Бет кабы, өзгөчө ырлары менен эл оозуна алынган рэп ырчысы Тата Улан жакында “Келатат жаштар” деген жаңы ырын тартуулап, көпчүлүктүн назарына илинди. Көптөн бери сахнадан көрүнбөй калган Тата Уланга “бул сахнага кайтууга болгон кадамбы?” деп суроо салдык.
– Менин чыгармачылыгым токтоп калган жок, ырларды жазып жүрөм. Элдин көзүнө көп көрүнгөн учурларым Бакиевдин заманында эле. Андан кийин Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде чынын айтыш керек, жакпай калгам. Радио, телеге мени байма-бай чакырып турушчу эле, чакырбай калышты. Атамбаев учурундагы бийлик бардык клиптерим менен ырларымды теледен жана радиодон бир күндө алдырып салган. Мен көбүнчө чындыкты ырдайм. Ал чындык бийликке жакпай калган окшойт. Ошол үчүн бир күндө баарын алдырып салды. Элге ошол себептен жоголуп кеткендей сезилдим. Азыр ырларымды жаздырып, сахнага кайтып көрөйүн деп жатам. Бул бийликтегилер кантер экен? Анткени бийликке жакпай калсам, дагы шыпырып салышы мүмкүн. Ошол бет капчан стилим менен эле чыгармачылыгымды улантам деп турам.