Биз социалдык тармакта

ТИЗМЕЛЕР БЕРИЛДИ, ЭМИ ТЕКШЕРМЕЙ КАЛДЫ

Буга чейин парламенттик шайлоого баргысы келген 57 партия БШКга катталганын кабарлаган элек. Бирок кийинки баскычтан соң алардын саны 29га чейин кыскарды. Тактап айтканда, 31-августка чейин 120 талапкерден турган тизмесин БШКга өткөрүүгө 29 партия үлгүрдү. “Шайлоодо ат салышабыз” деп билек түрүп турган партиялар төмөнкүлөр:

  1. “Ата Мекен”;
  2. “Ак санат”;
  3. “Ак тилек”;
  4. “Ак шумкар”;
  5. “Акыйкат”;
  6. “Айкөл эл”;
  7. “Адилеттүүлүк. Эркиндик. Мекен” союзу;
  8. “Ар-намыс”;
  9. “Ата Журт”;
  10. “Бириккен элдик кыймыл”;
  11. “Бүтүн Кыргызстан”;
  12. “Жашасын Кыргызстан”;
  13. “Замандаш”;
  14. КСДП;
  15. “Каганат”;
  16. Кыргызстан элдеринин союзу;
  17. Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы;
  18. Кыргызстандын республикалык элдик партиясы;
  19. Кыргызстандын жашылдар партиясы;
  20. Кыргызстандын коммунисттеринин партиясы;
  21. Кыргызстандын үй куруучуларынын партиясы;
  22. КРнын экономикалык кайра курулушу;
  23. Либерал-прогрессивдүү партия;
  24. “Мекен ынтымагы”;
  25. Ооганстандагы согуштун ардагерлери жана башка жергиликтүү согуштук чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы;
  26. “Республика”;
  27. “Содружество”;
  28. “Эгемен Кыргызстан”;
  29. “7-апрель” жаштар кыймылы.

Ошентип, БШК 10-сентябрга чейин талапкерлердин тизмесин текшерип чыгып, өзүнүн аныктамасын берет. Тизмедегилердин жарандыгын, соттолгон-соттолбогондугун тастыктап чыгат. Андан сырткары тизмелер гендердик, жаш жана улуттук өзгөчөлүк критерийлери боюнча каралып чыкмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Ceed
2010-09-04 13:49:34
29 партия! Мдааа, кичинекей Кыргызстанга ушунчанын не кереги бар, баары бийликти энсегендер!
0
akmat
2010-09-06 00:51:30
катталган 147 партиясынын баарынын программалары башка башка болмок беле! Туура айтасын Ceed, буларга бийлик эле керек!
0
Таллас
2010-09-10 02:31:24
партиялар кетсин ))
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан