“Чыгармачылыкта бут тосууларга кезикпегеним менен, айрым учурда таанышың жок болсо аракеттен майнап чыкпай калышы мүмкүн экен” деген ырчы Гүлназ Чыныбек кызы бүгүн бизде конокто. Ырчынын балалыгын, мигранттык турмушун, чыгармачылыгын камтыган маекке көз чаптырыңыз.
– Салам, Гүлназ! Бүгүн таң эрте Москвада өткөн гастролдук сапардан келиптирсиң. Кандай келип алдың?
– Салам! Рахмат. Кудайга шүгүр, жакшы келип алдык. Гастролдук сапарга чакыруу менен бардык. Уюштуруучулар 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата 3 күндүк концерттик программа сунуштап, Дайыр акеге (ред.: Исмадияров) байланышкан экен. Ал мага сунуштаганда дароо эле макул болдум. Бул сунушка чейин 1-2 чакыруу бар эле, аларга шартыбызды түшүндүрүп, жөнөп кеттик. Буга чейин да Нурлан Насип, Данияр Эрматовдор менен конок катары барып ырдап келгем. Бирок бул ирет атайын чакыруу менен барып жатканыбызга бир аз толкундандым. “Эл келбей койсо кантебиз?” деген ой мени көбүрөөк кыжалат кылып жатты. Социалдык баракчабыз аркылуу “жөнөп жатабыз” деп көкүрөк каккылап алгандан кийин ошого жараша отчёт бериш керек да (күлүп). Жыйынтыгында мен элестеткенден да сонун болду. Эл чын дили менен белектерин, гүлдөрүн камдап алып күтүп алышты.
Ырчылык менен алектене баштаганымдан бери эки жыл өттү. Бул убакыт аралыгында жасаган эмгегим аз да болсо элге жетип жаткан экен деп өзүмө-өзүм “азаматсың, Гүлназ!” деп койдум. Эки жылда кыйратып жибердим дегенден алысмын, бирок эмгегим алгачкы жемиштерин бере баштады.
– Мекенинен алыста жүргөн мигранттардан турган аудитория менен Кыргызстандагы аудиториянын айырмасы барбы?
– Кээ бир концерттерге барып калганымда "эмнеге эл колдоп-коштоп отурбайт?" деп ойлоно берчүмүн. Москвада жашап, иштеп жүргөн мекендештерибиздин алдында ырдоодон ырахат алдым. Абдан колдошот. Жүзүнө карасаң, мекенге болгон сагынычын көрөсүң. Кезинде мигранттын тагдыры менин да башымдан өткөн. Алардын сезимин, сагынычын жакшы түшүнөм.
– “Мигранттын тагдыры башымдан өткөн” деп калдың...
– Ооба, эл катары мен дагы материалдык максаттарды көздөп Орусияда иштеп келгем, мен да мигрант болгом. Москвада официант болуп иштеп, мигранттын турмушун кечиргем. 1-2 кишиге ылайык кичинекей бөлмөдө 7-8 киши жашачубуз. Жуунууга, тамактанууга кезекке туруп калчубуз. Ал эч нерсе эмес, күтүүсүздөн көп адам жашап жатканыбыз билинип калып, ал бөлмөдөн да чыгарып жиберишкен.
Кийим-кечең менен көчөдө калып, кайра эле тыгын бөлмөлөрдөн орун тапкыча түнөп кетүү үчүн кең Москвада тууган издеп калган учурлар болгон. Эми ал жакка эч ким кененчиликте жашап, жашоодон ырахат алайын деп барбайт да. Физикалык жактан гана эмес, жан дүйнөң да кысылып жашайсың. Жумушта дагы жалаң орус кыздардын арасында эки эле кыргыз кыз иштечүбүз. Сырттан билинбегени менен, басмырлоо байкалып эле турчу. Эң катаал кардарлар келгенде “Гуля, иди” деп мага берип коюшар эле. Чыдамкаймын да, баарын күлүп жайгарып койчумун. Англис тилин башкалардан жакшы билгендиктен чет элдик кардарлар келгенде да мен тейлеп, жок дегенде ошол жагынан аброюм көтөрүлүп, чай пулду көбүрөөк алып кыйын болуп калчумун (күлүп). Кийин Екатеринбургда, Казакстанда иштедим, айтор, башында айтып кеткендей, мигранттын турмушу мага жакшы тааныш.
– Көздөп барган максаттар ишке аштыбы анан?
– Кыйратып жибердим дегенден алысмын, бирок “үй алышым керек” деген максат менен баргам. Чет жакта иштеп жүрүп тапкандарымды чогултуп, Оштон 1 бөлмөлүү батир сатып алгам. Ошто эле жашайм деп ойлогом, бирок чыгармачылыкка аралашкандан кийин борбордо иштөө ыңгайлуу болгонуна байланыштуу учурда Бишкекте жашап жатам.
– Кепти чыгармачылык жааттан уласак. Жакын арада сенден жаңы ыр күтөлүбү?
– Ооба, 2 күндөн кийин “Сагынарсың дагы” деп аталган жаңы ырыма клип тартуу иштерин баштаганы турабыз. Буюрса, буга чейинки ырларымдан, клиптеримден айырмаланган ыр болот. Бул ыр убагында ишенген адамынан көңүлү калган ырчы кыздын жашоосу тууралуу. Ырдын мазмуну, клиптин сюжети жеке жашоомо да окшошуп турат десем болот. Чыгарманы кыргыз жана казак тилдеринде аткарып, эки өлкөдөгү күйөрмандарыма багыттап жатам.
– Жеке жашооң тууралуу көп айта бербейсиң...
– Ооба, эл мени чыгармачылык аркылуу тааныган соң, жашоомдо эмне болгонун айтуунун кажети жок деп ойлойм. Апам дагы “сенин жан дүйнөң назик, жеке жашооңду элге салып берсең, ар түрдүү пикир айтылат. Аны сен көтөрө албайсың” деп калат. Турмуш мени кандай гана калчабасын, бардык нерсени позитив менен жеңүүгө аракет кылган адаммын. Жашоонун далай сыноолоруна кабылдым. Кайра эле белди бекем бууп, өзүмө-өзүм дем берип, күчтүүлүгүмө салып баарын жеңип келе жатам.
– Бой жеткени бир топ түйшүктүн жүгүн көтөрүүгө жетишиптирсиң. Капарсыз балалык кандай өткөн?
– Ата-энем жөнөкөй мугалимдер. Алты баласына бактылуу балалык тартуулап, татыктуу тарбия берип, баарыбызды жогорку окуу жайга окутушту. Эжелеримдин кийимин кийип, талаа иштеринде иштеп, айылдык турмушта чоңойгонум менен, ошол кез жүрөгүмө жагымдуу жылуулук тартуулайт.
– Ырчы Дайыр Исмадияров бизге берген маегинде “Гүлназ мени жакшы нукка буруп жатат” деди эле. Ортодо кыз-жигит мамилеңер барбы?
– Керек болсо бир туугандарым да "кыз-жигитсиңерби?" деп сурай беришет. Дайыр аке экөөбүздүн ортобузда кээде бул темада тамаша сөздөр болуп калат. Бирок ортобузда олуттуу мамиле жок. Анын мага болгон кандай сезимдери бар экенин билбейм. Эгер жылуу сезимдери болсо байкалмак да (күлүп). Ооба, жакшы сырдашабыз. Ал мени “чоң эне” деп коёт. Эл эмне дейт деген нерсеге жакыныраакмын. Андыктан “андай болбойт, мындай болбойт” деп турам. Байке катары анын кеңештерин угам, алым жеткен жерден кеңешимди айтам дегендей.
– Маегиңе рахмат! Чыгармачылык ийгилик каалайм!
Чолпон Cүйүнбаева
star@super.kg