Лиза Боярская: «АКТЁРДУК ДИНАСТИЯНЫ УЛАНТЫШЫМ КЕРЕК»

“Таланттуу ата-энеден таланттуу балдар төрөлөт” дешет. Атактуу “Д'Артаньяндын” кызы 24 жашында көп нерсеге жетишкенге үлгүрдү. Орус кинематографиясынын жылдызы болгонго, бир эмес, төрт актёр жигиттин жүрөгүн жаралап, анын бири менен никелешкенге, дагы далай нерсеге жетишти. Эмесе, Лиза тууралуу...

КЫСКАЧА
Боярская Елизавета Михайловна
Туулган жылы – 1985-жыл, 20-декабрь
Туулган жери – Санкт-Петербург
Англис, немис тилдеринде эркин сүйлөйт
Ушул күнгө чейин 20дан ашуун тасмага тартылган
Үй-бүлөлүү, күйөөсү – Максим Матвеев

БОЯРСКИЙДИН КЫЗЫ ЭМЕС, ЖӨНӨКӨЙ ЛИЗА
“Кайсы жерге барбайын “Боярскийдин кызы” деген сөз ээрчип алчу. Бул нерсе мени кадимки жаш балдардай ойноого, көңүлгө жаккан нерсени кылууга, деги эле адамдык эркиндигиме тоскоол болгон. Кээде Боярскийдин кызы эмес, жөнөкөй гана Лиза болуп туулуп калбай деп капа болчумун”,- дейт ал.
Лиза – атактуу актёр Михаил Боярский менен актриса Лариса Луппиандын жалгыз кызы. Ата-энеси аны 13 жашынан баштап бийге, моделдик мектепке беришкен. Бирок “актёрдук династияны улайсыңбы?” деген ата-энесинин сөзүнө караманча каршы чыккан ал “Боярская эмес, жөн гана Лиза болгум келет” деп жооп берчү. “Тагдыр тамашасы же жеңил парыңыз менен-2” тасмасында Лизанын каарманы Надежданын “өмүр бою силердин айтканыңар менен болуп келем. Бийле дейсиңер, бийге барам. Кайсы окуу жайга, кайсы факультетке барарымды да силер чечесиңер. Бирок бир жолу өз каалоомду аткаргым келет” деген фразалары эсиңиздеби? Бул фраза Лизанын жеке жашоосуна тийиштүү экени айтылат. Ал алгач журналист болгусу келген. Журналистикалык даярдоо курсунда жүргөндө бул кесип ал үчүн эмес экенин туят да, сейилдеп жүрүп театрга кирип көрүүнү чечет. Биринчи жолу бул кесипти, ата-энесин түшүнүп, Лиза актрисалык кесип өзүнүкү экенин сезет. Актёрлук династияны уланткан Лиза – бул үй-бүлөнүн тарыхындагы онунчу актриса. Ошентип, Санкт-Петербургдагы Театралдык искусство академиясына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктайт.

ТИМУР БЕКМАМБЕТОВДОН АТАКТУУЛУККА ЖОЛДОМО
Лиза Боярская алгач драмалык актриса катары белгилүү болчу. 2005-жылы “Кудайдан кийин биринчи” тасмасында роль жараткан. Кийин атасы Михаил Боярский менен бирдикте “Сиз мени таштабайсыз” деген тасмада тартылган. Бирок ага атак алып келген тасма – Тимур Бекмамбетовдун “Тагдыр тамашасы же жеңил парыңыз менен-2” тасмасы. Ушундан кийин анын табышмактуу жылмаюусу гезит беттери менен теледен кетпей, актриса катары тааныла баштады. Ал эми 2008-жылы тартылган “Адмиралъ” фильминде аткарган Анна Тимирёванын ролу Лизаны дагы бир тепкичке жогорулата алды.

ЛИЗАНЫН СҮЙҮҮ КУРМАНДЫКТАРЫ
Сулуу, келишимдүү кызга кол сунгандар көп эле. Бирок Михаил Боярский “болочок күйөө балам күчтүү адам болушу керек. Мисалга, Юматов, Высоц­кийлерге окшош. Бир стакандан кийин кулап калган жигит менин күйөө балам болгонго татыксыз” дечү. Ушундай пикирди карманган актёр ата кызынын жеке жашоосуна жакшы эле кийлигишкен.
Лизанын биринчи сүйгөнү актёр Даниил Козловский кайна­танын элегинен өтпөй калып, аны менен кош айтышканга мажбур болгон. Андан кийин Лиза актёр Сергей Чонишвили менен тасма аянтында жолугуп, сүйүү рома­нын башынан өткөрөт. Негизи, Лиза тартылып жаткан фильминдеги өнөктөшүн чындап сүйүп каларын моюнуна алган. Бирок Сергейдин колунда жоктугу, улуту грузин экени жаштардын сүйүүсүнө жолтоо болгон. Атасынын кысымына туруштук бере албаган Лиза кайрадан сүйүктүүсү менен кош айтышканга аргасыз болгон. Ал эми үчүнчү жигити Павел Поляковдон Лиза өзү баш тартып койгонун айтышат. Сулуунун колун кармаган төртүнчү жигит – келишимдүү Максим Матвеев. Ал тууралуу кененирээк кеп болсун...

ТАБЫШМАКТУУ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙ
Эмесе, “мушкетёрдун” күйөө баласы анын талабына туура келеби, өзүңүз талдап алыңыз. Актёр Максим Матвеев “Саркечтер” аттуу тасмага тартылып, актёр катары таанылган. Анын аялы актриса Яна Сексте – атактуу Олег Табаковдун сүйүктүү шакирти. Күйөөсү менен Лизанын сүйүү романын Яна интернет булактарынан билген. Дагы бир таң калычтуу факт, Лиза менен Максим бал айын өткөрбөстөн, үйлөнгөн соң экөө эки шаарга сапар тартышкан. Үйлөнүү тоюнан кийин Лиза тасмага тартылуу үчүн Минскиге кетсе, Максим Москвада калган.
Сүйүктүү кызына арнап, Михаил Боярский баасы 12 миллион рубль болгон үй белек кылган. 80 чарчы метр аянтты ээлеген бул үй Санкт-Петербург шаарындагы атактуу Невский проспектисинде жайгашкан.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ABC
2010-09-08 12:12:18
Она и вправду очень красивая. Улыбка убивает любого самоуверенного мужика. Зубы тоже ровные, красивые. Удачи ей.
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан