ЫРЧЫ МИРБЕК АТАБЕКОВ КЫЗДУУ БОЛДУ

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабеков 26-февраль күнү 3-ирет ата статусуна ээ болду. Ырчынын жубайы Мээрим Төлепберген АКШда көз жарды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

– Достор, сүйүнчү, дагы бир кыздуу болдум. Мээрим, сага рахмат, азаматсың!

Кызым Жараткандын сүйүктүү пендеси болсун деген ниетте атын Сүйүү койдук. Бардык үй-бүлөдө сүйүү жашасын, кыргыздын саны көбөйө берсин,- дейт ырчы.

Айта кетсек, учурда ырчы үй-бүлөсү менен АКШда эс алууда жүрөт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 904, 27-февраль - 4-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан