Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЕЛЕНА ВОРОБЕЙ

№235 4-10-май, 2007-ж.


БАЛАЛЫК ЖАНА БИРИНЧИ ПАРОДИЯ
Елена Воробей 1968-жылы Белорусия мамлекетиндеги Брест чебинен анча алыс эмес жерде жайгашкан Брест баатыр шаарында туулуп-өскөн. Ата энесинин колунда жок болгондуктан, балалыгында жетишпестиктин даамын татып чоңоёт. Өспүрүм чагында оюнга тойбогон шок кыз болгонуна карабастан, кичинекей Лена мектепте эң жакшы окуган. Ошол учурда эле анда башка адамдарды тууроо шыгы бар экендиги байкалат. Пародиядагы биринчи каармандары окутуучу мугалимдери болуп, танапис учурунда алардын кыймыл-аракеттерин, баскандарын, сүйлөгөн сөздөрүн, үндөрүн келиштирип, атүгүл курбу-досторунун күндөлүк дептерлерине мугалимдин колу менен баа да коюп берчү. Елена кичинекей чагынан эле актриса болууну самаган. Бирок, ата-энеси улуу кызынын музыка мугалими болуусун каалап, 9-классты бүткөн соң Ленинград шаарындагы музыкалык орто окуу жайына тапшыртышкан.

БИЛИМ АЛУУ ЖОЛУНДАГЫ КҮРӨШ
Ар тараптуу таланттардын ээси, белгилүү пародист Еленага ата-энеси тандаган мугалимдик кесип жакпагандыктан, ал Ленинград театралдык институтун көздөй бет алат. Тилекке каршы, эки жыл катары менен сынактан өтпөй, студент болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Мунун дагы бир себеби, орто билими туралуу күбөлүгү жок эле. Кийинки жылы кайрадан керектүү документтерин топтоп, үмүттүн шооласынан кол үзбөй, сынакка дагы бир катышып көрүүнү чечет. Мүмкүн башка бирөө болгондо үчүнчү жолу тапшырууга аракет да кылмак эмес, а Ленанын окууга болгон каалоосу баарынан күчтүү эле. Ошол учурда анын жашы он сегизден ашып калгандыктан, амалкөй кыз туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жасалма маалыматтарга өзгөртүүдөн да кайра тартпайт. Жыйынтыгында, 1988-жылы кабыл алуу комиссиясына талантын далилдеп, Исаак Штокбонттун чеберчилик курсуна өтөт. Бирок, бир жылдан кийин өзүнүн устаты Исаак Романовичке сырын ачып, документтеринин кээ бирлери жасалма экендигин мойнуна алган. Бул иш эч кандай чыр-чатаксыз аяктап, 1991-жылы Елена Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунан эстрада, театр жана киноактёр кесибинин ээси болуп чыккан.

АТАК-ДАҢККА КАРАЙ ЖОЛ
1991-жылы А.Миронов атындагы актёрдук ырлар конкурсунда Елена күлкүлүү клоундун келбетин жамынып, биринчи ирет чоң сахнага чыгат. Кийин 1993-жылы “Ялта-Москва-Транзит” жаш аткаруучулар арасындагы конкурста алгачкы жолу өзүнүн ырчылык жана аткаруучулук жөндөмдүүлүгүн бүткүл Россия алдында тартуулап, андагы баш байгелердин ээси болуп кайткан. Тилекке каршы, кийинки убактарда чоң сахнадан көп көрүнбөй калгандыктан, тез эле унутта калуу коркунучуна кабылат. Жаңы ыр жаздырып, клип тарттыруу үчүн көп суммадагы акча керек эле.
1998-жылы Россия эстрадасынын примадоннасы А.Пугачёвадан “Рождестводогу жолугушуу” тасмасына тартылуу үчүн чакыруу билетин колго алат. Тасмага тартылуу Лена үчүн олжолуу болуп, көптөн күткөн тилеги орундала баштайт. Анын дарегине пародия аткаруу сунуштары түшүп, Алсуну туураган номери элге кеңири тарайт. Бул жолугушууларга катышуусу жана 2002-жылы “Юмор кубогун” жеңип алуусу Ленанын чыгармачылыгында атагын алыска тааныткан популярдуулуктун башаты болуп калды.
Ошол кезде Владимир Винокур өзүнүн театрына бардык жактан төп келишкен, эң башкысы, күлкүлүү көрүнүүдөн коркпогон таланттуу кызды издеп жүргөн эле жана бул орунга Ленаны тандап алат. Бирок, бул театрда Лена бир да күн иштеген эмес, себеби, биринчи эле “Левчик жана Вовчик” концерттик программасында чеберчилик менен аткарган пародиясын көрүп, “АРТЕС” маданият фондунун президенти А.Достман Ленанын талантына баа берип, жеке карьерасын көтөрүү үчүн келишимдин негизинде иш алып барууну сунуштайт. Мына дал ушул күндөн тартып чоң сахнадагы белгилүү жылдыздардын пародиялары, аншлагдагы тасмаларга тартылуу, репертуарындагы жаңы ырлар, киного тартылуулар... Андан көп узабай дүйнө жүзүнө гастролдук сапары башталат. Башка адамдардын кыймыл-аракетин эмес, үнүн келиштирүү эң эле татаал экендиги талашсыз. Ага карабастан, шыңгыр үн­дүү Валентина Толкунова, күчтүү вокалдык стилде ичке үнү менен ырдаган Лариса Долинадан тартып эркек кишилердин үнүн да келиштире окшоштурган Воробей ошол эле учурда күлкү жанрын да унутта калтырбай белгилүү жылдыздардын үнү менен өзүнүн сөзүнө жазылган сатираларды аткарып, популярдуулуктун тепкичинен бийикти көз­дөй бет алат.

ЕЛЕНАНЫН ВОРОБЕЙГЕ АЙЛАНЫШЫ
Елена Воробей сахна жыл­дызы, пародист, актриса, ырчы жа­на куудул экен­диги баарыбызга эле маалым. Бирок, анын өз аты тууралуу билбегендер да жок эмес.
Ленанын улуту еврей, ал эми өзүнүн фамилиясы Лебенбаум, бизче которгондо (leben – жашоо, baum – дарак) “жашоо дарагы” дегенди түшүндүрөт.
“Эмне үчүн Воробей деген атты тандап алдыңыз?” деген журналисттердин суроосуна: “Кичинекейимде эле мени мектепте таранчы деп коюшчу, мүм­­­­күн окшош болсом керек. Кийин талантымды сыйлаган, чыгармачылыгыма колдоо көр­сөткөн адамдар “сахнага башка ат менен чыгууң керек” деген кеңешти беришкен. Өзүмдүн фамилиям узун, жаттоого кыйын болгондуктан, эске жакшы сакталчу, кесибиме жараша күлкүлүү ат тандап алууну туура чечтим. Бала чагымдан эле белгилүү француз ырчы айымы Эдит Пиафтын талантын сыйлап, ырларын ырдачумун. Ал эми Пиаф деген француз тилинен которгондо “таранчы” дегенди түшүндүрөт эмеспи. Бул өзүмө псевдоним тандап алуумдун дагы бир себеби болду. Воробей деген атка мен арданбайм, тескерисинче, сыймыктанам”,- деп жооп берген.

ЖЕКЕ ЖАШООСУНАН
Ленинграддагы искусство институтунда окуп жүрүп, 18 жашында болочок күйөөсү Андрей менен таанышкан. Ошол күндөн тартып эле жылдыздары келишип, жакын мамиледе боло башташат. Көп узабай баш кошуп, бирге түтүн булатууга бел байлашкан. Тилекке каршы, түгөйлөр он жыл убакыт чогуу жашашса да балалуу болушкан эмес. Врачтардын Ленага койгон диагноздору дагы сүйүнтөөрлүк эмес эле. Бул ортодо от чагылуулардын биринчи себеби болсо, экинчиси, Ленанын чыгармачылыкты улантып, биротоло Москвага кетүү сунушун Андрейдин таптакыр четке каккандыгы болгон. Экөөнүн ортосундагы түшүн­бөс­түктөрдүн жыйынтыгы ажырашууга алып келген.
Атак-даңкка жетип, жылдыздар арасынан өз ордун тапкандан кийин Лена жеке жашоосунда Игорь аттуу мырзага жолугат. Жалгыздыктын дарысын тапканына сүйүнүп, андан Соня деген кыз да төрөп алган. Бирок, экөө­нүн мамилелери баш кошууга чейин жеткен эмес, себеби, Игордун башка үйбү­лөсү бар болчу.
Учурда кызы Соняга колунан келишинче жакшы тарбия берүүгө аракеттенип келет. Бир ай ичинде 22 жеке концерт берүүнүн өзү үйдө эс алууга таптакыр убакыттын жок экендигинен кабар берет эмеспи. Андыктан, кээде “кызым мени тааныбай калабы” деген коркунуч да жүрөгүнүн түбүндө жүрөөрүн жашырбайт. Бош убакыт табыла калса, Соняны ээрчитип алып зоопаркта, жаныбарлар сатылуучу дүкөндө, эс алуучу паркта сейилдөөнү жактырат. Келечекте турмушка чыгып, жакшы жар, көп балдардын мээримдүү энеси болуу – эңсеген тилеги.
Жакын курбуларынын курчоосунда балык уулоо, аларга өзгөчө тамактарды даярдап берүү, андан тышкары, клоундар менен таранчылардын сөлөкөттөрүн чогултуу – Елена Воробейдин жеке жашоосундагы хоббиси.

Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: