“ТУМАР КР” ТОБУ РУМЫНИЯДА ӨТКӨН СЫНАКТЫН ЖАРЫМ ФИНАЛЫНА ЧЫКТЫ

«Тумар КР” бийчилер тобу “Румыния таланттарды издейт” сынагынын жарым финалына чыкты. Кезектеги ийгилиги тууралуу топтун жетекчилеринин бири Саламат Абдырахманов айтып берди:

– Сынак 2019-жылдын күзүндө старт алган. Сынактын уюштуруучулары биздин "Робот шоу" аттуу бийибизди интернеттен көрүп, чакырышкан. Биз “жаңы номер даярдап баралы” десек, “ушул эле номерди койгула” дешти. Номердин музыкасын, костюмдарын, хореографиясын, имиджин бир аз өзгөртүп, жаңыртып бардык. Жыйынтыгы жакшы, жарым финалга чыктык. Калыстар “мындай бийди 10 жылдан бери көрө элек болчубуз” деп макташты. Сыймыктанып, сүйүнүп калдык. Жарым финал жазында болот, так датасы белгисиз. Буюрса, жакшы жыйынтык менен келебиз деген үмүттөбүз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан