Маектешим Аскат Мусабеков менен бир топ темада ой бөлүштүк. Сүйүү, үй-бүлө, ажырашуу, жоопкерчилик, анан албетте, чыгармачылык тууралуу ойлорго да орун берилди. Мындан ары кайгылуу сүйүү тууралуу эмес, бактылуу сүйүү жөнүндө чыгармаларды ырдагысы келип калган ырчынын маегине назар салыңыз.
– Кандайсыз? Кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Жакшы, рахмат. 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата Улуттук филармонияда концерт уюштуруп жатабыз. Ошол концертке даярданып жүрөбүз. Мындан тышкары жакында Самара Каримова экөөбүздүн дуэтибизге күбө болосуздар. Башка дуэттер да даярдалып жатат. Ушул жылы концерт берүү планым бар.
– Жакшы. Кайсы бир күнү Аскат Мусабеков имиджин, ырдоо стилин өзгөртүп салышы мүмкүнбү?
– Андай болбойт го. Салттуу музыка боюнча билим алгам. Ошондуктан ырларымдын баары кыргыз улуттук колоритинде кала берет.
– Башка жанрдагы музыкага кызыкпасаңыз да, кээде баам салып коёсузбу? Мисалы, азыр жаштардын кумири болгон Билли Айлиштин же бул жылы Орусиянын атынан Евровидениеге катыша турган “Little Big” тобунун ырларын угасызбы?
– Жок, укпайм. Бирок өзүмө жаккан, концертине барууну кыялданган чет элдик ырчылар бар. “Любэ” тобунун, Николай Басковдун концерттерине баргым келет. Бирок азыр андай мүмкүнчүлүк боло элек. Сергей Безруков катышкан спектаклдерге баргым келет. Аны кино жана театр актёру катары сыйлайм, жактырам.
– Театрга барууну жактырасызбы?
– Ооба, барып турам. Театр башкача дүйнө. Ал жактан эргүү алам, таасирленем, чыгармачылыгыма идеяларды табам. Театрга баруу керек. Элди да ошого тарбиялоо зарыл. Анткени театр адамдын дүйнө таанымын өстүрөт, жан дүйнөсүн байытат. Тилекке каршы, азыр жаштар көп барбайт. Негизи спектакль коюлат дегенде билеттердин баары сатылып, театрда орун калбай калышы керек. Бизде спектаклге караганда концерттердин билеттеринин баасы кымбат. Азыр ырчылар популярдуу болуп жатса, демек, ошол ырчылар коомду тарбиялап, театрга барууга үндөшү керек. Коомдун ырга болгон табитин тарбиялай турган да ырчылар. “Эл мындай ырды укпайт” дебей, орчундуу, салмактуу, мааниси терең чыгармаларды ырдашыбыз шарт. Ошондо классикалык, фольклордук концерттер коюлмак.
– Ырчылардын коомдогу орду тууралуу айтып берсеңиз...
– Жогоруда айткандай, биз коомду тарбиялай турган катмарбыз, коомдун күзгүсүбүз. Ошого татыктуу болушубуз керек. Азыр эки сөздүн башын араң бириктирген акын, жазуучулар кездешет. Аларга окшош ырчылар да бар. Мейрамбек Беспаев аттуу мыкты казак ырчысы бар. Мен анын күйөрманымын. Ошол ырчы маектеринин биринде “казак сахнасында баары аралашып калды” деп айткан эле. Бизде да ошондой, баары эле аралашып калды. Бирок акырындап иргелип келе жатат.
– “Салмактуу ырларды аткарып, коомду тарбиялаш керек” деген ырчылар да бар. Бирок жеңил ырлар жакшы кабыл алынып, интернетте көп кароого ээ болуп жатканы ичиңизди ачыштырабы?
– Кээде атаңгөрү дейсиң. Балким, теле менен радионун башында тургандар ушундай абал жаратып жатабы деп да ойлоп кетем. Анткени суунун башында туруп суу бөлүштүргөндөй эле элге ырларды тандап, тартуулаган ошолор да.
– Азыр шоу-бизнестин деңгээли кандай?
– Жакшы. Таланттуу балдар, кыздар көп. Мурункуга караганда окуп, нота таанып ырдап чыгып жаткандар арбын. Ошол кубандырат. Менин оюмча, өсүш бар.
– Кайсы жаш ырчыны баса белгилеп айта аласыз?
– Андайлар көп. Үнү да, өңү да, өзүн алып жүрүү маданияты да төп келген өнөрпоздор өсүп келе жатат.
– Өзүңүзгө көбүрөөк жаккан ырыңыз кайсы?
– Түгөлбай Казаковдун “Түнкү ырын” ырдап жүрбөймүнбү. Ошол ыр жагат, мааниси терең ыр. “Лейлини” жакшы көрөм. Акыркы учурда бактылуу сүйүү тууралуу ырдагым келип жүрөт. Багытымды бактылуу сүйүү ырларына бурсамбы деп турам.
– Бул жашооңузга бактылуу сүйүү келгенден улам болуп жүрбөсүн?
– Мүмкүн.
– Ал ким? Айтып бериңизчи?
– Жүрөгүмдүн ээси бар. Бирок ал тууралуу азырынча айтпайм. Убагы келгенде айтып берем.
– Сүйүү тууралуу сурайынчы анда. Чоңоюп, акыл токтотуп калганда сүйүүнү башкарса болобу?
– Бара-бара өзүңдүн аң-сезимиңди башкарганды үйрөнөсүң. Сүйүүнү да башкара алабыз деп ойлойм. Бирок так кесе “башкарса болот” деп айта албайм. Жыл өткөн сайын адам акыл калчап иш кылып калат да. Сезимге караганда акылга көп таянасың.
– Ырчы болууну кичинеңизден эле кыялданчу экенсиз. Азыр таанымал ырчысыз. Максатка жетүү үчүн эмне кылыш керек?
– Билим, эмгек керек. Кайсы бир максатка карай багыт алганда бардык учурда эле сен каалаган эшиктер ачыла бербейт экен. Көп аракет кылуу зарыл, көк бет болуш керек. Азыр максатыма жеттим деп айта албайм. Өзүмө бир жолго түшүп калган ырчы деп баа берем. Мага азыр көп нерсе жетпейт. Кемчиликтерим бар, алдыда көп мүмкүнчүлүктөр күтүп турат.
– Кайсы учурда максатыма жеттим деп айта аласыз?
– Искусстводо чек жок. Канчалык бийикке чыксаң, андан дагы бийик чокулар көрүнө берет. Агайым Улукмырза Полотовду мисал кылсам, анын шакирттеринин арасынан азыр 27 Эмгек сиңирген артист, 3 Эл артисти бар экен. Бул өзүнчө эле “Жылдыздар фабрикасы” болуп жатпайбы. Мен агайдын деңгээлине жетким келет. Бирок ал “азыр кайрадан 30-40 жашыма барсам, баарын мындан башкача кылмакмын” деп калат. Агай “Алтын фондго” Болот Миңжылкыевден кийин эле эң көп менин ырларым жаздырылган” деп айтып калчу. Ушул жетишкендиктерине карабай, дагы башкача ийгиликтерди жаратууну каалайт. Демек, адам ыраазы болуп, “ушул мага жетет” деп токтоп калбашы керек. "Мага жетет" деген учурда ал адам артка кетет.
– Коомдо ажырашуу көп. Үй-бүлөдө болуп жаткан маселелерге, ажырашууларга ким көбүрөөк жооптуу деп ойлойсуз?
– Ар бир окуяны өзүнчө алып кароо зарыл. Үй-бүлө урап калса, аны ошондой кабыл алыш керек. Бирок жашоо улана берет, балдардын келечеги, окуусу, тарбиясы бар. Бул үчүн ата жооптуу. Ата ал жоопкерчиликтен качпашы керек.
– Балдарыңызга кандай атасыз?
– Жакшы атамын деп ойлойм. Негизи эле жашоодо жумшак адаммын. Аны баары билет. Бирок бир тултуйсам жаманмын. Мени ага жеткирбеш керек (күлүп). Балдарыма да жумшак атамын. “Бул жакка баспа, тигини кылба” деп чектей бербейм, жайына коём. Балдарымды өзүмдүн жүрүм-турумум менен тарбиялагым келет.
– Жарандык никеге болгон көз карашыңыз кандай?
– Бул тууралуу ойлонуп көрбөптүрмүн. Бул кыргыздын менталитетине туура келбеген жорук. Түгөйлөр экөө тең жоопкерчиликтен качкан учурда жарандык никени тандашса керек. Эгер адам жоопкерчилик ала албаса, анда үй-бүлө куруп кереги жок.
– Маегиңизге рахмат!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg