КОЙ (21.03-20.04)
Каржылык жаатта эч кимге көз каранды болбоого кылган аракетиңизди ийгиликтер коштойт. Өткөн жылдан калган маселелер күтүлбөгөн жерден жакшы жагына чечилет. Банктан же элден алган насыядан кутула баштайсыз. Болбогон нерселер үчүн өзүңүздү жей берүүнү токтотуңуз. Туугандар жаңылык айтышат.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башы бир топ чыңалууну жаратат. Өзгөчө чогуу жүргөн адамдар менен мамиле бузулат. Сүйүктүүңүз айткандарыңызга моюн толгойт. Кырдаал да пландарыңызды ишке ашырууга жолтоо болот. Аптанын экинчи жарымы үйдөгүлөр менен маселени чогуу чечүүгө, конок чакырууга ылайыктуу.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Өнөкөт бел, бут, кол оорулары козголбошу үчүн суукка урунуудан сактаныңыз. Эл көп жерге барбаңыз. Материалдык маселелерди чечип, үйдү тартипке келтирүүгө жетишесиз. Дос деп эсептеген адамдар менен тил табыша албай калууңуз мүмкүн. Психология, дин жаатында жаңы маалыматтарга ээ болосуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Буга чейин чечилишинен үмүтүңүз үзүлгөн маселелер чечиле баштайт. Тааныштар жардамга кол сунушат. Саясатка кызыгуу жана алыс жактагы тааныштар менен байланыш күчөйт. Үйдө жакшы абал, өз ара түшүнүшүү орун алат. Бойдоктор кол сунган адамынын буга чейин билинбей келген мүнөзүнө күбө болушат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада жашоого канчалык бышык экениңиз сыналат. Чыдамкай болуңуз, максатка өжөрлүк менен умтулуңуз. Карьерада өсүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбаңыз. Сизге жагымдуу адам менен мамилеңиз дагы жакшырат. Күтүлүп жаткан акчанын колго тийиши кыйын, андыктан үнөмдүү болуңуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Тиричиликке байланыштуу көп маселелерди чечүү керек болот. Мисалы, үй тиричилик техникаларын оңдотуу же койдуруу. Чарчап, кыйналуунун алдын алып, ишке көп күч жумшоонун кереги жок. Сүйүктүүңүз экөөңүздү бирөөлөр кечеге чакырышы мүмкүн. Үйдөгүлөргө бир топ акча жумшайсыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада бут чечпей иштөөгө туура келет. Үйдөгүлөр менен киреше-чыгаша, белек тууралуу акылдашасыз. Бир жакка баруу үчүн кийим жаңыртасыз. Достордун бири бир ишти бүткөрүшүп коюуну суранат. Айрым бойдоктор баалаган адамынын колун сураардан мурда мамилелерди дагы бир ирет анализдеп алуусу кажет.
Жакындарыңыз сизге жаңы мотивация берип, активдүү болуп чыга келесиз. Үйдө эмеректерди кайра жайгаштыруу, алардын сынган жерлерин оңдоо керектелет. Чогуу иштешкендер менен курч маселени талкуулоодо пикир келишпестиктер жаралып, чыр чыгат. Апта аягында көңүл ачууга же балдарга акча коротосуз.
Ийгилик тилкеси башталат. Жеке жашоо, бизнес жаатында жаңы пландарды түзүп, ишке кирише бериңиз. Керек учурда чөйрөдөгү адамдардан колдоо алуу үчүн аларды өзүңүзгө тартып, көңүлүн алып туруңуз. Туугандар дайындаган нерсени алып, берип жиберүүңүз ыктымал.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Пландалбаган буюмду сатып алуудан улам чөнтөгүңүз жукарат. Бир иштер менен башка айылга же шаарга барып келесиз. Пландар ишке аша башташы үчүн эч ким менен урушпаңыз, сындабаңыз. Алыстан келген бирөөлөр менен жолугушуңуз ыктымал. Жаракатка кабылбоого аракет кылыңыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кылган ишиңиз купулуңузга толбой, жаңы демилгелерди колго алууга умтуласыз. Айрымдар бут тосуп, жиниңизге тийишет. Уккан маалыматтардын чын-төгүнүн тактаңыз, арасында жалгандары бар. Ашыкча салмакка ээ болбоо үчүн ичкен-жегениңизди көзөмөлдөңүз.
Спорттук мелдешке катышкандарды, чыгармачыл адамдарды ийгилик жылоолойт. Аптада эмне иш кылсаңыз да мыйзам чегинде болушу зарыл. Болбосо тиешелүү жерлерге сурак берип каласыз. Жазга даярдык көрөсүз. Кошумча акчага ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырасыз.