Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин вице-спикери: «САЯСАТТА ДА АЯЛДАР БАСМЫРЛАНЫП ТУРАТ»

Жаштайынан журналистиканын казанында кайнап, мамлекеттин тарыхын, бүгүнкү күнүн, элдин мүдөөсүн, келечек муундун көйгөйүн чагылдырып элдин назарында жүргөн Аида Касымалиева учурда жаш саясатчы, парламенттин вице-спикери. «Саясат мени сабырдуу болууга, эч кимге ишенбөөгө, экинчи тараптын оюн укмайынча чечим чыгарбоого үйрөттү» дейт ал. Депутат айым менен саясатка чейинки, учурдагы жашоосу, келечеги тууралуу кызыктуу маек курдук.

– Аида, саламатсызбы? Маегибизди сиздин балалыгыңыздан баштасак деп турам.

– Саламатсызбы? Өзүм Ош шаарында төрөлүп-өскөм. 4 бир тууганбыз, 2 кыз, 2 уул. Ата-энем бүгүнкү күндө да Ош шаарында жашашат. Атам куруучу инженер, апам китепканачы. Учурда Ош облустук китепканасын жетектейт. Өзүм болсо 7-класска чейин Ош шаарындагы Барпы атындагы мектепте, андан кийин Гагарин атындагы мектеп-гимназиясында окудум. Дал ушул гимназияда окуп жүргөндө англис тилин үйрөндүм. Үй-бүлөдө баары эле орус тилдүү мектептерде окушса, жалгыз эле мен кыргыз тилдүү мектепти аяктагам. Мунун кийин журналисттик кесибиме абдан чоң пайдасы тийди.

– Эмнеден улам журналисттик кесипти тандап калдыңыз эле?

– 9-класста окуп жүргөн кезде Ош ТВнын чакыруусу менен алпаруучу катары эмгектене баштадым. Апам китепканачы болгондуктанбы же өзүмдүн уялчаактыгымдан элге көп аралашпаганым үчүнбү, айтор, китепти абдан көп окучумун. Ушул нерселер журналистика багытын тандоомо себепкер болсо керек деп ойлойм. Анан да уялчаак мүнөзүмдү жеңүү үчүн адамдар менен көбүрөөк баарлашууга аракеттенчүмүн. Мектепти аяктаган соң ата-энем экономист кесибин сунушташканына карабай, башка жолду каалап Бишкекти көздөй келе бергем. Борбор Азиядагы Америка университетине же Кыргыз-Орус Славян университетине тапшырайын деген оюм бар болчу. Бирок ал жерлерде бюджеттик окуу бөлүмдөрү жок экен. Жыйынтыгында Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинде окуп калдым.

Аталган окуу жайда окуганыма эч өкүнбөйм. Ошол студенттик жылдарда эле профессор Чынара Шаршеевна Жакыпова менен иштешип калдым. IWPR (ред.: Тынчтыкты, өнүгүүнү жана демократияны чагылдыруу институту) аркылуу Лондонго макала жаза баштадым. Ошол кездерде «Азаттык» үналгысына өлкө боюнча чоң сынак жарыяланып, тандалып алынган 13 баланын арасында мен дагы өтүп, иштеп калдым.

– Чоң саясатка таштаган алгачкы кадамыңыз эмнеден башталды? Дегеле саясатка аралашуу идеясы качан пайда болду?

– Чоң саясатка аттануу тууралуу ой качан келгени эсимде жок. 2014-жылы «Азаттыктан» кеттим. Башкы кеңсеси Прагадан келип, телеканалдардын биринде «Ой ордо» берүүсүн алпарып жүрдүм. Телеканалда башкы продюсер болуп иштедим. Айтор, иш ордум тез-тез алмаша баштады. Ошол кезде саясатка аттанууга күтүүсүз жерден сунуш түшүп калды. Мен негизи чечимдерди тез кабыл алам. Эч кимге айтпастан ошол түнү эле макулдугумду бердим. Ата-энем дагы партиянын съезди болгон күнү гезиттерден окуп алып нес болушкан. Андан көп өтпөй үгүттөө иштери менен айылдарды кыдыра баштадык. Жыйынтыгында бир аз күтүү менен, парламентке 2017-жылы келдим. Мунун баары тагдырдын буйругу. 2016-жылы эгемендүү Кыргызстандын 25 жылдык тарыхын чагылдырган «Тарыхтын татаал ашуулары» деген аталыштагы даректүү тасмамды элге тартуулап үлгүрдүм. Өлкөнүн бардык завод, фабрикаларын кыдырып, ошол жылдарда мамлекетти жетектеген адамдар менен баарлашып, депутаттык ишмердүүлүккө даярдык, аналитика менен келдим. Мен үчүн журналистикадан саясатка өтүү оңой болду десем жаңылышпайм. Жогорку Кеңешке келип, депутат катары иштей баштаганда деле ишимде өтө чукул өзгөрүү болгонун байкаган жокмун. Себеби журналист деле, депутат деле элдин көйгөйүн көтөрүү менен алек.

– Депутаттык ишмердүүлүгүңүздө аткарууга жетишкен орчундуу иштериңиз тууралуу кеп уласак.

– Парламентте деле журналист кезде көтөрүп жүргөн маселелерди уланттым. Көпчүлүк учурда эл соттогу акыйкатсыздыктар, жалгыз бой энелердин укуктары, социалдык объектилердин курулуштары боюнча кайрылышат. Андыктан дал ушул багыттагы көптөгөн маселелерди чечүүгө жетиштим. Эң башкысы, калктын аярлуу катмары болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын багуучуларына айлык акы чегерүү маселесине демилгелештер менен бирге абдан көп чуркап, ишке ашырдык. Андан тышкары жөлөк пул боюнча көбүрөөк иштеп калдым. «2017-жылы ар бир балага жөлөк пул төлөнсүн» деген демилге көтөргөнбүз. Бирок ал демилге жарым-жартылай артка кайтып, ичинен болгону сүйүнчү пул сунушу гана ишке ашты. Эми кайрадан башка депутаттар менен чогуу аларды ынандырып, бул маселени көтөрүп жаткан чагым. Бул мыйзам ишке ашып калса, бир жарым жашка чейинки балдарга ошол эле 810 сом суммасында (тоолуу аймактарда коэффициент кошулат) жөлөк пул эч кандай документ топтоосуз эле бериле баштамак. Азыркы мыйзам боюнча, бир айлык кирешени үй-бүлөдөгү ар бир адамга бөлө келгенде 900 сомдон ашса жөлөк пул берилбейт. Биз бул цифраны 4800 сом деп өзгөрткөнү жатабыз. Анан да ички мигранттар, катталган жеринен гана эмес, жашаган жеринен жөлөк пул ала алышат. Мен бул мыйзам долбоорлоруна абдан чоң үмүт артып жатам. 1-июнга чейин ишке ашып калар деген үмүт чоң. Андан тышкары шайлоо боюнча бир катар мыйзамдардын үстүндө иштедик. Бир топ айым депутаттар биргелешип айылдык кеңештерге гендердик теңдикти сактоо максатында 30 пайыздык квота демилгесин ишке ашырдык. 2020-жылдан баштап Жогорку Кеңеште дагы айым депутаттын ордуна кайра айым келиши керек. Парламентте да 30 пайыздык квота бар болгону менен, сакталбай келет.

– Гендердик теңсиздик коомдо көп эле байкалат. Саясатта, Ак үйдүн ичинде бул маселе кандай экен?

– Бул коомдогу көйгөйлүү маселелердин бири. Саясат коомдун күзгүсү болгондуктан, мында деле теңсиздик бар. Мен айтат элем, саясатта аялдардын потенциалы толугу менен ачыла элек, айымдар басмырланып турат десек да болот.

– Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында депутатсыз, вице-спикерлик статустасыз. Коомчулуктагы «чимкириктер», «илита» деген өңдүү депутаттык корпуска жабышкан аттар сизди ардантабы?

– Негизинен саясатка «эл мени мактап, батасын берип гана турат» деген ой менен келбеш керек. Ар бир депутат ачуу сынга даяр болушу зарыл. Кыргызда «Жесе дагы оозу кан, жебесе да карышкырдын оозу кан» деген кеп бар. 120 депутаттын ичинде ар кандай адамдар бар. Татыктуулары көп. Бирок кээде бирөөсү эле кичинекей бир жерден жаза басып алса, баарыбыздын атыбызга көө жабылат. Ошондой учурда, албетте, жүрөгүң ооруйт. 2020-жылы парламентке татыктуу, жаңыча көз карашы бар, бизнесин коргоо үчүн эмес, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон гана адамдар келиши керек дейт элем. Ал үчүн эл добушун сатпашы керек.

– Парламенттик шайлоого барасызбы? Барсаңыз кайсы партия менен?

– Парламенттик шайлоого аттанганы турам. Көкүрөгүмдө бышырып жүргөн идеяларым көп. Бир багытты алгандан кийин кайра артка кайтууга болбойт. Бирок азырынча кайсы партия менен барам деген суроолорго так жообум жок. Өз позицияларымды талдап ойлонуп жаткан убагым.

– Саясатка багыт алганыңыздан кийин чыгармачылыгыңыз кандай абалда?

– Эртең менен саат 6да туруп, ойлорумду топтоп 3 барак күндөлүк жазмай адатым бар эле. Ошол адатымды кайра баштайын деп жүрөм. Бул аз да болсо чыгармачылык демди кармап турат деп ойлойм. Анан да маанайым түшкөндө, чарчаганда ойлорумду кагаз бетине түшүрүү менен эс алам. Саясат адамды стресс кылат.

– Стресстен кантип арыласыз?

– Сейилдеп бассам жеңилдеп, күчтөнүп калам. Медитация жардам берет. Анан албетте, спорт.

– Быйылкы жылы тапшырган декларацияңызга карасак, эч кандай кыймылдуу, кыймылсыз мүлкүңүз жок экен. Ишениш керекпи?

– Ооба, баары чочушту. «Эң жакыр депутат сен экенсиң» деп жатышты. Чындыгында 100 пайыз ошондой. Депутаттыкка чейин үй алгам. Ал үйдү алууда ата-энем жардам бергендиктен үй аларга жазылып калган, ошол себептүү декларацияга кирген жок. Азыр деле ошол үйдө турабыз. Андан бери эч кандай мүлк алган жокпуз. Жакында эле кредитке жөнөкөй 5-6 миң долларлык унаа алдык. Акысы төлөнүп бүтө элек. Жолдошум экөөбүз айлыктан айлыкка эле жашайбыз.

– Жакында эле интернет желесине коомдук транспортто бараткан сүрөтүңүз жүктөлүп, көпчүлүк талкуулап жатты.

– Биздин үйдөн кайын журтумдун үйүнө №4 троллейбус түз каттайт. Вице-спикер болгондон кийин иш күндөрү кызматтык унаам менен жүрсөм, ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорт менен эле жүрөм.

– Жеке жашооңузга кайрылалы. Жолдошуңуз, балдарыңыз, кайын журтуңуз тууралуу айтып берсеңиз.

– Үй-бүлөм бар, бир кыздын энесимин. Жолдошум Нарындан болот. Химик, академик Үсөн Асановдун небере келинимин. Кайын журтум тууралуу дайыма айтып келем, эң сонун адамдар, мени ар дайым колдошот. Дал ушул үй-бүлөнүн келини экениме абдан бактылуумун. Жолдошум Асан, кайын журтум мени колдоп турганы үчүн мен элдин жүгүн артынып иштеп келатам. Аялзатынын үйдөгү түйшүгүн саясатта деле эч ким алып салбайт да. Мен деле бардык аялзаты сыяктуу үй-бүлөмө кам көрөйүн, тамак бышырайын деп саат 6да үйгө шашып турам. Менин жолдошумдай түшүнүктүү эркектер өтө деле көп эмес, менимче. Кээде убагында тамагы даяр болбой калат, кээде кийими убагында үтүктөлбөй калат, иш сапарларга көп чыгам дегендей. Алардын баарына көз жумуп, дайыма түшүнүү менен карайт. Кээде катуу чарчаганда «саясаттан кетем» деп калам. Андайда Асан «жок, сен иштеп максаттарыңды ишке ашырышың керек» деп кубаттап турат.

Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан