Ырчы, композитор Эркин Мукашев учурда чыгармачылыктын үстүндө кызуу эмгектенип, казакстандык, орусиялык ырчылар менен иштешип жатканын айтат.
– Казак ырчысы Кайрат Нуртастын продюсери менен жакшы мамиледемин. Өткөндө Бишкекке келгенде жолугуп калдык. Ыр жазып берүүмдү суранышты. Эгер ырым жагып калса, Кайрат Нуртас аткармак болду. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Максатым – Казакстан эмес, Орусияга чыгуу.
Совет доорунан бери келе жаткан легендарлуу “Земляне” тобу сөзү, обону менен ыр жазып берүүмдү суранышты. Менин ырларымды угуп, кызыгып калышканын айтышты. “Ласковый май” тобундагы досум Андрей Гуров аркылуу байланышка чыгышыптыр. Бир нече даяр ырларымды угузсам, Юлия Руцкая ырдап чыккан чыгармама кызыгышты. Бирок ал ырды бере албастыгымды айттым. Учурда алардын буйрутмасынын үстүндө иштеп жатам. Андан тышкары орусиялык “Маленький принц” тобу да Светлана Назаренкого жазып берген “Дождь” деген чыгармамды аткармак болушту.