2-мартта Бишкекте камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен митинг өттү. Тынчтык митинги деп башталган акция кечке жуук жүрүм-туруму түшүнүксүз адамдардан улам ызы-чууга айланып, аягы милиция жана атайын даярдыктагы жоокерлердин аскердик машине менен суу чачып, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, желим октор менен атуусу, жарандарды кууп таратуусу жана бир нече адамдын кармалышы менен бүттү.
ЖАПАРОВДОРДУ УГУШКАН ЖОК
1-март күнү Садыр Жапаров “провокация болот деген кооптуу маалыматтар келип жатат. Мен үчүн митингге чыкпагыла, маселени мыйзамдуу жол менен чечүүгө сүйлөшүү жүрүп жатат” деп абактан кайрылуу жасады. Бирок көпчүлүк 2-мартта "Ала-Тоо" аянтына топтолуп, бийликке талаптарын айтып жатты. Модераторлук милдетти Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев аркалап, сөз сүйлөгөндөр Жапаровду тез арада бошотулсун дешти. Чогулгандарды экс-депутат Жылдыз Жолдошованын “президентке жолугуп чыктык, иш мыйзамдуу чечилерине үмүт бар” дегени, саясатчынын агасы Сабыр Жапаровдун “тынч тарап кетели, үч күн күтөлү” деген сөзү тынчтандыра алган жок. Түшкү 12де башталган митинг макулдашылгандай кечки саат 5те бүткөн жок. Чогулгандардын бир бөлүгү “бийлик өкүлдөрү чыгып жолуксун” деген талап менен Ак үйдүн алдына агылды. Максаты түшүнүксүз бир нече аял Жогорку Кеңештин имаратынан чыккандын баарын алка-жакадан ала токтотуп, чаап, муштап, жаман сөздөр менен сөгүп, атүгүл тээп да үлгүрүп жатышты. Калк арасында “обон” атыккан мындай адамдардын максаты Садыр Жапаровду колдоо беле же анын атына көлөкө түшүрүп, элди эки жаатка бөлүү беле, түшүнүксүз бойдон калды. Учурда милиция кызматы бул аялдарды издеп жатат. Ошентип саат 18:00дөн кийин Ак үйдүн алдына, "Ала-Тоо" аянтына чогулган жарандарды күч түзүмдөрү күчтөп таратып, бир тобун кармап кетишти. Таштар ыргытылып, унаалардын жана дүкөндөрдүн айнектери талкаланды. ИИМдин маалыматына таянсак, бул тиреште 22 адам жаракат алды, анын 17си милиция кызматкерлери.
УКМК: БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУГА АРАКЕТ
УКМКнын маалыматы боюнча, митингдин айрым уюштуруучулары “бийликти күч менен басып алууга аракет кылды” деп айыпталып жатат. Алардын бири Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Айрымдары УКМКда сурак берип чыгышты. Азыркы тапта териштирүү уланууда.
ПРЕЗИДЕНТ: УЛЬТИМАТУМ ТИЛИ КАБЫЛ АЛЫНБАЙТ
Митингдин эртеси, 3-мартта президент Сооронбай Жээнбеков чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Президент өлкөнүн коопсуздугу башкы орунда экенин эскертти.
“Кечээ милиция кызматкерлери өз милдеттерин аткарышты, тартипти камсыз кылышты. Коомчулуктагы тынчтык баарынан жогору. Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт”,- деди Жээнбеков.
Учурда “тынчтык митинги болгон соң талаптарын айтып бүтүп, убагында тарап кетиш керек эле. Ызы-чуу салышып, Садыр Жапаровго кайра зыян кылышты” деген пикирлер көп айтылууда. Эгер чогулгандарга Ак үйдөн же эл өкүлү болгон депутаттардын арасынан бир-экөө чыгып жолугуп, арыз-арманын укса, эл тарап кетмек дегендер да бар. Айта кетсек, ал күнү Жогорку Кеңештин бир да депутаты митингчилерге кадам басып чыгып, арызын угушкан жок.
БИШКЕКТЕ МИТИНГ ӨТКӨРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАБЫ?
Мэрия Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салууну өтүнүп сотко кайрылганы жатат. Муну шаар жетекчилиги “Ала-Тоо” аянтындагы соңку окуядан жана коронавирустун алдын алуу максатында” деп түшүндүрдү. Укук коргоочулар бул сунуш Конституцияга каршы келерин, жарандардын укугун чектөөгө алып барарын бийликке эскертип жатышат. Буга чейин борбордук аянтта митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салуулар болгон, бирок биротоло тыюу салуу деген маселе көтөрүлө элек.
Ошентип бир нече жылдан бери салтка айланып калгандай Кыргызда жаз кайрадан митинг менен башталды. Дүйнө элдери учурда коронавирус аталган бат жайылуучу вирустан чочулап турган кези. Бийлик Бишкек мэриясынын колу менен дал ушул коркунучка шылтоолоп баш калаада митингдерге тыюу салып коё алабы? Андай кадам саясий жаздын тынч өтүшүнө кепилдик бере алабы, аны жакынкы келечек көрсөтөт.
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg