РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТТУ АЧЫК ӨТКӨРҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ

Кой-Таш окуясына айыпталып камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков сот процессин ачык өткөрүүнү талап кылууда. Саясатчы 3-мартта кайрылуу жасап, "репрессиялар эч качан саясий-экономикалык көйгөйлөрдү чечкен эмес, чече да албайт" деп билдирди.

"Отуз жыл бою бийлик алданбагандардын артынан түшүп, куугунтуктап келди. Бүгүнкү күндө алдоо кыйын. Буга байланыштуу бийлик сотту жабык өткөрүүгө басым жасай баштады. Тышкы саясат жана экономика туңгуюкка такалды. Бийлик жумушсуздукту, билим берүүдөгү, саламаттыкты сактоо тармагындагы, пенсия берүүдөгү көйгөйлөрдү айткандарды куугунтуктоо менен абалды жашырууга аракет кылууда",- дейт Жээнбеков.

Айта кетсек, 3-мартта Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесстер башталды. Аталган окуя боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков баштаган бир топ белгилүү саясатчылар кылмышка шектелүүдө.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан