“Биз вирустун кескин көбөйгөн учурунда, кооптуу абалда турабыз. COVID-19 эпидемиясы пандемияга өсүп жетилиши мүмкүн”,- деп билдирет Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус. Пандемия бүгүн планетанын 74 өлкөсүнө тарады.
“КЫРГЫЗСТАНДА ЭПИДЕМИЯЛЫК АБАЛ БАР”
28-февралда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска байланыштуу жыйында “өлкөдө вирус катталган жок, бирок эпидемиялык абал бар” деп билдирди.
2-мартка карата статистика
(Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаментинин маалыматы).
Учурда дүйнөдө өнүккөн көптөгөн өлкөлөр вирус менен күрөшүүдө. Кыргызстанда, башкача айтканда, медицинасы өнүкпөгөн биздин өлкөдө коронавирус каттала элек дегенге ишенесизби?
КОРОНАВИРУС (COVID-19) КӨП ТАРАЛГАН ӨЛКӨЛӨР ЖАНА ВИРУСКА КАБЫЛГАН АДАМДАРДЫН САНЫ (2020-жылдын 3-мартына карата)
КОРОНАВИРУС АЗ ТАРКАЛГАН ӨЛКӨЛӨР ЖАНА ВИРУСКА КАБЫЛГАН АДАМДАРДЫН САНЫ
• Исландия – 9
• Сан-Марино – 8
• Бельгия – 8
• Хорватия – 7
• Греция – 7
• Катар – 7
• Эквадор – 6
• Финляндия – 6
• Оман – 6
• Мексика – 5
• Алжир – 5
• Пакистан – 5
• Индия – 5
• Дания – 4
• Чехия – 4
• Грузия – 3
• Азербайжан – 3
• Орусия – 3
• Румыния – 3
• Филиппин – 3
• Индонезия – 2
• Бразилия – 2
• Португалия – 2
• Египет – 2
• Беларусь – 1
• Ирландия – 1
• Иордания – 1
• Марокко – 1
• Доминикан – 1
• Тунис – 1
• Сенегал – 1
• Нигерия – 1
• Түндүк Македония – 1
• Литва – 1
• Эстония – 1
• Монако – 1
• Люксембург – 1
• Украина – 1
• Ооганстан – 1
• Сауд Арабиясы – 1
• Шри-Ланка – 1
• Непал – 1
• Камбоджа – 1
• Жаңы Зеландия – 1
КОРОНАВИРУСТАН КАНТИП САКТАНЫП ЖАТАСЫЗ?
Айнура Токбаева, 39 жашта, Талас району:
– Вирустан сактануу жолдорун интернеттен, гезиттерден окуп билгенбиз. Ошого балдарды да жеке гигиенаны сактатууга тырышып жатабыз. Үйдө болсо терезелерди ачып, желдетип, тазалыкты сактоодобуз. Өзүм колду бат-баттан жууганга аракет кылып жатам.Жаныбек Жакшылыков, 24 жашта, Ат-Башы району:
– Биздин Кызыл-Туу айылынан Кытайга чейин 200 чакырым. Вирустан сактануу үчүн колду убак-убагы менен самындап жууп, спирт менен да тазалап жатам. Маска тагынган жокмун. Айылдагылар деле маскасыз жүрүшөт.Савринса Сыргатаева, 58 жашта, Базар-Коргон району:
– Адамдар вирусту өзүнө да, башкаларга да жуктуруудан сактанышы кажет. Колду бат-баттан жууп, мурунду суу менен чайкап, ысык сууну көбүрөөк ичип жатам. Иммунитетти көтөрүү үчүн жашылча-жемиштерди жеп, таза абада көбүрөөк болууга аракет кылуудамын.Кубанычбек Амиракулов, 49 жашта, Баткен району:
– Кудайга шүгүр, биз жактагы элде азырынча коронавируска кооптонуу жок. Андыктан маска тагынбай, мурунга дары май сүйкөбөй эле жүрөбүз. Ал вирустун элге жугушунан Кудай сактасын. Эгер жукса ансыз деле кыйналган элдин абалы оорлоп кетери бышык. Гүлжамал Асанкадырова, 26 жашта, Каракол шаары:
– Менимче, Ысык-Көлдүн тургундары вирус боюнча дүрбөлөңгө түшпөй эле, кадимки турмуш уланууда. Дарыканаларда бет каптын баасы 10 сомго кымбаттап, калбай калган учурлар бар. Жеке мен жана үй-бүлөм эшиктен келгенде колу-бетибизди самындап жууп, анан үй тиричилигине киришебиз.Гүлжигит Аалиев, 65 жашта, Бишкек шаары, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы:
– Коронавирустан сактануу үчүн санитардык-гигиеналык нормаларды сактап жатам. Жумушта медициналык маска менен жүрүү дарыгерлерде башкы талап. Жумуштан тышкаркы учурларда маскасыз эле жүрүп жатам. Элбарчын Муханмедова, 23 жашта, Ош шаары:
– Азырынча Ош шаарында дүрбөлөң деле жок. Өзүм маска тагынып, эл көп чогулган жерге барбай карманып жатам. Көчөдөн келгенде колу-бетимди тазалап жууп, бөлмөнү желдетип коём. Тааныштарга да жеке гигиенаны сактагыла деп жатам.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg