Бул жөнөкөй формула “Кумтөр” кенин иштеткен канадалык инвестордун каражатына түптөлгөн “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” ишиндеги өзөгү болмокчу.
Кыргыз өкмөтү менен “Центерранын” ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында былтыркы жылдын август айында республикабызда “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” түзүлгөн. Аталган фондго “Кумтөр” алтын кенин иштеткен канадалык инвестор Стратегиялык келишимдеги пункт боюнча 50 миллион доллар бир жолку төлөм которгон. Андан тышкары акыркы 3 жыл үчүн 11,1 миллион доллар которгон. Бул жыл сайын төлөнүүчү 3,7 миллион доллар көлөмүндөгү төлөм кенди эксплуатациялоо мөөнөтү аяктаганча улана бермекчи. Ушундай чоң көлөмдөгү гранттык каражат экологиялык маселелерди чечүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоо долбоорлорун ишке ашырууга багытталат. Каражаттарды бөлүштүрүү жана приоритеттүү багыттарды аныктоо шарттары тууралуу “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” төрагасы Улугбек Арстанбаев айтып берет:
– Бул каражат бир гана жаратылышты коргоо жаатына арналат. Башкача айтканда, кимдир бирөө коммерциялык багытты көздөп, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү долбоорун сунуштаса, ал сунуш таптакыр каралбайт. Бир гана келечекте экономикалык киреше алып келе алган экологиялык долбоорлорго көңүл бурулат. Мисалы, балчылык, токой жана бакча плантацияларын уюштуруу, кайра иштетүүчү заводдорду ишке киргизүү ж.б.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген конкурстук комиссия түзүлүп, ишке киришүүгө даяр турганы менен, азырынча экологиялык долбоорлорду кароого фонд кирише элек. Азырынча киреше алып келе турган долбоорлорду каржылоо механизми иштелип чыгууда. Каражат бөлүп берүү пайызсыз болгону менен, кайра кайтарып берүү талабы бар. Каржылоонун эң башкы талаптарынын бири – чектелген мөөнөт аяктаганча алган каражатты кайра фондго кайтарып берүү керек. Ал эми кайтарымсыз каржылоону (ишкананын жалпы бюджетинин 40%дайы) экологиялык маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана алыскы дотациядагы райондордо отурукташкан аймактар гана ала алышат.
Экологиялык долбоорлорду ишке киргизүүнүн дагы бир маанилүү учуру – бул биргелешкен каржылоо. Бул жерде фонддун жетекчилиги инвесторлордун колдоосуна ишеним артат. Ал эми Кыргызстан “Кумтөрдүн” эсебинен бир топ экологиялык маселелерди чечүүнү көздөйт. Мисалы, өлкөдөгү агынды тазалоочу курулуштар оңдоп-түзөөгө өтө муктаж жайлар (албетте, Ысык-Көл биринчи орунда), абанын булганышы (учурда Бишкек шаарында абдан актуалдуу), таштанды жана жашылдандыруу маселелери.
Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, аталган коомдук фондду түзүү келишими макулдашылган тапта эле Кыргыз өкмөтү “Центерра” экологиялык маселелерге деп которгон ар бир доллар максаттуу жумшаларына убада берген. Аталган фонддун жетекчилиги дагы “бөлүнгөн каржынын тиешелүү багытка жумшалышы катуу көзөмөлдө болот” деп ишендирет. Ошондой эле бул маселени атайын байкоочу кеңеш дыкат көзөмөлүнө алат. Ал эми долбоорлорду тандоо атайын конкурстук комиссиянын моюнунда. Аталган комиссиянын курамына биринчи вице-премьер-министр, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору, Финансы министрлигинин жана Экономика министрлигинин жетекчилери, парламенттин депутаттары жана коомчулуктун өкүлдөрү кирген. Эң башкысы, каражатты бөлүштүрүп берүү бюджет аркылуу жүргүзүлөт. Башкача айтканда, фонд дагы, комиссия дагы каражатка түздөн-түз кирише албайт. Бөлүнгөн акча багыттуу колдонулса, Кыргызстандын экологиясында олуттуу өзгөрүүлөр болоруна ишенерин айтат Улугбек Арстанбаев.
Ар бир жаран бул маселеге өз салымын кошсо, жыйынтык тез жана натыйжалуу болору бышык. Өкмөт Кыргызстанда иш алып барган кен иштетүүчүлөрдүн баарына “Жаратылышты коргоо фондуна” каражат которуу талабын коюуну ойлонуп жатат.