2020-жыл көк бөрү дүйнөсү үчүн өзгөрүүлөр менен башталды. Жыл жаңыргандан бери улакчылардын биринин трансфердик секирүүсүн “аш кылып” бүтө элегибизде экинчиси команда алмаштырып, күйөрмандарды таң калтырууда. Бул жылы командалардын тизмеси дээрлик даяр болуп калганда коронавирус чуусунан улам “Нооруз” турнири белгисиз мөөнөткө жылдырылганы кабарланды. Биз Жогорку Лиганын 6 командасынын курамын алдыда дагы жылышуулар болушу мүмкүн экенин эске алуу менен тааныштырабыз.
Жылдын башында “Достук” командасынан экс-капитаны Таштемир Майлыбашевдин кеткени көк бөрү сүйүүчүлөрү үчүн күтүүсүз жаңылык болду. Кийинчерээк Белек Мукаев, Жоодар Жолчу уулу жана Бауш Султанбековдун да “Достуктун”курамында оюн улантпай турганы белгилүү болду.
“Достук” командасынан кеткендердин орду Таласбек Дүйшалиев, Бекболсун Алтынбек уулу жана Эмирлан Жеңишбеков аттуу оюнчулар менен толукталды. Өзгөрүүлөр аны менен токтоп калган жок, команданын курамына мурда “Достукка” каршы ойноп жүргөн Таластын “Ынтымагынын” экс-капитаны Марлис Койгелдиевдин кошулганы көпчүлүктү таң калтырды. “Олд скулдун” адамы жаңы командасында кандай оюн көрсөтөт болду экен?
Таласбек Дүйшалиев: “Достук менен 1 жылдык келишим түзүлдү”
– Мен “Бакубат Талас” командасынан былтыр 31-августта кеткем. Ал эми быйыл январдын аягында “Достуктан” иштешүү тууралуу сунуш түштү. Сунушту кабыл алдым, ортодо 1 жылдык келишим түзүлдү. Келишимдин баасы айтылбайт. Өзүм менен кошо минген атым Миллионду ала келдим.
Ушул жылдын 8-февралында “Ынтымак” жаңы курамы менен расмий тааныштырды. Тизмеге көз салсаңыз, былтыркы курамдан саналуу эле оюнчуларды көрүүгө болот. Бул көрүнүштү ынтымакчылар “команда жашарды” деп мүнөздөдү. Бул “кайра жаралуу” жылы “Ынтымакты” финалга жеткире алабы? Тобокелчилик жокпу? Биз быйыл салтка айланган баягы эль-класикону көрө алабызбы? Бул суроолорго жоопту баарыбыз күтүп жатабыз.
Өзүңүздөр байкагандай, “Ынтымактын” былтыркы курамындагы көзгө басар оюнчуларынын бири Сейитбек Анарбек уулу бул ирет "Сары-Өзөндүн" намысын коргойт. Ошондой эле бул командадан Марлис Койгелдиев “Достукка”, Нияз Мадалбеков, Адилет Талант уулу жана Жакшылык Руслан уулу “Кара-Буурага” өтсө, Астаркул Табышов жаракатынан улам 2 жылга оюндардан четтеди, ал эми Урмат Раушан уулу азырынча кайда оюн көрсөтөрү белгисиз.
Нооруз Раатбек уулу: “Ынтымакка” Аватар менен чогуу келдим”
– Мен “Ынтымак” командасында 2016-2017-жылдары ойноп кеткем. “Быйылкы сезондо “Ынтымакка” ойноп бер” деген сунуш келди эле, кабыл алдым. Жигитче сүйлөшүү, кол алышуу аркылуу бул командага кирип калдым. Буюрса, “Ынтымактын” жекеме-жеке позициясында өзүм менен кошо келген аргымагым Аватар менен тандемде татыктуу оюн көрсөтүүгө даярмын.
“Сары-Өзөн” бул сезондо Рамзат Бөкөмбаев жана Сейитбек Анарбек уулун курамга кошуу менен кыйла күчтөндү десек болот. Күйөрмандар Сейитбек Анарбек уулун “команданы алга сүрөп, “көзүр” боло турган оюнчу” деп баалашууда. Мындай “мотор” менен “Сары-Өзөн” быйылкы Өлкө биринчиликтеринде алдыңкы боло алабы? Көрө жатарбыз.
Сейитбек Анарбек уулу: “Сары-Өзөн” менен 2 жылдык келишим түзүлдү”
– “Ынтымак” командасында 2014-2019-жылдар аралыгында ойнодум. Балким, канча бир убакыт өткөндөн кийин “Ынтымакка” кайтып барып калаттырмын, аны убакыт көрсөтөт.
“Сары-Өзөн” командасына өтүшүмө эч кандай деле олуттуу себеп жок, бул менин жеке тандоом болду. Аны күйөрмандар туура түшүндү деп ишенем. “Сары-Өзөн” менен 2 жылга келишим түзүлдү. Кайсы атты минерим азырынча белгисиз.
“Сары-Өзөндө” буга чейин ойногон Акбар Иманбеков “Кабылан” командасына кеткени белгилүү болду.
Көк бөрү легендасы Карыпбек Эшиев башында турган "Кара-Буура" командасы быйыл арканды алыс таштаганын курамдын тизмесинен эле билүүгө болот. Кара-Бууралыктар бул ирет топ жара алабы?
Бекбото Дамир уулу: “Жаңы сезонго даярмын”
– Мен “Бакубат Таластын” жетекчилерине кайрылып, “Кара-Буура” командасына кошулуу ниетим бар экенин билдиргем. Мурдагы жетекчилерим каршы болгон жок. “Кара-Буура” менен азырынча бир сезон ойноо тууралуу сүйлөшүү жүрдү. Мага бул команданын курамы жакты. Сезонго даярмын.
“Бакубат Талас” жаңырды
Кыргыз көк бөрүсүндө уясынан мен-мен деген улакчыларды учурган “Бакубат Талас” командасы бул сезондо кайрадан жаңыланып түзүлдү. Бул боюнча команданын жетекчиси Азамат Жумаев мындай дейт:
– Мурунку курамдын 4 оюнчусу “Башка командалардан акча төлөнүүчү сунуштар келип жатат, биз да каражат табалы” дешти. Каржылык колдоо болуп жатса бут тосо албайбыз да, ийгилик каалап узаттык. Бул сезондо курам дээрлик 80 пайызга жаңыланды. Алардын басымдуу бөлүгү жаштар. Оюнчулардын эң жашы 2002-жылкы. Бизден тарбия алган жигиттер учурда “Достук”, “Ынтымак”, “Кара-Буура”, “Келечек” өңдүү командаларда ойношот. “Бакубат Талас” – жакшы мектеп.
Бул сезондо Жогорку Лигада оюн көрсөтө турган 6-команда Чүйдүн “Ак Суу” командасы тарап кеткенине байланыштуу анын ордуна Баткендин “Жаш Күч” командасы чыга турган болду. Командадан Бекболсун Алтынбек уулу “Достукка”, Айтмарек Сейитказы уулу Жалал-Абад облусуна, ал эми Ильяс Эсенаман уулу “Кабылан” командасына өттү.
Биз “Достукта” 5 жыл “серый кардинал” катары оюн көрсөткөн Белек Мукаевден “Жаш күчкө” өтүүсүнүн себебин сурадык.
“Бир катар сунуштун ичинен “Жаш күчтү” тандадым”
– Былтыркы сезон аяктаган соң “Достуктун” жетекчилерине “келишимди улантабызбы?” деп кайрылгам. Алар “варианттар болсо, башка командага бара берсең болот” дешти эле, Инстаграм баракчама бошогонум жөнүндө жазсам, Кара-Балта, Чүй, Ысык-Көлдүн командаларынан жана “Жаш күчтөн” иштешүү сунушу түштү. “Жаш күчтү” тандадым.
Алтынай Тынышова
sport@super.kg