КОЙ (21.03-20.04)
Окуялардын чордонунда болуп, жашооңуз жаңы түс алат. Киреше кирет, сиз күтпөгөн жактан жардам да келет. Акчаны чоң нерселерди сатып алууга топтоо керек. Бир тууган, ата-эне менен мамиле жакшырат. Кызганычтын айынан сүйүктүүңүз менен талашып-тартышып, досторуңузга да таарынууңуз мүмкүн.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жаңы нерселерди үйрөнүп, өздөштүрүүгө далалат көп болот. Айрымдар атайын курстарга жазылышат. Башка ишке өтүүгө сунуш түшөт, бирок үйдөн алыста жүрүп иштөөгө туура келгендиктен бул маселени акылдашып чечүү керектелет. Аласа-береселерди такташууну унутпаңыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иштеген жериңизде өзгөрүүлөр болот, жыйынтыгы сизге пайда алып келет. Достор кайсы бир иштер менен бир жактарга чогуу барып келүүнү сунушташат. Кызык адаты бар таанышыңыз менен мамилени токтотууга бир кырдаал себеп болот. Оюңуздагы буюмду арзан баада сатып алып кубанасыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта күтүлбөгөн окуя менен башталат. Өзгөрүүлөр материалдык абалыңызды бир топ оңдойт. Бирок ийгилик тууралуу мактанбай туруңуз. Интрига жана ушактар пландарыңыздын ишке ашышына тоскоол болот. Алыстагы тааныштар келип, алар менен убакыт өткөрөсүз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Моюнуңуз жар бербей келе жаткан иштерге киришүүгө туура келет. Мисалы, врачка көрүнүү, сергек жашоо образын кармануу. Сүйүктүүңүз сиздин керсейип, тоготпогон мүнөзүңүздү сындап, араздашуу жаралат. Үйгө туугандардын келиши сизди бир топ убарага салат. Акчалуу болуп, базар кыдырууңуз мүмкүн.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ийгиликке аз түйшүк менен жетүү жолдорун өздөштүрүү кажет. Керектүү адамдар менен мамиле түзүүдө эпчил, тапкыч болуу зарыл. Кыялыңыз ишке ашып, акча топтой баштайсыз. Маанилүү жолугушууну шейшембиге пландасаңыз ийгиликтүү болот. Ишемби күнү жакындарыңызга жардамыңыз керек болот.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үй тиричилик маселелерин чечүү талап кылынат. Бир нерселерди оңдотуп же жаңысын сатып келесиз. Жамаат менен бир иш-чараны өткөрүү үчүн даярдык көрөсүздөр. Дос деп эсептеген адамдардын баарына жеке жашооңузду ачыкка чыгарбаңыз. Алдап кетишет же ушак таратышат.
Аптанын биринчи жарымында баарлашуулар, көңүлдө калчу оң таасирлер көп болот. Балдарга пайдалуу нерселерди үйрөтүүдөн да рахат аласыз. Коноктун келиши күтүлүүдө. Аптанын экинчи жарымында сиз тууралуу туура эмес маалымат жеткизишкендиктен, жетекчилик сизди жекече сүйлөшүүгө чакырат.
Бир туугандар же ата-энеңиз материалдык колдоо көрсөтүүсү ыктымал. Тааныштар же коңшулар менен бир маселе боюнча акылдашасыз. Үйдү уурулардан сактоо үчүн бир жакка кетерде эшиктин кулпуланганын текшерүү керек. Достордун бири ийгилигин белгилөө үчүн кафеге же үйүнө чакыруусу мүмкүн.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жаздын башталышында негативдер позитивдерге орун бошото баштайт. Каражат маселеси акырындап чечилет. Максаттарга жетүү үчүн керектүү адамдарга кеңеш сурап кайрылуудан тартынбаңыз. Айттырбай келген конокторду тососуз. Айрым бойдоктор сүйлөшкөн адамы менен никелешүү күнүн белгилешет.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сырткы келбетке кам көрүп, комплекстерди жеңүүгө киришесиз. Жакын адамдардын ишеничинен чыкпоо үчүн сырды катпаңыз. Тырышып иштөөдөн улам жашоо шартыңыз жакшыра баштайт. Тааныштардын таасири менен гардероб жаңыртасыз. Алыстагы досуңуз белек берип жиберүүсү мүмкүн.
Жемиштүү апта болмокчу. Пайдалуу тааныштардын саны артат. Бизнес ачууну максат кылгандарга жетишерлик сумма табылат. Көп убада берген адамга ишеним артпаңыз, мамиле түзбөңүз. Апта аягында маанайыңызды көтөрүүчү окуя болуп өтөт. Жолугушууга чакыргандар да болот.