ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 24-ФЕВРАЛДАН 1-МАРТКА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Өз күчүңүзгө ишениңиз жана активдүү аракеттерге даяр туруңуз. Ар кадамды ойлонуп таштап, кемчиликтерди моюнга алып, комплекстерден арыла баштаңыз. Аптада каржы тартыштыгы сезилет. Туугандар чоң ишти бүтүрүүгө жардамдашат. Керектүү адамдын тилин таап, олжо өндүрүп алышыңыз мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жашооңуздагы оор мезгил аягына чыкты. Акырындап көндүм жашоо образыңызга өзгөртүү киргизе баштаңыз. Акыл-эс кампасын кеңейтүүгө, жаңы нерселерди өздөштүрүүгө киришиңиз. Каржы маселесин тажрыйбалуу адам менен акылдашып чечиңиз. Бойдокторго көптөн берки тааныш адамы сүйүүсүн арнашы мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптанын биринчи жарымында иштин көптүгү чарчатып, кээ бирлер менен уруша кетүүңүз мүмкүн. Апта ортосунда чогуу бир ишти бүтүрүп ортодон акча табуу сунушу түшөт, макул болуу кажет. Үйдү уурулардан сактап, сыртта буюм калтырбаңыз. Апта аягы эс алуу, жакын туугандарга конокко баруу менен аяктайт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Оор иштерди, жаңы долбоорду колго алуучу апта. Андыктан чөйрөдөгүлөрдүн көңүлү сизге бурулат. Баарын өз алдынча бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Сиз күтпөгөн жактан акча келип кубанасыз. Апта акырында балдар менен көбүрөөк болуп, аларды бир жактарга алып барып эс алдырасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Унаа жана үй сатуу-сатып алуу жаатында ийгиликтер коштойт. Кимдин мындай пландары болсо, аракетке өтүүлөрү кажет. Бир орунда иштеп, аз акча тапкандан жадагандардын кээ бири жаңы иш караштырышат. Жубайыңызга нааразы боло бергенден көрө жашоону өзгөртүү жаатында ойлонуңуз. Гардероб жаңыртасыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Иште күтүлбөстүктөр көп болот. Мүмкүн, кадрдык алмашуу жүрөт. Бирге иштешкендер менен тил табышып, оор иштерди оңой бүтүрүп алыңыз. Достор сунуштаган ишке макул болбоо керек. Убаракерчилик көп, жыйынтык аз болот. Бойдоктор сүйүү жаатында кескин чечим кабыл албоолору кажет. Өкүнүп калуу мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Айрым таразалар башка жакка көчөт же чет өлкөгө аттанат. Чыгармачылык ойлоп табууларды ишке ашырууга ийгиликтүү мезгил. Алдыда сизди кызыктуу таанышуулар күтөт. Маселени өзүңүз чечип, башкалардын кеңешин уга бербеңиз. Үйдөгүлөрдүн биринин ийгилигин белгилейсиздер.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Материалдык планда, сүйүү сферасында жакшы жаңылыктар күтүлөт. Жашоонун агымы менен болуп, жан дүйнөңүз самаган иш менен алектениңиз. Ата-энеңиздин же бир тууганыңыздын үй тиричилик иштерине жардам берсеңиз болот. Бак-дарак отургузуп, короону жашылдандыруу үчүн пландарды түзүңүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптанын девизи “жашоо оптимисттерди сүйөт” болмокчу. Майда нерселерге көңүл бурбаңыз. Айланадагы адамдар менен жакшы мамиледе болуп, компромисттерге баруу керек. Чөйрөңүздө жаңы адамдар пайда болуп, жаңы идеялар жаралат. Убактылуу сүйүү романынын жаралышына жол бербөө кажет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Тобокелге баруудан коркпогондорго гана ийгилик жылмаят. Бирок бирөөлөрдүн кызыкчылыгын аттап өтүп, элдин талкуусуна калууга жетпөө керек. Үйдүн жайлуулугу үчүн кам көрүп, эски эмеректерден кутулуу, жаңыларын сатып алууну пландасаңыз болот. Бир иштерден улам юристтен кеңеш аласыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Алдыда жасалчу иштер туурасындагы маалыматтарды тактап алыңыз. Болбосо ката кетип, кайра жасоого туура келип калат. Жан дүйнөңүзгө жакпаган адамдардан кутула баштоого убакыт келди. Сүйүктүүңүздүн иш-аракети кыжырыңызга тиет. Уруш чыгарбай, акырын эскертип койгон жакшы. Күмөн иштерге акча сарптабаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Бирөөлөр менен мамилени такташып, акыйкаттыкты орнотууга аракет кылууңуз мүмкүн. Оор жумушту жалгыз жасоого аракет кылбаңыз. Оору арттырып алышыңыз ыктымал. Күтүлбөгөн жерден жакшы саамалыкты белгилеген тааныштарга туш болуп, дос табасыз. Апта аягында жаңы киреше булагынын көзү көрүнөт.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 24-февралдан 1-мартка чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 903, 20-26-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан