КОРОНАВИРУСТАН УЛАМ АК ҮЙДҮ КАЙТАРУУ КҮЧӨТҮЛДҮ

Коронавирус дүйнөгө кулач жаюусун улантууда. Дүйнөлүк масштабдагы акыркы маалыматтар боюнча, вирустун очогу болгон Кытайда оору катталуунун көрсөткүчү баштапкыга караганда басаңдап калганы айтылат. Анткен менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жайылуусу күн санап өсүүдө.

Кыргыз бийлиги азырынча өлкөдө коронавирус катталган жок деген маалымат берүүдө. Өлкөнүн бардык аймактарында өтүүчү концерттер, эл көп чогулуучу коомдук жана майрамдык иш-чаралар токтотулуп жатат. Мисалы, 21-март – Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлбөй турган болду. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун билдиргенине караганда, Жогорку Кеңешке жүргүзүлүп келген экскурсиялар токтотулду. Натыйжада Жогорку Кеңештин имаратына сырттан келген жарандардын кирүүсүнө тыюу салынды. Ошондой эле депутат Дастан Бекешев чет өлкөлөргө чыгып жаткан депутаттардын иш сапарларын токтотуу сунушун киргизди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда, учурга карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус каттала элек.

Япониядагы коронавируска байланыштуу карантинге алынган “Diamond Princess” саякат кемесиндеги Кыргыз жараны Бишкекке кайтып келди. Министрликтин маалыматына караганда, ал 14 күндүк обсервацияга алынган.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 906, 12-18-март, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан