БЕГИМАЙ КАРЫБЕКОВА ГЕРМАНИЯДАГЫ МОДЕЛДИК АГЕНТТИК МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ

Модель, “Кыргызстан сулуусу-2017” сынагынын жеңүүчүсү, “Аалам сулуусу-2018” сынагынын катышуучусу Бегимай Карыбекова дагы бир жагымдуу жаңылыгы менен бөлүштү. Ал өткөн жылдын декабрь айында италиялык “Emporio Armani” брендине модель болгон. Эми Германиядагы «Louisa Models» аттуу ири моделдик агенттик менен кызматташа турганын билдирди. Бул тууралуу Карыбекова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

“Карьерамдагы дагы бир кубанычтуу жаңылыгым менен бөлүшүүгө шашып жатам. Мен жай жана туура кадамдар менен алдыга, бийиктикке чыгып баратам. Эми Германиядагы ири моделдик агенттиктердин бири болгон «Louisa Models» менен иштешем. Бул агенттик менен учурунда Моника Беллуччи да иштешкен”,- дейт модель.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Dani
2020-03-09 12:19:48
Бул кыз ырчы беле же адаштымбы?
-2
Jyldyzkg
2020-03-14 21:56:21
Dani,окуп тушунгон жоксунбу модель бул коз!!
0
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан