Бек Исраилов, ырчы: “ФИРМАЧ” СТАТУСУНАН ТҮШКҮМ КЕЛБЕЙТ”

Окурман, сиз кыялдар ишке ашарына ишенесизби? Кыялданыңыз, ырчы Бек Исраилов кыялынын баары ишке ашып келе жатканын айтат. Андан тышкары чыгармачылыктагы, жеке жашоосундагы жаңылыктары менен бөлүшүп маек берди.

– Бек, ден соолугуң жакшыбы, ооруп тургандай сезилип жатасың?

– Акыркы 2-3 айдан бери белим ооруп кыйналып жүрөм. Белимдеги сөөк жылып кетип, баскан, кыймылдаган оор болуп жатат. Жакында операция болдум.

– Эмненин кесепетинен белиңди оорутуп алдың?

– Бала кезден эле футболго кызыгам, ойноп жүрүп жаракат алган экенмин, залалы азыр тийип жатат. 16 жашка чейин машыгып жүрүп, жаракат алгандан кийин чыгармачылык жолду тандагам. Ошол боюнча ырчылыкта келе жатам. Жакында студия ачтым, жаңы ырларды жаздырып жатам. Кавер долбоор ачканбыз, дүйнөлүк хиттерди жана кыргыз тилиндеги эски ырларды башка ырчылар менен биргеликте ырдайбыз деп турабыз.

– Түрктөрдүн “O Ses Turkiye-2020” долбооруна катыша турган болдуң эле, ал эмне болду?

– Долбоорго өзүм тууралуу маалымат жөнөткөндөн кийин чакыруу алгам. Түркиядагы туугандарыбызга уюштуруучулардын телефондорун бергенбиз. Долбоордон үч жолу чакыруу алдык. Барып биринчи турдан өткөм. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдык, экинчи туруна чакырабыз дешкен, бирок телефон чалуу болгон жок.

– Жандуу үн менен жакшы ырдайсың. Бирок шоу-бизнеске чоң кадам таштай албай жаткандай көрүнөсүң. Балким, бардык эле ырчылардай той менен чектелип калып жаткан жоксуңбу?

– Негизи ырчылыктын ар бир баскычынан өттүм деп эсептейм. Эл аралык чоң сынактарга катышып, кээде баш байге алып жаттым. Бир өлкөдөн келип, эки жумадан кийин кайра башка жакка учуп кетүүгө туура келген учурларым болду. Жарым жылда чоң төрт долбоорго катышкан кездер болду. Болгону хит ыр жарата албай жүрөм. Бул дагы Кудайдын сыноосу окшойт. Бүгүн популярдуу болуп, эртеси өчүп калчу хайп ыр жаратууну эмес, кыргыздын тарыхында жазылып кала турган белгилүүлүктү эңсеп жүрөм. Буюрса, ал дагы болот. Той деп кетпедиңизби, тойлорго барам. Бирок менин атайын “тойский” ырларым жок. Ырчыларда “фирмач” деген сөзүбүз бар. Ошол статусумдан түшкүм келбейт. Көп учурда англис, орус тилдеринде жана кыргыздын эски ырларын ырдап берем.

– Ырчы Анжелика айымдын концертинде ал ырдап жатканда капысынан сахнага чыга калып кошулуп ырдап кеттиң. Бул мурун чогуу ырдайбыз деп сүйлөшүлгөн беле же жардам берүү үчүн чыктыңбы?

– Сүйлөшүлгөн нерсе болчу. “Бактылуумун” деген ырын дуэт ырдайлы деп сунуш кылган. Болгону репетицияга катыша албай калып, даярдыгым жок болчу. Ошого элге импровизация сыяктуу көрүнүп калды.

– Атаң Жолдошбек Исраилов композитор, апаң Гүлмира Рыспаева акын эмеспи. Сенин ырчы болуп чыгууңа ата-энең өбөлгө болдубу?

– Балалыгым футбол менен өттү, кызыкканым ошол эле. Бирок үйдөн атам обон түшүрүп жатканын көрчүмүн. Үйгө атактуу инсандар көп келчү. Апама ыр, атама обон жаздырган атактуулар менен аралашып чоңойдум. 9-классты бүткөндө апам мени Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга жетелеп келди. Ал кезде уялчаак болчумун, эл алдына чыгып ырдоо оор эле. Ичине киргенде эле коридордон азыркы досторумду көрүп таанышып калдым. Ырчылар Максат Садырбеков, Адилет Азимов, "Чоро" тобундагы Нурболот Теңизбек, Каныкей, Нурлан Насип, Кумар Асанов, Жонни, ушулардын баары бир-эки жаш айырма менен чогуу жүрүп окудук. Мен ошол мектепке келгенде болочоктогу кесибимди эле эмес, мыкты досторду тапкан экенмин. Азыркыга чейин дос болуп, үй-бүлөлүк катышта жүрөбүз. Айрымдар “бир жерден чөп жеп жаткандан кийин атаандашсыңар” дешет. Жок, ар бирибиз өз жолубуз менен кеттик. Ар түрдүү стилде ырдайбыз. Анан ооруп калып окууну таштоого туура келген. Бирок кийин музыкалык окуумду уланттым.

– Кыргызча эски ырларды аткарып жатканыңды угуп, бул атаңдын же апаңдын сунушу болсо керек деген ой жаралды...

– Түгөлбай Казаковдун “Карындашым” деген ырын ырдап жүрөм, бул атамдын сунушу болгон. “Перизатты” өзүм жактырып калып ырдагам. Негизи кыргыздын эски ырлары “фирменный ырлар” деп эсептейм.

– Обонуна маани бересиңби же сөзүнөбү?

– Биринчи обонуна, андан кийин сөзүнө маани берем. Эң биринчи ырым “Айжаз кыз” деген ыр. Обону атамдыкы, сөзү апамдыкы. Апама мен көбүрөөк кайрылам. “Ушундай обон бар” деп ыр жаздырып алам.

– Үч эркек бир тууган экенсиңер. Чыгармачылыкка ыктап кеткени сен эле болдуңбу?

– Улуу агам гитараны мыкты чертет. Анын черткенине кызыгып жүрүп үйрөнүп алгам. Бирок ал кийин техникага кызыгып кетти, унаалар тууралуу укмуш билет. Иним ырдайт, спортко кызыгат. Атам техниканы жакшы түшүнгөн, спортко кызыккан жана чыгармачылыкка берилген адам. Анын ушул үч касиети үч уулуна жуккан экен.

– Аялдардын эл аралык майрамынын эртеси сүйлөшүп отурабыз. Жашооңдогу эң кымбат аялзаты кимдер?

– Кечээ жашоомдогу маанилүү үч айымды куттуктадым. Биринчиси – жарыкка алып келген, төрөгөн апам. Учурда жашоомдо чоң роль ойноп жаткан келинчегим жана келинчегимдин апасы. Андан тышкары бардык кыргыз аялдарын да куттуктайм.

– Жубайың Айжаркынды “продюсерим, ырларымдын автору, стилистим” деп айтып каласың. Бир айым ушунча кызматты аткара алабы?

– Айжаркын аябай таланттуу адам. Үйдү кармаганга да, чыгармачылыкка да жетишет. Кээде илхом келип кеткенде ыр чыгарат. Бир жолу идиш жууп жатып “ушуну угуп көрчү, ыр чыгардым” деп калды. Аккордго дароо түшүрдүк, англис тилинде сөзүн да жазып жибериптир. Жакшы ыр болду, эми студияда анын үстүнөн иштейин деп турам. Кечирип коюшсун, азыркы көп ырчы кыздарга салыштырмалуу келинчегимдин үнү аябай жакшы, жакшы да бийлейт. Албетте, жарым жылаңач болуп алып ырдап чыкпайт. Эгер жан дүйнөсү үчүн ырдайм десе колдойм. Экөөбүздүн ырларыбыз бар. Тар чөйрөдөгү тойлорго чакырып калышканда экөөбүз барып чогуу ырдайбыз.

– Анда эки эсе төлөп калбайбы той ээси?

– Жок, андай оюбузга деле келген эмес. Той ээси чакырып, жаккан ырын суранса ээрчишип барып ырдап кете беребиз.

– Кыялыңдагы бардык нерсеге жеттиңби?

– Ишенесизби, бала кездеги кыялым майда-чүйдөсүнө чейин орундалды. Кээде таң калып кетем. Кызыгы, бала кезибизде “Элес” тобу популярдуу эле, ошол топ менен ырдасам дечү элем. Ал кезде бул кыялым ишке ашпай тургандай сезилчү. Бир жыл мурун “Элестин” курамына мен да кошулуп, 2-3 концерт бердик. Кыялданыш керек, бул ишке ашат экен.

– Маегиңе рахмат! Кыялдарың орундала берсин!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Jaka78
2020-03-16 11:19:12
Азамат,уну жакшы,мыкты деңгээлде ырдайт.
0
tavanova.sarah
2020-03-16 11:19:21
Бул дагы Даирге окшоп мактанчаак))
+2
mela
2020-03-16 15:10:09
90% врчыларга караганда мыкты ырдайт.Чыныгы музыканын адамы. Укмуш ырларды жаратчу инсан.
+2
Stervashka
2020-03-16 16:14:55
Мага аябай жагат ушу бала! Бактылуу бол келинчегин менен, коп коп балалуу болгула!
+1
fanatka19
2020-03-16 16:29:30
Бул фирмачтын зит ыры барбы?
0
pochanta
2020-03-18 11:07:46
Нормально деле ырын жок
0
№ 906, 12-18-март, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан