бутап, жашартуу менен 10-12 жылдай мөмө алууга болот. Андан соң жок кылып, жаңыларын тигүү керек.

Мурун жапайы чычырканактан 1 адам кечке чейин 3-4 килограммдай терип, же шактарын кыркып келип үйдөн кайчы менен кыркып алууга аргасыз болушчу. Мындан табиятка да залака келчү. Жаңы сорттордон 1 адам 1 күндө 150 килограммдай терип коё алат.

КӨЧӨТҮН КАЙДАН САТЫП АЛУУГА БОЛОТ?

– Учурда токой чарбачылыгы менен алектенгендер кыям, джем, шире жасап, майын сатып бизнес кылам дегендер, "бакчага тигип өзүбүз үчүн колдонобуз" дегендер аталган сорттордун ичинен каалаганын алып тигип жатышат. Чычырканактарды кайдан сатып алууга болот? Чүй облусундагылар Чүй (Токмок шаары) жана Фрунзе питомнигинен (Көк-Жар айылы), Талас облусундагылар Бакай-Ата токой чарбасынан, Ысык-Көл облусундагылар Балыкчы, Ысык-Көл, Түп, Каракол, Жети-Өгүз питомниги жана токой чарбаларынан сатып алышса болот. Баасы – ­1 жылдык көчөтү 150 сом, 2 жылдыгы 200 сом.

Бир гектарынан багып, кароого жараша 8-18 тоннага чейин түшүм алууга болот. Кышкыга деп кайнатпай туруп муздаткычта сактап алуу пайдалуу.

Бизнес кыла тургандар эмне үчүн утат?

  • Базарда сатып алууга суроо-талап көп.
  • Атаандаштык дээрлик жок.
  • Тоңдурулган жана кайра иштетүү аркылуу алынган азыктарды узакка сактоого, алыс жакка экспорттоого болот.
  • Медициналык мекемелер жана коомдук тамактануу жайлары менен сүйлөшүп, даяр азыктарды өткөрүүгө болот.

ОТУРГУЗУУ ЫКМАЛАРЫ

– Чычырканакты кумгайрак же шагыл таш аралашкан жерлерге, ошондой эле асылдуулугу төмөн, бирок нымдуулугу жогору жерлерге отургузса болот. Тоо сууларынын боюна, суу сактагыч жана көлдөрдүн жээгине отургузууга да болот. Башкача айтканда, Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында өстүрүүгө ыңгайлуу. Кумдуу жерге тигилгендеринин тамыры дайыма ным болуп туруусуна кам көрүп, убак-убагы менен сугаруу талап кылынат. Мисалы, жайында 4-5 күндө, күзүндө 2 аптада бир.

1 гектар жерге 1250 чычырканактын көчөтү аралыгы 4x2 метрден болуп тигилет. Алардын 75-88 түбү аталык, калгандары энелик чычырканак болушу кажет. Эгер бакчага тигем десеңиз, анда 8-9 энелик, 1 аталык чычырканак алсаңыз болот. Аталык чычырканак мөмө бербейт, бирок энеликтерин чаңдаштырыш үчүн керек.

Көчөттү отургузуудан мурун корневин биостимуляторунун 5 граммын 10 литр сууга салып, көчөттү ал аралашмага 4-6 саат кармоо керек. Корневин тамырдын жанданып, бат өсүп кетүүсүн шарттайт. Көчөт үчүн чуңкурдун тереңдиги 35-40 сантиметр жана диаметри 40-50 сантиметр болот. Казганда чыккан топуракка 3-4 килограмм чириген кык кошулуп, аралаштырылат. Көчөттү чуңкурга салып, тамырын жайып отургузуп, кык аралашкан топурактын жарымы салынып, суу куюлат. Кайра да топурак ташталып, суу куюлат.

Чычырканактар үрөнү жана калемчелери менен көбөйтүлөт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2020-02-24 23:09:24
Жакшы!бул чычырганакты мурун иштетилбей калган жерлерди өздөштүрүп айдаса болчудай экен!
0
Шуру
2022-11-07 13:02:00
Саламатсызбы? Быйыл жазында тигиш үчүн кайсы айда алсак болот? Көк жардагы "Фрунзе" питомнигинин адреси, телефону кандай? Кантип байланышсак болот? Ишиңерге ийгилик каалайм!
0
№ 903, 20-26-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан