Каныкей, ырчы: "МЕНДЕ ДА АРМАН БАР"

Айылдан Бишкекке келген студент кыз троллейбуста баратып жарыгы күйүп турган жаңы көп кабаттуу үйлөрдү карап, “кандай адамдын Бишкекте үйү болот? Бул үчүн бактылуу болуп төрөлүш керек го” деп ойлоп жатты. Ачка-ток жүргөн күндөрү болду. Жатаканада, туугандардын үйүндө жашап жүрүп үйлүү болууну катуу тиленип койгон окшойт, көп өтпөй унаалуу, үйлүү да болду. Өзгөчө тембрлүү үнү, образы менен кыргыз эстрадасында жарк этти. “Заманыбыздын супер ырчысы” да аталды. Ал таланты, өз күчү менен жакшы жашоого татыктуу экенин далилдей алды. Бул – ырчы Каныкей.

– Каныкей, салам! Азыр жеке мектептердин биринде вокалдан сабак берип иштеп жаткан экенсиң...

– Салам! Ооба, балдарым төрөлгөндөн кийин “менин эмнем бар? Эмне кыла алам?” деп өзүмө суроо салдым. 3 жогорку билимим, катышкан фестивалдар, өткөргөн жеке концерттерим бар экен, дасыккан музыкант экенмин. Анан “бул жетишкендиктерим менен эмне кылсам болот?” деп көпкө ойлондум. Азыр жылдыздардын көбү бизнес кылууга умтулуп жатышпайбы. Менин акча көбөйтө калуу, ишкерлик кылып пайда табуу талантым жок.

Ал эми мугалим болуу такыр оюмда жок болчу. Болгону жакшы жерден жакшы сунуш түшүп калды. Азыр балдарга гана эмес, ырдагысы келгендин баарына вокалдан сабак берем. Көрсө, тажрыйбам, билимим менен бөлүшүп, башкаларга үйрөтө алат экенмин. Жан дүйнөңө жаккан кесипти аркаласаң, бир күн да иштебейсиң дешет го. Анын сыңары мага мугалим кесибин аркалоо жеңил болду. Окуучумду бир эле жолу угуп көрүп, кандай дарамети бар экенин баамдай алам. “Ырдай алат экенсиң же ырдабай эле коюшуң керек экен” деп айткан учурлар болот. Кудайга шүгүр, жакшы ырдаган окуучуларым бар.

– “Ырдай албайт экенсиң” деп бетке айтканыңда таарынып калышпайбы?

– Талант табияттан берилет. Айрымдарга талант берилген эмес. Буга таарынбаш керек. Бардык адамды ырдатса болот. Бирок ырдагандын өз эрежелери бар. 1 айда ырчы болуу мүмкүн эмес. Ырдагысы келген адамдын далалаты керек. Үн жылдап тапталат. Жок дегенде жарым жыл үзгүлтүксүз машыкса гана жыйынтык болот.

– Чыгармачылыкта акыркы жаңылыгың – Гүлжигит Сатыбеков менен биргеликте анын “Сагынам” деген ырын аткарып чыкканыңар болду окшойт...

– Гүлжигит Сатыбековду өз ишин мыкты билген гениалдуу музыкант катары эсептейм. Анын “Сагынам” деген ыры мага Американы эстетет. Ал жакта жашап жүргөндө жолдошум жумушуна кетип, үйдө жалгыз калчумун. Ошондо мекенди сагынып, куса болор элем. Ал учурда бул ыр жаңы чыгып, популярдуу болуп жаткан. Ырды укканда көз алдыма Кыргызстан элестечү.

Бул ырды Көлдүн жээгинде отуруп ырдап жатканымды социалдык тармактагы баракчама киргизип койгом. Гүлжигит байке көрүп калып, “жакшы ырдаптырсың” деп жазган. Жеке концертинде дуэт кылып аткардык. Эл жакшы кабыл алды. Бирок ырдын аудиоверсиясын жаздыра элекпиз. Жакын арада жаздырып, угармандарга тартуу кылалы деп жатабыз.

– Былтыр бизге берген маегиңде “сахнага жаңы Каныкей болуп кайтам” деп айттың эле...

– Турмушка чыгып, удаасынан бала төрөп, колу-бутум үй-бүлөгө байланып калды. Бала өмүр бою кичинекей бойдон калбайт эмеспи. Уул-кызым өз алдынча болууга үйрөнө башташты. Менин абалымды жаш энелер жакшы түшүнүшсө керек. Эне болуу оор түйшүк. 24 саат бою тынбай иштегендей болосуң. Чыгармачылыкка убакыт калбай калды. Анын үстүнө жан дүйнөмдү жарып чыккан чыгармалар да жарала элек. Жеңил-желпи ырларды аткарып чыккым келбейт. Буюрса, убактысы келгенде көкүрөктө жаткан максаттарым орундалат. Эми гана баш көтөрүп, өзүмө келе баштадым.

Концертте, тойдо жандуу ырдаш керек деген принцибим бар. Аппаратура начар болсо да жандуу ырдайм. Акчасын коротуп келген адам ырчынын үнүн кандай болсо, ошондой бойдон угууга акысы бар. Бул менин көз карашым. Элди фонограмма менен алдагым келбейт.

– Өзүң алданып көрдүң беле?

– Шоу чөйрөдө алдаган адамдарга туш болгом. Концерттин уюштуруучулары демөөрчүлөрдөн көбүрөөк акча алып, мага аз сумманы айтып койгон учурлар, тоюнда ырдатып, толук сумманы төлөбөй койгондор болгон. Беттен алып, аңкылдаган адамдардан эмесмин. Билип калсам да байкамаксан болуп, “ушундай адамдар да болот экен” деп жакамды кармап кала берчүмүн. Кийин ошол алдаган адамдардын жашоосуна күбө болдум. Өз көзүм менен бактысыз экенин көрүп, “көрсө, алдамчыларга Кудайдын жазасы бар турбайбы” деген тыянак чыгардым.

– Бала тууралуу да сөз болуп калды. Кандай апасың?

– Балага үйрүлүп түшүп, көзүн караган апалардан эмесмин. Таза болсун, кебезде жатсын деп үлпүлдөтө бербейм. Балага адамдын канчалык мээрими өтсө, Кудайдын ошончо каары өтөт дешет го. Баладан укмуштуу инсан чыгышын күтпөш керек. Мен жетпеген нерсеге балам жетсин деп максат кылган туура эмес. Бала төрөгөнүң, күлгөнүн, басканын көргөнүңдүн өзү бакыт. Эч качан “сени мынча акча коротуп бактым, сен мени бакканга милдеттүүсүң” дебеш керек.

Гарвардда, Оксфорддо окутушум керек деп өзүмдү курмандыкка чалып тырышпайм. Болгону алардын бактылуу болушун каалайм. Башкы максатым – колумдан келишинче жакшы тарбия берүү. Алар өз жолун өздөрү тандашат. Бул ойго жөн эле келген жокмун. Көптөгөн энелерге сыртынан баам салып, ой калчап, алардан жакшы нерселерди үйрөнүп, туура эмес нерселерин электен өткөрүп отуруп ушундай жыйынтыкка келдим.

– Үй-бүлөңдө дагы толуктоолор болушун каалайсыңбы?

– Текебер болгонум жок, бирок азыр көп балалуу болуунун заманы эмес. “Жарым кап унубуз бар, эптеп кыштан чыгабыз” деген илгерки замандан өттүк. Азыр ар бир бала көңүл бурууга мажбурлаган заманда жашап жатабыз. Экология бузулуп, дары талап кылган заман болуп жатат. Кудай уул-кызымдын өмүрүн берсин.

– Чыгармачылыкта жүрүп материалдык байлык топтогонго жетиштиңби?

– Материалдык байлык топтодум деп айта албайм. Менин биринчи байлыгым – апам, анын аман-эсен маңдайымда жүргөнү. Экинчи байлыгым – эч ким тартып ала албаган, сөзү, обону өзүмө таандык, жан дүйнөмдөн чыккан ырларым. Үчүнчү байлыгым – канымдан, жанымдан жаралган уул-кызым. Төш кагып бала төрөп койдум дебейм. Бул Жараткандын белеги болду. Эне да, бала да түбөлүктүү эмес. Бирок азыркы колумда бар эң маанилүү байлыгым ушулар.

