Быйыл ажылык сапарга мурда барып жүргөндөр дагы, жаңыдан аттанып, биринчи жолу барып жаткандар дагы бирдей сумма төлөшөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирди.
“Мурда зыяратка экинчи жолу барып жаткандар 540 доллар төлөп келишсе, эми бардык жарандарга бирдей эле 350 доллар өлчөмүндөгү баа коюлду. Башкача айтканда, ажылыкка мурда баргандар дагы, биринчи жолу аттанып жаткандар дагы жалпысынан 3350 доллар төлөшөт”,- дейт бөлүм башчы.
Ажылык сапардын баасы 3350 доллар деп бекитилген. Маалым болгондой, быйыл Кыргыз өлкөсүнө 6110 орун бөлүнгөн.
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg