Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков эгиз эркек балалуу болду. Бул тууралуу 11-мартта Бишкек ЖЭБин жаңылоо ишине байланыштуу ачылган кылмыш иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумда белгилүү болду.
Исаков бул кабарды жаңы эле угуп, сүйүнүп жатканын SUPER.KG порталына билдирди. "Жубайым Малика 11-мартта шаардагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Эне, балдардын абалы жакшы. Өзүм дагы жаңы эле уктум, сүйүнүп жатам",- деди мурдагы премьер.
Сапар Исаков менен жубайы Малика Арстанбекова 4 кызды тарбиялап келишет. Эң улуу кызы 18 жашта, эң кичүү кызы 2 жашта. Жубайы кесиби боюнча психолог жана илимдин кандидаты.
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg