КЫРК ЖЫЛЫ КАБАРСЫЗ КЕТСЕМ ДА, КЫЙКЫРЫП АЛДЫМДАН ЧЫГАРЫМ...

«Чөлдө араба, көлдө калсаң кеме экен,

Үшүсөң от, ысыганда жел экен.

Үстүңдө асман, астыңдагы жер экен,

Абдан алсыз, абдан назик неме экен.

Аял бирок айланганда энеге,

Кудуреттүү Кудайдан да кийинки

Кудуреттүү жалгыз гана эне экен!» деп акын Шайлообек Дүйшеев жазгандай, эне кудуретин сөз менен айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес. 8-март – Аялдардын эл аралык күнүн утурлай, апалар тууралуу кеп козгоп турабыз. Кыргыздын атактуу инсандары жарык дүйнөгө алып келген алп энелери тууралуу айтып беришти.

Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АПАМ КАЙРАТТУУ АДАМ БОЛЧУ»

– Апамдын аты Бермет, аны мен көп эстейм. 1999-жылы 5-декабрда 79 жашында дүйнөдөн өтүп кетти. Апам аябай кайраттуу, көп сүйлөбөгөн, калп айтпаган, принциптерине бекем аял эле. Көп сүйлөгөн кишилерди жаман көрчү. Теңтуштары тийишип бура сүйлөп калышса, кыска эле бир-эки сөз менен ордуна койгон адам эле. Дагы бир сапаты, адамды бир көрүп анын кандай экенин билип койчу.

Үч уулду апам жалгыз чоңойтту. Атам каза болгондо улуу агам 10 жашта, ортончусу 6 жашта, мен 5 айлык экенмин. Эркек балдарды катуу кармаш керек экенин билгендиктен катуу кармады. Жакшы тарбия берди. Апам «бул дүйнөдө эң кымбат байлык эмес, жакшы адам болуу. Болсоңор жакшы адам болгула, болбосо болбой эле койгула» дечү. Көп айткан дагы бир сөзү «бирөөнүкүн албагыла, тукумуңарга сиңбейт. Бирди алсаңар бештен айрыласыңар» дечү. Мен бир жолу мектептен келе жатсам жолдо 5 сом жатыптыр, алып келип апама айтсам «кимдики?» деп кыйкырдыңбы?» деди. «Жок» десем «ордуна алып барып кой» деди. Мен кайра ошол жол менен бара жатсам алдымдан классташым чыгып калды. Ага айтсам «жүрү 2 сом 80 тыйынга «Золотой ключик» деген конфет алабыз, ашканын коюп коёбуз» деди. «Макул» деп экөөбүз конфет алып, аны тең бөлүп чөнтөккө салып, калган акчаны ордуна коюп «кимдики эле, кимдики?» деп кыйкырып жатабыз. Кеч киргенде үйгө келсем апам конфетти көрүп калды. «Кайра барып ошол акчанын жанына төгүп кел» деди. Ошо момпосуйдан бирди да оозума салган жокмун, жегим келип турат, бирок апам таарынып калат деп жей албайм. Ал кезде асманда Кудай карап турат деген түшүнүк бар эле. Апам бизди ушундай катуу тарбиялады.

Аябай кайраттуу эле. Бир күнү жалгыз уюбузду уурдап кетишиптир. Алган киши да жинди, кыламык кардын үстү менен уйду жетелеп алып кетиптир. Уй менен кишинин изи турат. Изди кубалап агам экөөбүз артынан бардык. Агам «уюбуздун изи ушул жерге чейин келиптир, бергиле» деди. Үй ээси килейген, түрү суук киши экен. Урушуп, таяк менен уруп качырды. Таягы тиземе шак этти. Ыйлап жибердим. Кууп жиберди. Ошондогу ызам, ай! Жолдо келе жатканда агам «апама айтпа» деди, капа болбосун деп ойлоду окшойт. Ошол уюбузду уурдаган адам көп өтпөй кой союп жаткан жеринен чалкасынан сулк кулап өлүп калыптыр. Апама «эмнеге уйду издебейт?» деп таң калып жүрдүм. Сурасам «уурдаган кишини Кудай өзү жазалайт» деп койгон. Ушундай кайраттуу, чыдамкай, баатыр апам бар эле.

Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АПАМА КӨҢҮЛ БУРБАЙ КАЛГАНЫМА ӨКҮНӨМ»

– Көлдүктөр апа дебейт, эне дешет. Энекемдин аты Ажар. Эл аны «ак тамак Ажар» дешчү экен. Аябай сулуу болуптур. Энем Караколдогу драма театрдын актрисасы болгон. Айылга спектакль коюп келишкенде атам бир көрүп жакшы көрүп калат. Атам ал кезде башкарма болуп иштечү экен. Ортого улуу аксакалдарды салып жатып алып калыптыр. Ооз комузду энем аябай жакшы чертчү. Мүнөзү назик, жумшак, ошол эле учурда кайраттуу адам эле. Атам камчысын алып сабайын деп баштаганда өзү башын тосуп үн чыгарбай чыдап берчү экен. Аябай таза киши болчу, тасмалы дайым апакай болор эле. Эсимде калганы, бышырган боорсоктору барсайып сонун болчу.

Илгери чымылдактын гүлү бизде көп өсчү. Ошону банкага же вазага салып, үй дайым гүл жыттанып турчу. Алмаларды таң эрте үзүп келип терезеге коюп койчу. Ойгонсоң алма менен гүлдүн жыты айкалышып укмуш буркурайт. Бул балалыгымдын жыты...

Алты баланын энеси болду, мен тун кызымын. Бала көрбөй жүрүп көргөнгө атам мен төрөлгөндө эле баса калып катуу эркелетип чоңойтту. Баламын да, атамдын мээримине чулганып эле «ата» деп ойгонуп, «ата» деп уктаган кыз элем. Бүтүндөй дүйнөм атам болуп, энеме көңүл бурбаган экем, эми эстегенде ичим ачышып кетет.

Энеме өң-келбетим такыр окшобойт. Мен кара торумун, ал апакай, сулуу аял эле. Маркум Жамый деген сиңдим окшош болчу, неберелеримдин бирөөсүн окшоштуруп калам. Энемдин актрисалык талантын, чыгармачылыгын гана мурас кылып алган окшойм.

Энем 72 жашында каза болду, тагдыр экен, акыркы учурда көзү көрбөй калып бир топ кыйналды. Азыр да энемдин моюнунун жытын эстесем каңырыгым түтөп кетет.

Мирлан Мурзаев, футболчу: «АПАМ ДАЙЫМ МЕНИ КОРГОП ТУРУП БЕРЧҮ»

– Апамдын аты Жумагүл, үч баланын энеси, мен эң кичүү уулумун. Азыр 56 жашта, ардактуу эс алууда. Аялзатынын жаз майрамы келе жатпайбы, ошого карата жакшы белек берип кубандырам деп ойлоп жатам. Апам өзгөчө адам. Кичине кезимде сабактардан качып футболго кетип калган учурларда атам мени катуу урушчу эле. Апам болсо дайым мени коргоп туруп берчү. Мага болушуп «футбол ойносун, тамеки чегип же арак ичип көчөдө жүргөнчө спорт менен машыкканы жакшы» деп көп айтчу. Атам урушканда мени коргоп жүргөнү үчүн, тентектигимди жашырып койгону үчүн апама ыраазычылыгымды билдирем (күлүп).

Апам азыр ар бир оюнума тынчсызданат, көп учурда жанымда болот, формаларымды чогултуп, бутсыларымды иреттейт. Өзүм унутуп калган учурда бутсыларымды жууп берет. Атам экөө тең бир жакка кетип жатсам батасын берип узатып калышат. Кетип баратып далымдан ушунчалык жылуулукту сезем. Ал ата-энемдин ак ниети, батасы, жакшы тилеги болуш керек.

Кичине кезибизде бир окуя болуптур. Атамдын агасынын үч кызы бар. Эркек баласы болбогону үчүн атамдан мени багып алайын деп сураптыр. «Сенин эркек балаң бар, ушул балаңды мага бер» деген экен. Бирок ата-энем бербей коюптур. Мен чоңойгондо ушул окуяны айтып берип апам ыйлап жиберди. Ошондо «сени бербегенибиз жакшы болгон турбайбы» деген.

Апам токтоо, мээримдүү, алтын адам. Үйгө келгендин баарына өз баласындай камкордук кыла берет. Апа, майрамың менен, сени жакшы көрөм!

Элмирбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АПАНЫН ЭКИ ТАМЧЫ СҮТҮН АКТАЙ АЛБАЙБЫЗ»

– Мен жаз майрамын утурлай апамды сөзсүз эстейм. Биз бала чакта 8-март өтө маанилүү, абройлуу майрам болчу. Бул уникалдуу нерсе десем да болот, апам мени 49 жашында төрөгөн экен. Азыркы учурда бул курактагы аялдар төрөттөн качып калышат эмеспи. Менден башка дагы 4 баласы болгон. Апамдын аты Айтбү. Ар бир балага өз энеси жакшы көрүнөт эмеспи. Бирок апам башкача адам эле. Тууганчыл, сөздүн, адамдын, жашоонун баркын түшүнгөн адам болчу. Оозунан эч бир жаман сөз чыкчу эмес. Ал үчүн дүйнөдө жаман адам жок болчу. Өз заманынын гуманисти эле. Апамдын мүнөзүнө өтө таң калып кетчүмүн. Деңиздей кең, таза дүйнөсүнүн жанында өзүмдү алсыз, көр пенде сезип кетчүмүн.

Апам бизди жазалаганды мындай коюңуз, катуу айтып көргөн жок. Бир туугандарым «апам байкуш бизди үнүн катуу чыгарып урушкан да эмес экен» деп көп айтып калышат. Жумшак сүйлөп жеткире алчу.

Эки эркек бир тууганбыз, экөөбүздү жазалап, төпөштөп, тарбиялаган атам эле. Атам катуу, каардуу болчу. Ал кишинин кабагынан эле сестенип турчубуз. Апама менин келбетимди, жүзүмдү окшоштурушат. Мен уулум Эруланды апама окшоштурам.

Бул дүйнөдө бир улуу чындык бар: Эне менен баланын ортосундагы сүйүү гана чыныгы сүйүү. Атанын, албетте, орду бар, бирок бала үчүн эне өзгөчө бир дүйнө. Башка сезимдер өтүп кете турган, ишенип же ишенбей коё турган нерсе. Мисалы, аял менен эркектин ортосундагы же достук сезимдер.

Кымбат адамыңдын көзү өтүп кеткенден кийин бармак тиштеп калганың чоң арман экен. Апамдын көзү өткөндөн кийин көп нерсени сезип калдым. Убагында түшүнсөм кана?!

Эне үчүн эч нерсе кылып бере албайбыз, эмгегин акташ мүмкүн эмес. Биз эмес, пайгамбарлар «эне сүтүн актадыкпы?» деп жатышса, биз кайдан актадык деп айта алабыз? «Энем үчүн баланчаны кылып салдым» деген адам жаңылат. Эненин эки тамчы сүтүн акташ кыйын. Мен апама эч нерсе кыла алган жокмун. Болгону апамдын мага ыраазы болгонун сүйүнүп эстейм. Чекемден сылап, батасын берип жаткан кездерин эстегенде көкүрөгүмдө жылуулук пайда болот. Бир жолу Нур-Султан шаарында казак акыны Айнур Турсынбаева менен айтышып калдым. Ал соңку кайрыгын жыйынтыктап жатып «анасынан айналдым, Элмирбектей уул тууган» деди. Мен болсо «ошол сөзүң чын болсо, сүйдүрүп койчу ууртуңдан» деп жооп бергем. Ошол сахнада экөөбүз өбүшүп, анан айтыш бүткөн эле.

Ошол Айнурдун сөзү мени өзгөчө толкундаткан. Алыс жакта, казактын акын кызы «сени тууган апаңдан айландым» десе кантип толкунданбайсың?

Эркин Рыскулбеков, алпаруучу: «АПАМДЫН БЫРЫШТАРЫ...»

– Апам бүгүн бет май алды. Анын түшүнүгү боюнча кымбат бет май эле. «Бырыштар үчүн» деди апам. Сүйүндү... Мага бүт дүйнөдөгү бырыш кетире турган бет майларды саткылачы, апам үчүн баарын сатып алайын. Сатып алам, анткени апамдын жүздөгөн бырыштарынын ар бирин жазгым келет. Анткени ал бырыштарды биз – анын балдары түшүрдүк.

Апам өзү эч качан косметика сатып алган жок. Бизди гана ойлоду. Кайдагы косметика? Апа, сен өзүңө кийим да сатып албадың. Дайым бирөөлөрдүкүн, эже-сиңдилериңдин же курбуларыңдын эскисин кийчүсүң. Өзүң үчүн эмес, балдарың үчүн жашаган адамсың. Азыркыга чейин нан бышыргычтын добушу кулагыма угулат. Эсиңдеби, күн сайын нан жасачусуң. Эртең мененки тамакка эмес, сатыш үчүн жасачу элең. Маянадан маянага чейин дүкөндөрдөн карыз алчусуң.

А малина эсиңдеби, апа? Биз аны терип келип, базарда сатчубуз. Түшкөн акчага азык-түлүк алчубуз. Бактылуу болгонубуз эсимде, анткени малина өзүбүздүкү болчу. Ал эми кызылча биздики эмес эле, дунгандарга жалданып иштеп, бир күнгө 40 сом тапчубуз.

Мен гимназиядан каникулга келгенде светтин акчасы төлөнбөй Айна эже светти кесип кеткен. Ошондо ыйлаганыңды эч унутпайм. Кебезден жасап алган май чырагыбыздын жарыгында келечегибиз тууралуу ойлончубуз. Келечегибиз келди! Жаратканга рахмат, сенин дубаларың жана ишенимиң, ар убакта кайраттуу болгонуң үчүн бизге жакшы келечек берди. Сенин жаштыгыңдын, түйшүк салган бырыштарыңдын баасына келди. Жүзүңдө бырыш болгону менен, жүрөгүңдү бырыш баскан жок. Энелик жүрөгүң биз үчүн жол көрсөтө турган шам чырак. Сен бизди сүйүүң, камкордугуң менен адам кылдың. Апа, бардыгы үчүн рахмат! Сени жакшы көрөм...

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Bilal2014
2020-03-09 10:06:21
Эх кандай гана сонун сөздөр.
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-09 10:58:17
Эхх! Ыйлагым келди...
+2
airada
2020-03-11 01:52:12
Ыйлап алдым
+1
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан