ПРЕЗИДЕНТ БАТКЕНДЕГИ ЧЕК АРАЧЫЛАРДАН КАБАР АЛДЫ

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 10-мартта Баткен облусуна иш сапары менен барды. Баткен районун, Баткен шаарын кыдырып, ошондой эле Баткен чек ара отрядына, билим берүү мекемелерине барып, алардын иштери менен таанышып чыкты. Мындан тышкары президент бир катар өндүрүштүк мекемелерге барып, өрүк, сүт иштетүүчү ишканаларында, темир-бетон жана айнек заводдорунда болуп кайтты. Баткен облусунда суу тартыштыгы маселе жаратып келери баарыбызга маалым. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, өлкө башчы Баткен шаарын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо ишине күбө болду. Маалыматта айтылгандай, Баткен шаарына 1000 тоннадай түрдүү өндүрүмдөр сакталуучу логистикалык борбор курулмакчы. Президент ал борборду куруу долбоору менен да таанышты.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 906, 12-18-март, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан