Бейне
Өлкөбүздүн 19 жылдык эгемен тарыхында 100 миң нускалык чекти кыргыз тилдүү гезиттердин ичинен “Супер-Инфо” басылмасы ашып өттү. Мына ушул гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов “баштан эмнелер өтпөдү, анда таман жыртыла баскан жана таракандар менен чогуу жашаган күндөр да болду” деп маегин баштады.
"ЖЫЛДЫЗДАРГА ТИЛЕК АЙТЧУМУН"
Биздин каармандын балалыгынын баёо күндөрү Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында өтүптүр. Окуучулук күндөрү тууралуу: “Апам үйрөтүп койгонбу, “4” алуу “2” менен барабар болчу”,- дейт. Андай учурларда күндөлүгүн ата-энесине көрсөткөндөн чочулачу. Анткени апасы жазалоо иретинде үй жумуштарын көбөйтүп коёр эле.
– Апам “менин уулум учкуч болот” деп көп айтчу. Ошондон улам болсо керек, согуш тууралуу тасмалардагы учкучтардай чачымды жылтырата артка тарап жүрчүмүн. Жайында жылдыз толо асманды карап алып, ар бир жылдыз учкан сайын “учкуч болсом” деген тилектеримди айта берет элем.
Мектептеги тели-теңтушунан бир мүнөз аны айырмалантып турчу. Ал математикага болгон кызыгуу эле. План боюнча мугалимдин өткөн сабагына канааттанбай, алдыдагы көнүгүүлөрдү чечүүгө куштар болчу.
– 6-класстан баштап математика менин “оорума” айланды. Тапшырмага берилген көнүгүүлөр аздык кылып, үйдө китептеги көнүгүүлөрдү биринин артынан бирин аткара бергенди адат кылып алгам. Азыр ойлоп көрсөм, ошол учурда эле кайсы бир маселени чечүүдө түрдүү жолдорду издөө сапаты менде түптөлө баштаган экен. Математика сабагына болгон дилгир мамилем мени 9-класстан кийин каржы тармагындагы окуу жайга тапшыруу каалоосун ойготту.
“КЕСИБИМ – ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ"
Ошентип, окуу жайга тапшырам деген биздин каарман Бишкекти көздөй жол алат. Өзү болжогон окуу жайында дал ошол жылы 9-класстын базасы менен абитуриенттерди кабыл алуу токтотулуп калат. Кайра айылга кеткиси келбеген жигит таякеси экөө шаарды кыдыра ылайыктуу билим алуу мекемесин издешет. Ошентип, алар электрондук эсептөө техникаларынын өндүрүшү боюнча адистик берүүчү политехникалык техникумга тапшырат.
– Сынактан өтүү кыйынчылык туудурган жок. Директордун орун басары эки-үч тапшырма бергенде аны оозеки чыгарып айтып койсом, “айылда да ушундай билим береби?” деп таң калганы эсимде.
“АЛГАЧКЫ ГЕЗИТ ҮЙДӨ ЖАРАЛГАН”
Кыйынчылыктарсыз ийгилик жаралбайт. Кылычбек мырза да көп кыйынчылыктарга туш болуп, анын жыйынтыгы жаңы гезит ачууга алып келет. Гезит чыгаруу идеясы каражаттын тартыштыгынан улам пайда болот. Үй-бүлөнү багуу үчүн пайда алып келе турган кайсы бир жумушту баштоо керек болчу. Себеби мурунку иштеген жеринде айлыкты учурунда бербей, аз-аздан бөлүп, жүдөтүп жиберишкен. Башкалардан көз карандысыз болуу тилеги да буга кошумча болот.
– Гезиттин алгачкы сандарын үйдө эле отуруп жасагам. Компьютерди болсо карызга алгам. Шаарда үйүм жок, батирде күн кечирип жүргөн кезибиз. Менин жумушума тоскоол болбойлу деп келинчегим кичинекей эки баламды алып сейилге чыгып кетчү да, кечке чейин жүрө берчү.
Астейдил отуруп, гезитке окурмандар кызыга баштаганда үйдө иштөө оор болуп, терезеси жок, араң эки киши сыяр бөлмөнү ижарага алат. Аны менен удаа редакцияга биринчи кабарчы келет.
– Аны жумушка аларда кеңсебиз даярдалып бүтө электигинен Бишкектеги ЦУМдун жанында жайгашкан сааттын алдында жолугушканбыз. Алгачкы кездерде өзүм кабарчы да, корректор да, дизайнер да, гезит сатуучу да элем. Сканворддон турган гезит бир жылдан кийин кызыктуу макалалар менен толуктала баштады. 2002-жылы 31-майда “Супер-Инфонун” алгачкы саны чыгып, эки жылдын ичинде алдыңкы гезиттердин катарына кошулду. Ошентип, 2006-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандагы эң көп нускалуу гезит статусунда келе жатат.
“ЖЕҢИШТИН ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ СЫРЫ”
Күн санап гезиттин нускасы жогорулаган сайын биздин каармандын дилинде “ошол деңгээлге татыктуубузбу?” деген чочулоо пайда боло баштайт. Бирок сыртынан оңой көрүнгөнү менен, ийгиликтин артында канчалаган эмгек жана кызматкерлердин уйкусуз түндөрү жаткан. Азыр “ошол кезде күндөп-түндөп иштеген адамдарыбызга терең ыраазымын” деген кепти көп кайталайт.
“АЛДЫДА БАГЫНТУУЧУ ЧОКУЛАР КӨП”
Ооба, “Супер-Инфо” гезит тармагында чоң жаңылыкты жаратып, окурмандардын арасында ийгиликтүү боло алды. Бирок Кылычбек мырза муну чыныгы ийгилик деп айтуудан алыс.
Айтканга оңой болгону менен, 100 миң эмес, гезитти 10 миң нускага көтөрүү же 50 эмес, 5 кишини жумуш менен камсыз кылуу сыйкыр таякча менен ишке ашчу жагдай эмес.
– Эгерде биздин иш тажрыйбабызды тоо деп элестетсек, анда мындай сүрөттөөгө болот. Жете электе тоо укмуштай бийик көрүнөт эмеспи. Акырындык менен алга жыла берсең, тоонун чокусуна да чыгасың. Бирок чокуга чыккан соң андан да бийик тоолордун бар экенин байкайсың. Муну менен биздин зор ийгиликтер али алдыда экендигин айткым келет.
“КАРЫЗДЫ КАЙТАРЫП БЕРЕ АЛБАДЫМ”
Каарманыбыздын башынан далай кыйынчылыктар өткөн. Алсак, Бишкекте Аскердик шаарчадан цирктин аймагынан орун алган кеңсебизге чейин бут кийиминин таманы тешиле баскан күндөрү... Паспортун күркөгө барымтага коюп нан алган учурлары... Анын бирин Кылычбек мырза жылмаюу менен эскерет.
1998-1999-жылдары жаңы үйлөнүп, жаңы балалуу болгон учуру... Ошол күндөрдүн биринде Ошко иштеп келгени барып акчасыз калып, мурун өзү тааныбаган айылдашынан 80 сом карыз алат. Баласы ооруп калып, шашылыш Бишкекке кайтууга аргасыз болуп, баягы карызды ошол бойдон кайтара албай калат.
– Ал эже мени тааныбаса да, ошол кезге салыштырганда чоң сумманы карматып кыйын абалдан чыгарганын унуткан жокмун. Азыр ошол карызды 10 эселеп, балким, 100 эселеп кайтарууга даярмын. Бул макала аркылуу ал эжени таап калармын деп үмүт этем.
Ошто жүргөн бир айлык сапарында жатаканадан бир бөлмөлүү батир алса, ал таракандарга толо болуп чыгып мазасын алат. Таза батирлерге тапкан каражаты жетпейт. “Таракандар каалагандай тайрактап баскан бөлмөдө түнү бою жарыкты өчүрбөй уктап, уулумдун бети-башын карап жаткан күндөр болгон. Таракан кулагына кирип кетеби деп коркчумун”,- дейт.
“АЗЫР БААРЫ ЭЛЕ САЯСАТЧЫ, БИРОК...”
Учурда элдин баары эле саясатчы болуп калгандай көрүнөт. Анын 99 пайызы акыл үйрөткөндү жана талап кылганды гана билишет. Биздин каарман жоопкерчиликти моюнга алып, белгилүү бир тармакта мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошсом деген тилекте саясат дүйнөсүнө баш багып турат.
– Жалпы калктын абалын төмөндөн жок дегенде орто деңгээлге чыгаруу зарыл. Калк байыса, ошол эле салык төлөөчүлөр көбөйө баштайт, аны менен аткаминерлер бир топ мамлекеттик маселелерди чече алышат. Элдин эсебинен жашагысы келгендер деле алыска кетпесин, арам тамак бир күнү тешип чыгарын турмуш өзү далилдеп койбодубу.
“ҮЙ-БҮЛӨМ – МЕНИН БЕКЕМ ТЫЛЫМ”
Жубайы турмушка чыккандан кийин журналистикалык жогорку билим алат. Бирок балдардын жана үйдөгү иштерди бүтүрүү милдетин моюнга алып, кесиби боюнча иштеген жок. Муну менен ал үйдүн ээсин бардык майда-чүйдө милдеттерден бошотуп, баштаган ишинен жыйынтык чыгарууга шарт түзүп берди. Үйдө ыңгайлуулук жана тынчтык өкүм сүрсө, үй-бүлө ээсинин ишинде ийгиликтер жаралат эмеспи. Каарманыбыздын Мухаммед жана Исабек деген уулдары бар. Балакайлар окуу менен катар сууда сүзүүгө кызыгышат. Бош убактыларынын көпчүлүк бөлүгүн бардык заманбап жаш балдар сымал интернет дүйнөсүндө өткөрүшөт.
“ГЕЗИТ САТКАН ЖЕРДЕН КАЙДИГЕР ӨТПӨЙМ”
Ар тараптуу билим алууну эңсеген адамдарга эл-жер көрүүгө кызыкдар болгон сапат да мүнөздүү. Биздин каарманды да мындай сапат кыйгап өтпөптүр.
– Убактың, мүмкүнчүлүгүң болсо, түркүн элди-жерди көрүүдөн өтөрү барбы? Көп эле өлкөнү кыдырып, далай элдин кулк-мүнөзүн, салтын байкап көрдүм. Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерде элинин сылык мамилеси жана Европадагы темирдей тартип өзгөчө таасир берди. Ар бир саякаттан идеясыз келбейм. Аларды иш тажрыйбамда пайдаланып да көрөм. Албетте, чет өлкөлөрдө жүргөндө гезит саткан жайларга кылчайып алмай адатым бар. Атүгүл Бишкекте деле гезит сатылып жаткан жерлерден көңүл кош өтө албайм.
“КЫЯЛЫМ – ЖОМОКТУ ИШКЕ АШЫРУУ”
– “ММКларды колдоо борбору” фондун түптөгөн маркум Андрей Миясаров: “Супер-Инфо” – Кыргызстандагы көп басылмалар үчүн “америкалык кыял”,- дээр эле. А мен үчүн “америкалык кыял” – дүйнөлүк коомчулуктун Кыргызстанды суктануу жана таң калуу менен таануусу.
Чет өлкөлөрдө жүргөндө кай жерден келгенимди сурагандар болот. "Кыргызстандан" деп жооп берсем, көбү "Курдистан" же "Туркистан" деп түшүнүшөт. Ошондуктан дүйнө эли "кыргыз" дегенди жазбай тааныган деңгээлге жетишибизди каалаар элем. Бул бир тобуна жомоктой сезилиши мүмкүн, бирок ага жакынкы 20 жылда жетишебиз деп эсептейм. Анткени 5 жыл мурун деле "Супер-Инфонун" бүгүнкү ийгиликке жете аларын көбү фантастика деп ойлошкон. Же Сингапур менен Малайзияны алалы. Алар деле 20 жыл мурун бүгүнкүдөй ийгиликтерди, жетишкендиктерди түшүндө да көрүшпөсө керек эле.
“Америкалык кыял” (англ. "аmerican dream") – АКШнын калкынын идеалдуу жашоосун чагылдырган түшүнүк. Бул сөз “менчик үй, жогорку маяналуу жумуш, кымбат баалуу машина, кадыр-барк” дегенди туюндурат. "Анын баарына адам өзүнүн күчү жана эмгеги менен жетишкен" деген түшүнүктү билдирет.
Эльвира Караева
koom@super.kg