8-март күнү Бишкекте дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган жагымсыз окуя катталды. Бул күнү феминисттер жана жарандык активисттер “Жеңиш” аянтына чогулуп “Аялдардын тилектештик жүрүшүнө” чыгышмак. Аянтка кыз-келиндер топтоло баштаганда кайдан-жайдан бет капчан, калпак кийген жигиттердин тобу пайда болуп, аялдарды кууп таратууга киришти. Бул учурда ортодо чыр чыгып, милиция кызматкерлери активист айымдардын колун кайрып, жулкулдата сүйрөп автобуска салып киришти. Көпчүлүк “милиция эмне үчүн абалды курчуткан маскачан провокаторлорду кармабайт?” деп суроо салып, сын-пикир айтып жатышты. Милициянын “эки тараптын тең өкүлдөрү кармалды” деген жообу көпчүлүктү ынандыра алган жок. Бул окуя коомчулукта катуу дискуссия жаратып, тарапташтар эки жээкке бөлүндү. Биринчи тарап “бул окуя былтыркы “төрөбөйм”, “чай куйбайм” деген плакаттарды кармап аянтта өткөн акциянын уландысы болчу, катышуучуларды милиция кармап кетип туура кылды. Улуттук баалуулуктарга шек келтирген, жаштарга терс таасир калтырган мындай акцияларга жол берилбеши керек” дешти. Парламент депутаты Махабат Мавлянова "жатын меники, төрөймбү-жокпу өзүм билем” деген ураандын өзү чагымчылдык дейт. Мындай пикирге каршылар болсо “өлкөдө аялдардын укугу чын эле оор абалда экенин “Жеңиш” аянтындагы окуя ырастады. Тынч жүрүшкө чогулган аялдардын колун кайрып кармап кетүүнүн өзү уят” деп жатышат. Көпчүлүк “калпакчандардын” да, милициянын да ал күнү айымдарга жасаган орой мамилесин сындап жаткан учур.
10-мартта феминисттер Бишкекте кайрадан топтолушту. Колдоруна “Токтоткула”, “Аялдарды кыйноого жол жок”, “Милиция кол салбайт, коргойт” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту. Ушул эле жерге бул акцияга каршы айымдар да чогулуп, алар улуттук баалуулуктарга шек келип жатканын эскертип жатышты. Айрым эксперттер “аялдардын укугу мындай акциялар менен корголуп кетпейт, мындай иш-чаралардын максаты – улуттун маңызына балта чабуу” деп жатышат.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg