18-23-февраль аралыгында Индиянын борбору Нью-Дели шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу болуп өттү. Мелдеште кыргыз балбандары 11 медалга ээ болушту. Бул жылы балбандарыбыздын башкы максаты – Олимпиада оюндарына жолдомо алуу экени айдан ачык.
ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ. АЛТЫНГА БИР КАДАМ ЖЕТПЕЙ
Жылдын ири мелдештеринин бири болгон Азия чемпиондугунда Азат Эркинбаев жетектеген грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамдын 10 балбаны күч сынашып, анын бешөө медаль менен кайтты.
Мелдеш старт алган күнү 87 килограмм салмак чениндеги Кыргыз өлкөсүнүн учурдагы чемпиону Азат Салидинов килем үстүнө чыкты. Атаандаштарын жеңип финалга жол алган балбан финалдык беттеште индиялык Кумар Сунил менен кез келип, андан 5:0 эсебинде утулуп, күмүш медалга ээ болду.
Арыштуу кадамдарды таштап, ийгилик жаратып келе жаткан улуттук курамдын балбандарынын бири Жоламан Шаршенбеков (60 кг) удаасы менен үч беттешти утуп, финалда япониялык Кэнитиро Фумитого жеңишти алдырып жиберип, күмүш медаль тагынды. Ошондой эле балбандар Руслан Царев (72 кг), Роман Ким (130 кг) жана Ринат Ильяз уулу (77 кг) коло байгенин ээси болушту. Чемпиондукка мындан тышкары Сардарбек Конушбаев (55 кг), Тынар Шаршенбеков (63 кг), Марлен Асикеев (67 кг), Самат Чоноралиев (82 кг), Бексултан Махмудов (97 кг) катышышты.
Жалпы командалык эсепте грек-рим күрөшү боюнча улуттук курам 18 өлкөнүн ичинен 6-орунду ээледи.
КЫЗ-КЕЛИНДЕР КҮРӨШҮ. АЙСУЛУУ АЛТЫНДЫ ОЛИМПИАДАГА КАЛТЫРДЫ
Кезек кыз-келиндер күрөшүнө жетти. Чемпиондукка
Нурбек Изабеков жетектеген улуттук курамдан Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) жана Нураида Анаркулова (57 кг) барган. Курам командалык эсепте 51 упай топтоп, 6-орунда жайгашты.
Биринчи айлампада Айпери Медет кызы өзбекстандык балбан кызды 11:0 эсебинде утканы менен, 2-турда япониялык Хироэ Судзуки Минагавага 0:3 эсебинде утулуп, жарым финалга чыкты. Анда казакстандык Элмира Сыздыкованын үстүнөн таза жеңишке жетип, финалда кайрадан япониялык Минагавага 1:4 эсебинде жеңилип күмүш медалга татыды. Ал эми айтылуу балбан Айсулуу Тыныбекова Нур-Султанда өткөн Дүйнө биринчилигинде чемпион болуу менен бирге Олимпиада оюндарына жолдомо алып кыргыз элин кубандырган. Ага удаа эле бир аптада Түркияда жана Италияда өткөн турнирлерден алтын менен кайткан балбан кызыбыз бул жолу 3-орунду камсыздап, коло байге тагынды.
ЭРКИН КҮРӨШ. УДАА КЕЛГЕН АЛТЫНДАР
Чемпиондук башталган күндөн тартып Делиде Кыргыз желеги желбирей турган убакытты баары күтүп жатты. Алтынга бир кадам жетпей калган балбандарыбыздын кармашынан соң бул сезимдер ого бетер күчөдү. Бирок алтындар алдыда эле. Балбандар Азияны багындырды.
79 килограмм салмак ченинде килем үстүнө чыккан Арсалан Будажапов биринчи айлампада казак балбанын жеңип, жарым финалда ирандык атаандашынан алда кайда күчтүүлүгүн көрсөттү. Финалда индиялык Балиян Гоурав менен беттешип, чапчаң аракеттин аркасында 7:5 эсебинде жеңишке жетти. Күткөн убакыт. Жеңиш! Чемпиондуктун алкагындагы алгачкы алтын куржунда.
Эркин күрөш боюнча улуттук курамда 61 килограммга чейинки салмак ченинде Улукбек Жолдошбеков лидер болуп келет. Өткөн жылы Будапештте өткөн 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө чемпиондугун жеңген балбаныбыз Нью-Делини да багындырды. Ал беттеште мыктылыгын көрсөттү. Удаасы менен ири эсепте үч атаандашын жеңип финалга чыккан Улукбек тажикстандык Мухамад Икромовду тушеге басып таза жеңишке жетишти. Куржунда дагы бир алтын! Кыргыз желеги кайрадан бийикте!
Бул жеңиштен кийин дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтинги боюнча өз салмак категорияларында Улукбек Жолдошбеков 5-орунга жогоруласа, Арсалан Будажапов 10-катардан орун алды.
Ошондой эле бул чемпиондуктан Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг), Исламбек Орозбеков (70 кг) коло медаль менен кайтышты. Мындан тышкары мелдеште улуттук курамдан барган Нургазы Асангулов (65 кг), Бекжан Жамбулов (74 кг), Чыңгыз Керимкулов (92 кг), Магомед Мусаев (97 кг), Айаал Лазарев (125 кг) күч сынашса, Алигаджи Гамидгаджиев (86 кг) килем үстүнө чыккан жок.
Курам жалпы жыйынтыкта 114 упай топтоп командалык эсепте 5-орунду ээледи. Турнирге эркин күрөш боюнча 21 өлкө катышкан. Алдынкы бештиктен Иран (168 упай), Индия (159 упай), Казакстан (146 упай), Япония (140 упай) орун алды.
Улукбек Жолдошбеков, Азия чемпиону: “ЧЕМПИОН БОЛУУ КААЛООМО ООРУ ТОСКООЛДУК КЫЛА АЛГАН ЖОК”
– Мен Азия чемпиондугуна алтын үчүн баргам. Алгачкы кармашта казак тууганыбызды 4:1 эсебинде утуп алдым. Экинчи айлампада ирандык менен чыктым. Негизи кайда кезикпейин ирандык балбандардын күрөшүү ыкмаларын сезем. Алар залалдуу күрөшөт, эки жолу көзүмө колун түрткөндө коргонуп калгам, үчүнчүсүндө ага карата чабуул жасап жакын барганда бетиме беш манжасын сала берди, оозум канап, колу көзүмө кирип кетти. Көзүмдү кармап жатып калдым. Калыстар, баары чарчап калып жатып алды деп ойлошту. Алар көзүмдү көргөн соң бир аз убакыт берди. Ирандыктын максаты мени оюндан четтетүү болчу. Дарыгерлер келип карагандан кийин чыдап күрөштү улантып, 4:2 эсепте аны жеңдим.
Көзүмдүн ооруганы күчөгөндүктөн, беттештен четтесекпи деген ой болду, бирок чемпион болуу каалоомо оору тоскоолдук кыла алган жок. Агайым Руслан Маджинов да “күрөштөн ден соолугуң маанилүү” деп жатты. Мен күрөшөм деп туруп алдым. Акыры дарыгер бир дарыны тамызганда көзүм ачылып кетти. 1/2 финалдык беттешке чыктым, психикалык чабуул жасабасын деп индуска ооруп турганымды билгизген жокмун. Аны 5:3 эсебинде жеңдим. Финалда 3 мүнөт күрөшүп жеңишке жеттим. Гимн ырдалып, желек көтөрүлгөндө кубанганымдан көзүмдүн ооруганын деле сезген жокмун.
Эми жараатым айыкса эле алдыдагы Олимпиада оюндарына жолдомо үчүн турнирлерге машыгууларды баштайм.
Арсалан Будажапов, Азия чемпиону: “КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИН КӨТӨРҮП ЖАТКАНДАГЫ СЕЗИМДЕРИМДИ СӨЗ МЕНЕН ЖЕТКИРЕ АЛБАЙМ”
– Мени спортко 7 жашымда атам алып келген. Өзү дагы күрөшүп жүрчү. Атам бурят, апам кыргыз. Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыгып жеңишке жетишкеним үчүн сыймыктанам. Кыргыз желегин көтөрүп жаткандагы кубанычымда чек жок. Бул сезимдерди сөз менен айтып жеткире албайм. Азия чемпиондугу мен үчүн өтө жогорку деңгээлде өттү. Мен казак, иран балбандарын утуп, финалда индиялык балбан менен кез келдим. Атаандашым күчтүү болду. Бирок ага каршы тура алдым. Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн болгон аракетимди жумшайм.
Динара Акимова
sport@super.kg