Күттүм, ай” чыгармасы менен жумурай журтка таанылган ырчы Жонни сүйүктүүсүнө сөйкө салгандыгын кабарлады. Үстүбүздөгү жылдын күз айларында баш кошууга бел байлап, кубанып турган ырчы келечектеги колуктусу тууралуу буларга токтолду:
– Сүйүктүүмдүн аты – Айжан, 20 жашта. Учурда Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде окуйт. Өзү Бишкекте чоңойгону менен, жерлиги Жалал-Абаддан. Айжан мени тарбиясы, мүнөзү, сулуулугу менен арбап алды.
Экөөбүз 2018-жылы таанышканбыз. “Мария” деген ырыма клип тарталы деп баш каармандын ролуна кыз издеп калдык. Досторум Айжанды сунушташканынан социалдык тармактагы жеке баракчасына баш бактым. Чын эле клиптин көркүн ача турган татынакай кыз экен. Дароо жеке кат аркылуу ролду сунуштадым. Макулдугун бергени менен, кийинчерээк ата-энеси каршы болгонун айтып, клипке тартылуудан баш тартты. Бирок дос катары мамилебизди улап, байланышып турдук. 2019-жылдын жай айынан тарта кыз-жигит катары сүйлөшүп калдык.