– Телегейи тегиз адам болбойт. Өткөнгө өкүнгөн учурлар болобу?

“Буга жетпей калганыма, муну кылбай калганыма арман кылам” деген адамдарды түшүнчү эмесмин. Убакыт өтүп, менде да арман пайда болду. Жакын адамың тирүү кезинде баркын билбей, убакыт бөлүп сыйлай албай калат экенбиз. Ата-энем ажырашып кеткенден кийин атам менен катышып турчумун. 2010-жылы атам кырсыктан улам мезгилсиз дүйнө салды. Тирүү кезинде ага жакшы көңүл бура албай калганымды арман кылам. Көргөндөн көрө элегим толтура. Быйыл 33 жашка чыгам. Кудайдын мага берген ушундай күндөрүнө ыраазымын.

– Маегиңе рахмат! Чыгармачылыкта ийгиликтер жарала берсин!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
katerina.li
2020-03-09 09:41:24
Жакшы,акылдуу айым. Ар бир созу тизилген мончоктой ордунда. Бирок,кудай берген байлыгым дегенине уул-кызын айтып,куйоосу жонундо соз кылбаптыр. Ал байлык эмеспи,хи хи
+14
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-09 10:30:24
Башкача интервью болуптур.Бирок балага үйрүлүп түшпөйм деген менен эне деген баарыбир үйрүлүп тушот экенсиң.Билбейм, балалуу болгондон бери жашоону башкача көз караш менен карап калдым.
+10
Hadinura
2020-03-10 10:22:25
Baktyluu_bolgum_kelet,Кечириниз +басам депдеп -басып алыпмын
-1
Hadinura
2020-03-10 10:23:26
Baktyluu_bolgum_kelet,Кечириниз +басам депдеп -басып алыпмын
-1
Alia82
2020-03-09 13:30:40
Балага адамдын канчалык мээрими отсо, Кудайдын ошончу каары отот дегенди биринчи угушум жана тушуно албадым, же жок эле созбу бул...
+3
Bolotbekovna
2020-03-09 14:40:15
Alia82, кимди менден артык жакшы көрсөң сенден алып коём дейт го менин оюмча ушул сөздүн маанисинде айтты окшойт
+10
Nur777
2020-03-10 11:15:50
Alia82,негизи бул соз кыздарга тиешелуу деп уккам:"Атанын мээри тушкон кызга Кудайдын каары тушот" деп,б.а атасы эзилип жакшы коргон кыздар кобунчо бактысыз болушат дейт,билбейм аныгын...просто совпадение наверное.
+2
aizirek...
2020-03-09 15:59:38
мээрим тогуп эркелетип а дегенде эле баарын даяр кылып турсан ошого конуп алат да бала. анан чоноет. жаман жолго тушот.... (кудай сактасын) мээрим тогуш керек чеги мн да.
+6
BeStOne
2020-03-09 22:33:47
Менде да арман бар десе ажырашып кеттим дейт экен деп албай аярлап окуп аттым эле. Өзүнчө эле бир чыгарма окугандай болдум. Ар бир сөзүнүн артында канчалаган маани жатат...
+7
Mekusi
2020-03-10 11:00:41
Жашоонун манызын тушунуп жашаган адам экенсин! Каныкей бактылуу бол!
+3
Nurbany
2020-03-10 23:46:10
Эн сонун маек болуптур азаматсын Каныкей ийгилик Ден соолук каалайм
+1
al-abu-kinesz
2020-03-11 01:52:08
Каныкейдин ичинде Айтматовдукундай океан болбосо да дениз жаткандай сезиле берет. Женил желпи шарактаган ырчы айымдарга караганда озун салабаттуу алып журот.
+11
Diyana
2020-03-13 04:00:09
Бир эки ырчынын интервьюсун окугандан кийин,баарыле окшошкондор турбайбы деп калганлем. Суйлогон создору ордунда, акылдуу аял экен
0
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан