Нан катып калдыбы? Ырас болду, сухарь жасап кой. Нанды жука же төрт чарчы кылып кесип, электр мешине кытырак болгончо кызартып ал. Аны салаттын түрлөрүнө, борщ жасаганда пайдалана бересиң.
Сүт кычкылданып, ирип баратабы? Ырас болду, оладьи жасап кой. 1 даана жумуртканы чуңкур идишке чагып, 1-2 аш кашык кумшекер кошуп чалуу керек. Кийин 1-2 чай кашык көптүргүч (разрыхлитель) жана 200 грамм ун кошуп бирдей масса болгончо чалабыз. 200 миллилитр сүттү куюп, коюу массаны куймакка ылайыктап суюлтуп алып ысыган көмөч казандагы майга бышырып алабыз. Оладьи даяр!
Алма чирип баратабы? Как кылып, компот жасап сал. Алманы соолуп же жумшарып баратканда эле жука кылып кесип кургатып алуу керек. Даяр болгон кактан компот кайнатып алсаң болот.
#СуперҮкү #Үкүбай #Үкүбрат