Кичинекей Салиха Орозбекова төрөлгөндөн бери оору менен күрөшүүдө. Апасы айыктырып алсам деп учурда тызылдап чуркап жүрөт. «Үй-жай тургузалы деп жан үрөп иштедим. Кызым оорукчан төрөлгөнү үчүн күйөөм жана кайын журтум бизден баш тартты. Эки бала менен иштебей, туугандардын колун карап отуруп калдым» деген 28 жаштагы Перизат Созокбаева кызын дарылатуу үчүн элден жардам суроого аргасыз экенин айтат.
«КУРСАКТАГЫ БАЛА ӨСПӨЙ КАЛЫПТЫР»
Баланы дарылатып жатканыбызды укканда кайнатамдар жолдошума чалып «кызың жакшынакай эле экен, сүрөттөн көрдүк. Аялың жөн эле акча кетирип отурат. Биякка жөнөтүп жибер, келип баласын карасын» дешиптир. Чынында мен Москвада расмий иштегендиктен милдеттүү медициналык камсыздандыруу аркылуу өзүмдүн да, кызымдын да дарылануусу бекер болгон. Кыз 6 айга чейин дарыгердин көзөмөлүндө болсун дегенге карабай, жолдошум билет алып Кыргызстанга салып жиберди. Кыргызстанга келгендин эртеси күнү ыйлап аябай тынчы кетти. Сооротуп эмизип жатканда көзү аңтарылып калды. Коркуп дароо Базар-Коргондогу ооруканага алып бардым, саат сайын калтырап-титиреп жатты. Улам тынчтандыруучу дары сая беришти. Таң атканда калчылдаганы такыр токтобой калды. Эч кандай диагноз коё алышкан жок, анализ алган жеринен эле кан кете берди. Ошентип комага түшүп калды. «Кичине калтыроо менен келдик эле, абалын оорлоштуруп койдуңар» десем, дарыгерлер «сенин көңүлүң деп эле алып отурабыз. Кааласаң алып кете бер, өлсө колуңда өлсүн» дешти. «БАЛАМ МЕНИ БАГАБЫ ЖЕ ООРУКЧАН КЫЗЫҢ МЕНЕН СЕНИ БАГАБЫ?»
Ыйлагандан башка аргам жок, эмне кыларымды билбей отурсам кайнатам кирип «баланы ары-бери сүйрөп кыйнап жаткан сенсиң, аппараттарды суурутуп, кызыңа ыраазы болуп ооруканадан чык! Бул баары бир адам болбойт. Жарым жан бала менен өмүр бою балама эле жүк болосуңар. Балам мени багабы же оорукчан кызың менен сени багабы?» деп урушту. «Кудайым канча өмүр берсе ошону жашайт, мен баламдан баш тарта албайм» десем, «анда өзүңдөн көр, өзүң сүйрөйсүң. Баламды эмес, кызыңды тандадың, эми адам кылып ал» деп кетип калышты. Жолдошум да кошо кетти.
Кызым 12 күн дегенде көзүн ачты. Бирок денесинде эч кандай кыймыл жок. Бир ай жандандыруу бөлүмүндө жаттык. Жолдошум келип үйдөгүлөр менен урушуп кеткенин, Москвага барып иштээрин, ал жактан дарылатарыбызды айтып кетти. Ооруканадан чыккандан кийин жол жүргөнгө болбойт дешкенинен жакын жерден батир алып жашап калдым. Ата-энем каржылап жатты. Бир айдан кийин жолдошум байланышып, акча сала баштады. Ошто жашап жүргөндө өздөрү сурабаса деле небереңер жакшы деп жыйынтыктарды айтып кайненемдерге чалып турдум. Эки бала турганда жөн эле ажырашып кетпейин дедим.
«ЖОЛДОШУМ МОСКВАГА ЧАКЫРЫП, АРА ЖОЛГО ТАШТАДЫ»
Ыйлап-ыйлап, акыры бел байлап кызымды дарыгерге көрсөтөйүн деп, атама телефон чалып болгонун айттым. Малын сатып, акча кылып мага жөнөттү. Камчаткада иним, апам иштечү, ошол жакка кеттим. Кызымды жеке клиникага алып барып жаттым. 3 айда кызымды чет жакта алып жүрүүгө атасы берген макулдуктун убактысы бүтүп калды. Орусиядан чыгууга туура келди. Кайнатамдарга барсам «экөөң ажыраштыңар, эми башка келин алабыз» дешти. Мен эч нерсе деген жокмун, улуу баламды алып чыгып кеттим.
Декабрда ажырашууга сотко арыз жазгам. Күйөөм экөөбүз Сахалинде жакшы иштегенбиз. Менин айлыгым 70 миң, аныкы 50 миң болчу. Чыгаша кылбай кайнатама айына 100 миңден салып турчубуз. Кайнагам менен биригип машина алып бердик. Биз салган акчага үй-жайынын баарын оңдошту. 3 жерден жер тилкесин алганбыз. Андан тышкары үй курганга керек деп 400 кой алганбыз. Ошолордон үлүш тийсе, кызымды дарылатууга жумшайын десем, күйөөм мүлктүн баарын атасынын наамына өткөрүп коюптур. Кайнатам сотто «башында эле кыздан баш тартса, минтип азабын тартпайт эле. Эч кандай жардам бере албайбыз» деди. Жолдошумду жаракат алган деп, эч жакта иштебейт деген документтерди өткөрүптүр. Кызым 3 жашка чыкканча ооруганы үчүн деп 2000 сом, эки балага деп 3000 сом алимент чектеди. Бирок аны деле беришкен жок.
«ҮМҮТҮМДҮ КАНТИП ҮЗҮП ТАШТАЙМ?»
Балаң ооруп турса жанында жөн гана жүрө албайт экенсиң. Бишкекте Жалдагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып бардым. Ал жактан «5-6 ай мурун келгениңде дарыламакпыз, баш сөөк ачылса мээ сууну соруп алат, суу мээге аралашып кеткен» деп дарылоодон баш тартышты. Кайсы жактан болбосун шыпаа издеп калдым. Үмүтүмдү кантип үзүп таштайм?
«Бишкекте дагы бир клиникада күчтүү врач бар, ошол жерге баргыла» деп сунуштап калышты. Барсам «бүтүндөй калыбына келтире албайм, ден соолугунун үчтөн бир бөлүгүн кайтарып беришим мүмкүн. Бир курстук дарылоо 1000 доллар болот. Мындай оору менен кыйналып жашайт. Өмүр бою жөн гана баланын сөлөкөтүн багасың, паралич болуп жатып берет. Канчалык эрте дарылатсаң, ошончолук жакшы» деди.
Дарылатсам, жылыш болсо дегенде эки көзүм төрт. Каражаттын тартыштыгы кендирди кесип турат. Кызымдын оорусу менен күрөшүп, эки бала менен иштебей, туугандардын колун карап калган кыйын экен. Кызым ооругандан бери ата-энем малын, машинасын сатышты. Такыр болбой калганда насыя алып беришкен, азыркыга чейин төлөп жатышат. Жакшы врач, жакшы табып дегенди уксам эле барууга шашам. Кызым жакшы болсо мен деле иштеп өзүмдү, балдарымды өзүм каржылайт элем. Колу-буту тырышып жазылбай калат. Айласыздан интернеттен ушундай балдарга кандай укалоо жасаса болорун карап ушалайм. Ар кимдин өз көйгөйү бар, бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт экен. Ошого карабай тууган-уругум кол сунуп келе жатышат. Кызымды дарылатуу үчүн коомчулуктан жардам сурайм.
Динара Акимова
koom@super.kg