Шыкмаматов: “МИТИНГГЕ ТЫЮУ САЛАБЫЗ ДЕП ОТ МЕНЕН ОЙНОП ЖАТЫШАТ”

Саясатчы Алмамбет Шыкмаматов Бишкек мэриясынын борбордо митинг өткөрүүгө тыюу салуу аракетин от менен ойноого тете деп баалады. Экс-депутат "бул демилге эл ичинде чыңалууну күчөтөт" дейт.

“Мэриянын бул аракети туура эмес, битке өчөшүп көйнөктү отко салгандай иш. Ооба, кечээги митингде чектен чыккан аракеттер болду. Бирок аны шылтоолоп тыюу салабыз деген от менен ойноо. Жарандардын укугун чектеп Конституцияны, мыйзамдарды кантип аттап өтүшөт? Эл нааразычылыгын митинг аркылуу айтат, аны чектеген болбойт. Мен да убагында митинг уюштуруп жүргөм, бирок биз тазалыкты, коопсуздукту дайым көзөмөлгө алчубуз. Чагымчылдарга каршы атайын топ иштечү. Ал эми кечээги митингди башкара алышкан жок, ар ким каалаган сөзүн айтып чектен чыгып кетишти”,- дейт Шыкмаматов.

Саясатчы кичи мекени Нарынга барып аймактардагы элдин абалын сурап, маанайын көрүп келгенин, элдин маанайы жакшы экенин айтат.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан