29-февралда Бишкекте VI Sports Awards-2019 жыл мыктыларын сыйлоо аземи өтүп, анда Кыргыз спортуна салым кошкон инсандар сыйланышты.
Сыйлыкты демилгелеп чыккан Динара Орозбаева спортчуларга, аларга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп келе жаткан меценаттарга ыраазычылык билдирди. Уюштуруучулардын айтымында, интернет аркылуу добуш берүүнүн жана эксперттик комиссиянын тандоосу боюнча жыл мыктылары аныкталды. Атай кетсек, Манас Ниязов “Мыкты улакчы”, Айсулуу Тыныбекова “Мыкты спортчу айым”, Улукбек Жолдошбеков “Олимпиадалык спорт боюнча мыкты спортчу”, Волейбол боюнча улуттук курама команда “Мыкты команда”, Бообек Тотошев “Мыкты машыктыруучу”, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов “Мыкты меценат” деп табылды. Мындан башка да бир топ спортчулар, машыктыруучулар жана спорт түрү боюнча федерациялар сыйланышты.
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg