12-апрелде Ош, Токмок өңдүү бир катар шаардык кеңештерге шайлоо өтөт. Жарышка катышуучу партиялар 12-марттан тартып үгүт ишин башташат. Бул арада бийликтин партиясы деп сыпатталып жаткан “Биримдик” партиясынын аты аталган бир нече жагдай интернеттеги социалдык тармактарда талкууга түшүп, "бул партияны жеңишке жеткирүү үчүн административдик ресурс иштеп жатат" деген сындар айтылууда. Мисалы, "Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев “Биримдиктин” Оштогу штабында жүрөт" деген сүрөттөр тарап, бул маалыматты көпчүлүк "мыйзам бузуу, шайлоого карата бийликтин ресурсу иштеп жатканы" деп кабыл алды. Жакында Токмок шаардык энергосбыт ишканасынын жетекчиси “Биримдик” партиясынын штабында сабалганы тууралуу маалыматтар чыкты. Жогорку Кеңеште депутат Наталья Никитенконун “бул окуя шайлоого байланыштуу эмеспи?” деген суроосуна ИИМ жетекчисинин орун басары Памир Асанов “териштирүү жүрүп жатат, жыйынтыгына жараша баа берилет” деп жооп берди.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg