Жараткан сатиралары, сахнада койгон интермедиялары менен жумурай журттун купулуна толуп, элдин батасын алса, кээ бир аткаминерлер артынан бет капчан адамдарды салып, коркутууга чейин барышарын айтат каарманым. Куудулдун сахна артындагы турмушу тууралуу кенен маектештик.
– Саламатсызбы, Тынар? Сизге качан гана байланышпайлы, айылда экениңизди айтасыз. Үй-бүлөңүз менен айылда турасызбы?
– Саламатчылык. Үй-бүлөм шаарда. Бишкекке келгениме быйыл 20 жыл болсо да, такыр көнө албай койдум. Ашып барса 10-15 күн турам да, кайра эле айылга качам. Айылда мал чарбам бар. Жылкыга болгон кызыгуум абдан күч. Андыктан жылкыдан башка бир да жандык кармабайм. Азыр жаз келип, төлдөп жаткан убагы, ошондуктан көбүнчө айылда болуп жатам.
– Жылкыга балдарыңыз да кызыгабы?
– Жок. Шаарда чоңоюп жаткан балдарды бул нерсеге кызыктыруу мүмкүн эмес окшойт. Алардын айыл, мал менен иши деле жок. Шаардын турмушуна көнүп калышкан. Мисалы, биз айылда туулуп, айылда чоңойгонубуз үчүн мал менен тоодон ырахат алабыз. Ал эми шаардын балдары ролик тээп, балмуздак менен гамбургер жегенден ырахат алышса керек (күлүп). Бул нерсе мени, албетте, ата катары көп ойлондурат. Балдарымдын ичинен менин кызыгуум менен дал келген бирөө чыкса дейт экенсиң. Анткен менен табиятынан өзүнүн кызыгуусу болбосо, кыйнап кызыктыра албайсың. Мени деле ата-энем бир убакта башка кесиптин ээси болсо дегендир, ким билет?
– Балдарыңыздын улуусу канчага чыкты?
– Улуу балам 9-класста окуп жатат.
– Жакшы экен. Чыгармачылык жаатына кайтсак. Жакында концерт берүүнү пландап жаткан экенсиз.
– 5-9-март күндөрү Ош шаарында концерт койгонбуз. Анча-мынча кыйынчылыктар менен өткөрүп алдык. Бишкекте чоң программа менен концерт берүү планым бар эле. Бирок минтип жаман оору чыгып, эл дүрбөп жаткандыгына байланыштуу токтото турууга туура келди. Эл аман болсо концерттер боло берет. Кечээ базарда ун талашып жүргөн элди көрүп абдан кейидим. «Алла Таала бизге кандай сонун заманды берди. Ага карабай пейилибиз өлүп калыптыр да» дедим. Адамдардан таптакыр пейил кетиптир. Пенденин өмүрүн ун менен башка азык-түлүктөр алып кала турган болсо башкача болот эле го. Жаратканга керек болсоң, уктап жаткан жериңден же басып баратканыңда эч кандай вирусту себеп кылбай эле алып коёт.
– Ош шаарына койгон концерт кыйынчылыктар менен өттү деп калдыңыз...
– Концерттин билеттери 1-мартка чейин эле сатылып кеткен. Бирок дүйнөгө жайылып жаткан вируска байланыштуу ижарага алган маданий имарат эшигин жаап, айла жок элдин суранычы менен калган күндөрү концертти ресторанга коюуга туура келди. Андан тышкары Баткен, Алай, Кара-Кулжа, Өзгөндө уюштурулуп жаткан концерттеримдин билеттери сатылып кеткен экен. Кассадан элдин акчасы кайтарылып берилиптир. Өкмөт, Маданият министрлиги жакшы иштеп, мындай нерселер алдын ала айтылса элге да, бизге да жакшы болмок.
– Жакында социалдык тармактагы баракчаңызга «мага бийлик тараптан кысым болуп жатат» деген таризде билдирүү жаздыңыз эле...
– Өткөн жылдын күз айларында Маданият министрлигинен сатираларыма чектөө киргизебиз дешип, токтом чыгарышканы тууралуу маалымат алгам. Журналисттер «эмне болгон кысым?» деп сурашканда баарын айтып, «себебин менден эмес, министрликтен сурагыла» дегем. Ары-бери түртүп жатышып, акыры эч кандай токтом жок экендигин айтып кутулушту. Андай токтомдун болушу деле күлкүлүү да. Жалпы сатираны эмес, бир гана менин чыгармачылыгымды чектегилери келишкен. Уккан кишинин баары күлүштү. Өзүм деле жаман катындай болуп «минттиңер эле, анттиңер эле» деп сүрүштүргүм келген жок. Алардан бийигирээк болуп унчукпай койдум.
– Мындай кысымдар акыркы күндөрү эле чыга калбаса керек...
– Атамбаевдин учурунда бийликтин кысымын 6 жыл бою устатым Рахман Разыков экөөбүз аябай көрдүк. Колдорунан келишинче кысымга, куугунтукка алышты. Ошто театрларга киргизбей калышкан. Бишкекте болсо Спорт сарайында Рахман акенин 60 жылдыгына арналган концерттин билеттери сатылганда концерт болор күнү эртең менен келишип, «Спорт сарайы авариялык акыбалда» деген шылтоо менен мекемени жаап салышкан. Айлабыз кетип, циркке барып концерт койгонбуз. Андан бери Спорт сарайдын эч жери кулабай эле турат. Айтор, мындай учурларды санай берсек түгөнбөйт. Жаман келиндер кайненесин «мага кылбаганы калган жок» деп айтышкандай, алардын бизге кылбаганы калган жок.
– Кысымдардын болуп турушу эмнеден деп ойлойсуз? Бийликтин чындыкты моюнуна ала албаган сапатынанбы же сиздин сатираларыңыздын чектен ашканынанбы?
– Сатиранын абдан күчтүү курал экенин жакшы түшүнүп калышканынан го. Сахнага алып чыккан ар бир сатира юридикалык жактан кылдат каралат да. Эч кимдин аты-жөнү айтылбайт, эч кимдин аброюна шек келтирилбейт. Мисалы, «120 кой» деген сатирам ушул күнгө чейин талаш-тартыш жаратып келет. Ал сатиранын арты менен канча мактоолорго арзысам, ошончо көп азап да тарттым. Канчалаган депутаттар чычалап жүрүштү. Сотко берели деп да чыгышты. Ошондо Өмүрбек Текебаев «сатира деген ушундай болушу керек» деп маек берген экен. Ал жерде парламент, депутат деген сөз жок. Болгону чабан менен журналисттин ортосундагы эле маек. Сатира эч качан бир жактуу болбойт. Бийликтин да, оппозициянын да таламын талашпайт. Кай жагында кемчилик болсо ошол жагын сындай берет. Болбосо «заказ» деген толтура.
– Буйрутма сатиралар да болушу мүмкүнбү?
– «Муну мактап ойноп кой» же «тигини жамандап ойноп кой» дегендер болот. Бирок биз кимиси туура эмес кылып жаткан болсо, ошону элге айтып чыгабыз. Кээ бир саясатчыларды калп мактап, экинчисине жалаа жаап акча алган журналисттердин бар экендигин билебиз. Ошолорду биздей болууга чакырат элем. Дайыма чындык тарапта болсок, эл алдында жүзүбүз жарык. Керек болсо Атамбаевдин убагында «бийликти мактап чык, наам берели» деп аттуу-баштуу эле кишилер кайрылган. «Бул бийликтин наамын үйгө алып келишсе да албайм» дегем. Азыркы күндө да ошол принцип менен жашайм. Эл берген алкыштан артык наам жок мага. Сатылма адам болсом, эчак эле Эл артисти наамын алмакмын.
– Кысымдардан улам саясий темаларды алып чыгуудан бир аз чегинесизби же сындаганды кайра күчөтөсүзбү?
– Кайсы жерде чындык болсо ошол жерди байырлагым келет. Кайсы жерде адилетсиздик болсо, аны башкалардай ызы-чуу салып аянтка чыкпай эле, күлкү менен эле жеткирип айтып коём. Түшүнгөн түшүнүп алат.
– Сизге 120 депутаттын бири болуу сунушу түшсө, парламентке барат белеңиз?
– Эч кандай мандатым жок эле, парламентте отурган депутаттардын көбүнөн өзүмдү өйдө көрөм. Бир канча сунуштар болгон, баш тарткам.
– Үгүт иштеринде кайсы бир партия менен кызматташууга даярсызбы?
– Даярмын. Чакыруулар бар. Иштейм, буюрса.
– Партиялардын программаларын карап чыгып макулдук бересизби же сунушталган гонорарына карайсызбы?
– Буга чейин партиялардын программасынан тышкары ага-инилик, тууган, достук мамилелерге да карап келгем. Мындан ары саясий көз карашы, алдыга койгон пландары, элге сунуштаган программалары көз карашыма дал келип калса, ошол партия менен иштешүүгө даярмын. Буга чейин үгүт концерттерде саясат тууралуу сүйлөчү эмесмин. Быйыл катуу даярдык көрдүм. Анан да бардык саясий партиялардын буга чейин элге берген убадалары тартылган видеолорду топтоп отурам.
– Быйыл парламенттик шайлоо болот. Үгүт иштерине артисттерди чакырып, концерттик программа уюштурулбасын деп коюшса кандай болот?
– Эгер эч кандай ырчы-чоорчусу, бийчиси, куудулу жок стадиондорго он миңдеген киши чогултам деген талапкер болсо, түштүктөгүлөр айтмакчы, мен там берет элем ага.
– Маегиңизге рахмат! Мыкты сатираларды жарата бериңиз.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg