Өлкөдө АКШ долларынын курсу кескин көтөрүлүп баратат. 9-мартка чейин 1 доллар 69 сом 50 тыйындын тегереги болсо, 11-мартта 72 сом 90 тыйынды түздү. 10-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул абалга байланыштуу жыйын өткөрүп, сомдун туруктуулугун камсыздоо чаралары талкууланды. Бул кырдаалдан пайдаланып, ортомчулардын бааларды негизсиз көтөрүп жиберүүсүнө жол бербөө керектиги айтылды. Улуттук банк 10-мартта валюталык интервенция жасап, 53 миллион 700 миң АКШ долларын (анын 4 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарды. Бул акыркы 10 жыл ичиндеги рекорддук сумма болуп саналат. Доллардын кымбатташы Кыргыз өлкөсүнө кандай таасир тийгизет? Белгилүү финансист, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөт бардыгына даяр болушу керек дейт.
– Кризистик учурларда атайын чараларды көргөнгө, кесепетин азайтууга биздин мыйзамдар жетиштүү. Бирок түздөн-түз өкмөткө катуу таасири жокко эсе, биринчи иретте валюталык саясатка жооп берген Улуттук банкка күч келе түштү. Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына доллардын талабы кескин түрдө деле өскөн жок. Коронавируска байланыштуу Кытай менен сооданын санын азайтып, жокко чыгардык. Доллардын соода-сатык жүргүзүүгө талабы жок болчу. Орусияда мунайдын баасы кескин түшүп кеткендиктен мунай согушу башталып, рубль төмөндөп кетип, мындан биздин сомго да басым болду. Мындай учурларда Улуттук банктын өзүнүн алтын жана валюта запастары бар. Акыркы жылдары запасты бир топ жакшы топтоп алышты. Бир-эки аптанын ичинде Орусия Сауд Арабиясы менен сүйлөшүп, мунайдын баасын калыбына келтире турган болсо, 1 доллардын баасы 73-75 рубль менен токтойт. Бизде да 1 доллардын баасы 73-75 сом менен токтойт деп ойлоп жатам,- дейт Акылбек Жапаров.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg