КОЙ (21.03-20.04)
Жагымсыз окуяга учураган досуңузга колдоо көрсөтүшүңүз мүмкүн. Ишиңизге ыраазы болгон жетекчилик сыйлыкка көрсөтүшү күтүлүүдө. Ушундан улам түрдүү сөздөрдү айтып, ичи тардык кылгандар болот. Үй-бүлөлүк шарт сизди жол жүрүп, бир жакка барып келүүгө аргасыз кылат.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада максатка жетүү үчүн элге дипломатиялык мамиле жасоо сунушталат. Жакындарыңыз акчалай жардам көрсөтүүсү ыктымал. Жол кесилиштеринен этияттап өтүү, муздак ичпөө сунушталат. Айрымдар социалдык тармак аркылуу таанышкан адамы менен жүз көрүшүп, баарлашуучу убакытты белгилешет.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Туура эмес тамактануу, ашыкча иштөө саламаттыгыңызга терс таасирин тийгизерин эске алыңыз. Капчыгыңызга аз суммадагы акча келип түшөт. Жаңы нерселерди үйрөнүп, акыл-эс кампаңыз кеңейет. Апта аягында достор чогулуп, көңүл ачууну сунушташат. Жаңы тааныштардан этият болуу кажет.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жагымдуу болуп, адамдарды өзүңүзгө тартып чыга келесиз. Жумушта көбүрөөк иштеп, каржылык абалды оңдоп алууга мүмкүнчүлүк чыгат. Колдонуп калуу кажет. Кызыктуу адамдардын жолугушуусунда болуп, жаңы досторду табасыз. Мамиле үзүлбөшү үчүн жактырган адамыңыздын көңүлүн калтырбаңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Апта эл алдына чыгып сүйлөөгө, көргөзмө уюштурууга ылайыктуу. Туугандарды жеке жашооңузга кийлигиштирбей, маселелерди өзүңүз чечкениңиз оң. Колдоо көрсөтөт деген адамыңыз ишеничиңизди актап, сүйүнөсүз. Үйдөгү акча, документтерди бекем катыңыз. Жоголуу коркунучу бар.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Үйдө да, жумушта да майда иштер көп чыгып, нервиңизди жана убактыңызды көп алат. Күтпөгөн жактан бирөөдөн белек алууңуз мүмкүн. Бир ийгиликти же юбилейди белгилөө үчүн туугандар чогулуп акылдашасыздар. Айрымдардын буюм же мал сатуу, сатып алуу максаты ишке ашат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Эмоцияларга толгон апта болмокчу. Оптимизм, чыгармачылык өсөт. Жаңы хобби, спорт менен алектенүүгө жакшы убакыт. Көңүл ачуучу иш-чаралардан баш тартпай, катышууңуз кажет. Бирок тамак-аштын сапатына көңүл буруп, ичкиликтен баш тартуу оң. Болбосо оору таап аласыз. Жоголгон буюмуңуз табылышы мүмкүн.
Үйдөгүлөр менен камыр-жумур болуп, түрдүү маселелер жаатында баарлашып, иштерди чогуу бүткөрөсүздөр. Медитация, бизнес сырларын билүү үчүн маалыматтарды окуйсуз. Аян түшүңүздүн бири туура чыгышы мүмкүн. Чөйрөңүз сизди баалай турган адамдар менен толукталат.
Модага же искусствого кызыккандар жаңы кесипти өздөштүрүүгө кирише башташса болот. Кыймылсыз мүлк же унаага тиешелүү документтерди бүткөрүү талабы чыгат. Пайда болгон маселени адаттагыдан башкача чечүү жолдорун карап көрүңүз. Ишиңиздин алга жылышына эски кесиптештер жардамдашат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта таарынышкандар менен жарашууга жол ачат жана баарлашуулар көп болот. Кирешеңиз билинбей өсө баштайт. Буга жогорку деңгээлде эмгектенүүңүз таасир этет. Үйгө интернет киргизүүгө, же жаңы эмерек сатып алууга далалат кыласыз. Маанайыңыз түшпөөсү үчүн чала тааныштар менен чогуу болбогонуңуз оң.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жашоого өзгөртүү киргизүүгө умтуласыз. Муну сырткы келбетти өзгөртүүдөн, спорт менен алектенүүдөн баштооңуз ыктымал. Аптада сизди сюрприз күтөт. Жетекчиликке ой-пикир, арызыңызды айтуудан карманыңыз. Жакшы кабыл албашы мүмкүн.
Жаныңызды азапка салбай, тынч жашай турууга ыктайсыз. Өзүңүзгө кам көрүп, массаж алууңуз мүмкүн. Айлана-тегеректи тазалоо, жашылдандыруу иштерине катышасыз. Эски маселени козгоп, сүйүктүү адамыңыздын маанайын бузбоого аракет кылыңыз. Көптөн бери билгиңиз келип жүргөн сырдын жандырмагы табылат.