25-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги 2019-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы жана 2020-жылга карата пландар тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү.
Жыйында учурда дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан коронавируска байланыштуу маалыматтарды министрлик жашырып жатат деген кептердин чын-бышыгы суралды. Суроого министрдин орун басары Мадамин Каратаев жооп берип жатып: "Коронавирус катталгандан Кудай сактасын. Эгер катталып калса, биз аны изоляция кылып, тиешелүү иш-аракеттерди көрөбүз. Биз буга максималдуу даяр болуп турабыз. Коронавирусту жашырып жатышат деген сыяктуу маалыматтар калп. Өзүңүздөр билгендей, мурун кээ бир маалыматтарды жашырып коюуга мүмкүн болчу, азыр мүмкүн эмес",- деди.
Вирус дүйнөнү дүрбөлөңгө салып турганда калктын саламаттыгы үчүн жооптуу министрликтин жетекчилиги “Кудай сактасын” деген сөз менен коргонуп жатканы, албетте, сындарды жаратты.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмү билдиргендей, учурда 146 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алардын 73ү кытайлыктар. Жалпысынан вирус аныкталган мезгилден тартып өлкө аймагына кирген 566 киши обсервациядан өткөн. Баарынын анализдери, мамлекеттик мекемелердин билдиришинче, таза чыккан.
Соңку маалыматтар боюнча, Кытайдан тышкары коронавирус катталган 31 өлкө аныкталды. Вирус 78 миңден ашуун адамга жукту, алардын көбү кытайлар. Көз жумгандардын саны 2760тай, ал эми айыгып кеткендердин саны 27 миңдей адам.
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg