ҮРҮМЧҮДӨН КЕЛГЕН 40 КЫРГЫЗ СТУДЕНТ КАРАНТИНДЕН ЧЫГАРЫЛДЫ

Үрүмчүдөн келген 40 кыргыз студент 26-февралда ооруканадан чыгарылды. Алар 14 күнгө карантинге киргизилген. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Үрүмчүдөн келген кыргыз студенттеринин баарынын тең ден соолугу канааттандырарлык. Белгилей кетсек, студенттер алгач "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан тийиштүү кароодон өтүп, андан кийин медициналык жайга киргизилген. Карантин учурунда студенттер эки жолу текшерүүдөн өтүштү. Тесттин жыйынтыгы жакшы болуп чыкты. Ошондой эле карантин аяктаганга чейин студенттер бир гана дарыгерлер менен жолугушуп жатышты", - деди маалымат катчы.

2020-жылы 13-февралда Үрүмчүдө окуп жаткан кыргыз студенттери Алматы шаарынан атайын автобустар менен өлкөгө келишкен.

26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт мүчөлөрү коронавирус боюнча суроолорго жооп беришти. Ага катышкан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын билдиргенине караганда, 21-январдан 26-февралга чейин Кытайдан 1083 адам өлкөгө кирген. Анын 415и Кытайдын жараны.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан