Бишкектин четине 2017-жылы кулаган Боинг кырсыгына борттогу экипаж себепкер. Кырсыкты иликтеген Мамлекеттер аралык авиация агенттиги ушундай жыйынтыкка келген. Документтерге таянсак, агенттик иликтөөнү 2017-жылы 16-январда баштап 2020-жылы 17-февралда аяктаган. Комиссиянын жыйынтык корутундусунда “кырсыктын себеби – конууда учактын учуу траекториясынын абалына карата экипаж тарабынан көзөмөл болгон эмес жана экинчи айлампага кетүүгө өз убагында чара көрүлбөгөн” деп жазылат.
Аталган агенттик 2017-жылы иликтөөсүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялап, анда учактын капитаны учуп-конуу тилкеси менен байланыш жоктугун айтып, учакты экинчи айлампага кетирүүгө буйрук бергенин билдирген. Учакты экинчи айлампага жөнөтүү кнопкасы басылып, бирок 3,5 секунддан кийин аба кемеси жерге урунганы айтылган. Жерге тийген маалда учак саатына 305 чакырым менен келе жаткан.
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg