БИР БҮРКҮМ. ЖУМГАЛ ЭЛИ ПИКЕТКЕ ЧЫКТЫ...

  • Кой-Таш окуясы боюнча иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.
  • Ажылык сапардын баасы 3350 долларды түздү.
  • Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Баткен облусуна барды.
  • Текебаев менен Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтү эки айга узартылды.
  • Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 262 ардагери калды.
  • Жумгалдын тургундары түндүк-түштүк жолун салып жаткан кытайлык ишкананын жумушчуларына каршы пикетке чыгышты.
  • Баткен жана Согди облустарынын ортосунда кызматташуу планы бекитилди.
  • Милиция Арстан Алайга карата ачылган жазык териштирүүсүн токтотту.
  • Республиканын аймагында коронавирус менен жабыркагандар катталган жок. 566 жаран медициналык көзөмөлдө.
  • Түркияда өтчү Көчмөндөр оюндарында көк бөрү тай казансыз ойноло турган болду.
  • Асеин Исаев Индияга кошумча, Кыргызстандын Бангладештеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
  • Президент Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну "Достук" ордени менен сыйлады.
  • Кыргыз жарандары үчүн Шенген визасын алуу боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди.
  • Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22 санитардык-карантиндик жай уюштурулду.
  • Өлкөдө 27-28-февралда туруксуз аба ырайы күтүлөт.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан