Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)№906 12-18-март, 2020-ж
Асия куду кино көргөндөй тиктеп турду. Дирилдеген денесине ээ боло албай жатты. Ак көйнөк кийген кыздын көзүндөгү жаш, Айдардын андан качып машинесине отуруп жөнөп кеткени, Эрнистин машиненин артынан чуркаганын көрүп турду. Андан соң Айдардын үрпөйгөн досторун, нес болуп босогодо туруп калган колуктусун, анын жанындагы бойлуу, чырайлуу кызды, башын мыкчыган Эрнисти көрдү. – Мен кылдым! Бүгүн жолуктурбашым керек эле, анын мүнөзүн билип туруп эмнеге алып келдим? Акмакмын мен!- деп жатты Эрнис. – Бекзат, уулум, жүрү машинеңе отур, аркасынан баралы. Бир нерсе болбосун. Кызым, Арууке, сен Айгеримдин жанында кал. Тапсак кабар беребиз. Силер да издешкиле,- деди ал уулунун досторуна. Бир гана селейип турган Асияга сөз таба албады. Купкуу болуп турган аялдын жанына келди да, көзүнө тынчсыздана карады. – Сен кандайсың?- деди. Асияны нес абалдан ушу коңур үн чыгарды. Дал жаш кезиндегидей кыя албаган бир жакындык менен абалын сураганы өзүнө келтирди көрүнөт. – Мен... Мен жакшымын. Мен бул жерде калайын, сен артынан бар. Бизге кабар бер,- деди ал араң күбүрөп. Эркектер тез эле машинелерине отуруп, жөнөп кетишти. Бирок таба алышкан жок. Эч жерден таппай коюшту. ххх – Сиз эмнеге келдиңиз, ыя?! Бир күн же бир саат кеч келсеңиз болбойт беле?! Эмне үчүн бүгүн келдиңиз?- деди Айгерим бөлмөдө селейип турган аялга. Аял эмне дээрин билбей, артка кетенчиктеди. – Мен... – Сиз бардыгын кыйраттыңыз. Өз уулуңузга тырмактай жакшылыгыңыз тийген жок. Эми да жашоосун астын-үстүн кылуу үчүн келдиңиз. Жек көрөм! – Айгерим!- деди Асман ага жалбара карап. – Силер эч нерсени түшүнбөйсүңөр! Мен бул күндү 14 жашымдан бери күткөм. Биз бул күнгө бир күндө келип калган жокпуз. Мен сүйгөн адамыма кадамдап жеттим. Эми жеттим дегенимде... Чындыгында Айгеримдин арманын бул отурган экөө кайдан билсин? Жүрөгү от болуп күйүп жатканын ким билмек? Ар биринин тозогу өзүнүн көөдөнүндө гана жашайт эмеспи. ххх Айдар эртең менен ойгонду. Кимдикинде, кайда жатканын түшүнө албай турду. Даң-даң-даң... Кимдир бирөө башына барскан менен чаап жаткандай кеңгирейт. Акырындан эсине келе баштады. Бир күн бою жалгыз отуруп алып ичкенин, анан телефонун карап отуруп Аделя деген жакын сырдашкан дос кызынын номерин тергенин билет. Анткени эркек досторуна чалса, атасы таап алат деп ойлонуп жатканын эстеди. Акырындап андан аркы окуяларды эстеди. Айгерим! Жүрөгү мыкчыла түштү. Ак көйнөк кийген Айгерим. Болбой калган тою... Аны тиктеп турган кубарган аял. Жок, жок, андан аркыны эстеп кереги жок. Суу ичкиси келди. Ошол учурда Аделя кирип келди. – Уйкучу, тур эми. – Суу берчи. Суу ичти да, кайра жатып алды. – Турбайсыңбы? – Жок, сен жумушка кеткенден кийин турам, бир адамдын жүзүн караганга алым жок. – Айдар, сен такыр ичпечү элең, эмне болду? – Алаамат болду. Жашоом ордунан коңторулуп кетти. Акыр заман келди. Бардыгы болду, досум. – Айгерим эмне болот? – Билбейм, эч нерсени билбейм. – Макул, мен жумушка кеттим. Мына ачкыч. Өзүнчө калышың керек окшойт, жакшылап ойлон. – Рахмат, мени көргөнүңдү эч кимге айтпа. – Макул. Жалгыз калды. Туруп муздак душка түшүп, кофе ичти. Башынын кеңгирегени азайганы менен, жүрөгү ооруп жатты. Көкүрөгүндө эч нерсе жок калгандай туңгуюк. Эмне мынча бошодум? Ал кайсы бир күнү келерин билген жок белем? Билгем, бирок ал эч нерсе болбогондой алдымда турду. Ансыз өткөргөн 26 жыл болбогондой, эч күнөөсүз адамдай чыга калды. Кызык, ал мага эмне демек? Балким, кечир демектир? Кечир демек, бир нерселерди айтмак. Албетте, анын себеби да бардыр. Бирок баласын таштап, эч кылчайбай кеткен энеге бул дүйнөдө кечирим барбы? Себеби болушу мүмкүнбү? Эч нерсе болбогондой, ушунча жыл жалгыздыкта өлүп кайра тирилип “апа” деп жатып, “апа” деп туруп жүргөнүмдү сезбегендей жөн эле келиши керекпи? Менин сагынганым, күткөнүм, үмүтүм... Кофе сууду. Дал ушул учурда гана Айдар апасын ушунчалык жакшы көргөнүн, билбесе да, көрбөсө да көкүрөгүнүн тереңинде жек көрө албаган адамы экенин сезди. Көрсө, ал Аруукеден да, атасынан да мурун апасын сүйгөн экен. Апасы баласын кандай сүйө алса, андан да миң эсе ашык сүйүптүр. Канчалык сүйсө, ошончолук ызасы ашып жатканын да сезди. Алсыздыгына жини келди. Айдардын өзү менен өзү күрөшкөн жашоосу ушинтип башталды. Күнү кечке Аделянын үйүндө жатты. Кечинде чыгат да, ичимдик ичет. Күндүз уктайт. 5 күн болгондо Аделянын жаны кашайды. Асмандын телефонун таап, агасы тууралуу кабар берди. “Эч кимге айтпай кел” деди даректи берип жатып. ххх Эшиктин коңгуроосунан башы сынып кетчүдөй болуп кетти. Айдар араң туруп эшикти ачты. Алдында Асман турган экен. Көргөн көзүнө ишенбей, туруп калды. – Сенби? – Айдар байке,- кебетесин көрүп, Асман ыйлап жиберди. – Ыйлаба, эмнеге ыйлайсың? – Кебетеңди карачы, селсаякка окшоп калыпсың. – Мен... Азыр... Бир аздан кийин Айдар менен карындашы столдо отурушту. Унчугушкан жок, жөн эле отурушту. – Айдар байке. – Аруш, эч нерсе дебе. – Айгерим... – Аа, Айгерим, макул, мен күнөөлүүмүн. Бул теманы жабалы. Негизи мен үйлөнбөшү керек болгон адам болчумун, өзү такыр түшүнбөй койду. Тагдырын мени менен байлабаганына шүгүр кылсын да, андан аркы жашоосун улантсын. Сенин дагы иштериң көп, мага убактыңды коротпо. – Сенчи? – Хм, менби? Менде бир нерсе калды дейсиңби? Сен айткандай селсаяк болом. – Айдар байке! – Башым ооруп жатат, Аруш, эч нерсе тууралуу сүйлөшкүм келген жок. – Билесиңби, эгерде менин апам тирүү болгондо анын таштап кеткенине да кайыл болмокмун. Бир эле жолу келип чачымды сылап, бир жолу жүзүмдөн өпкөнүнө миң шүгүр кылмакмын. Апам эс тартканы чачымды тараган жок. Дайыма Айжандыкын тарап, өрүп берчү, меникин тарачу эмес. Бала кезде апам чачымды тарап, өрүп берсе деген эң чоң кыялым боло турган. Бүтүндөй бакыт ошол колдордо, тарактарда болгондой сезилчү. Бакма экенимди билгенде, балким, өз апам табылып калар дедим. Бирок андай болгон жок. А сенин апаң тирүү, сага келди. – Келбесе андан да жакшы болмок, Аруш. – Аны актаган жокмун, Айдар байке. Бирок бир чындыгы бар болсо керек. Сен минтип качканыңдан эч нерсе өзгөрбөйт. Атаң жинди болгону калды. Айгерим... Айдар карындашын карап жылмайып койду. Кайсы бир учурда Айдар сооротчу, акылын айтчу, ал үчүн бул дүйнөнүн болгон жүгүн көтөргөнгө, болгон маселесин чечкенге даяр эле. Азыр карындашынын көздөрүнөн дал ошону көрдү. Жандалбастап бир шоола болсо да жан дүйнөсүнө киргенге аракет кылып жатканын сезди. – Аруш, баары жакшы болот. Сен капа болбочу. Атама да айт. Менде баары жакшы. Болгону өзүм менен өзүм калайын. Ичимде бир чоң ыза бар, аны жеңмейинче эч нерсе кыла албайм. – Ал сени жеңип кетсечи, канча күндөн бери баш көтөрбөй ичип жатасың? – Кет, Аруш, сенин толтура маселең бар... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(4)
Nestana95
![]()
16.03.2020. 10:59
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
204
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
26-01-2021 11:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+3
Оййй эмне мынча аз
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
![]()
16.03.2020. 11:31
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
29-01-2012
Соӊку аракети:
07-09-2020 10:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
глобус не крути меня там не найти
+4
Эхххххх дагы бир кучтуу сынды. Чарчады корунот баарын токтоолук менен женгенден.
rtuiop
![]()
16.03.2020. 16:37
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
12-11-2020 22:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерими олуп калган окшойт
Nestana95
![]()
16.03.2020. 22:16
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
204
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
26-01-2021 11:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
0
rtuiop,ошо да
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|