Гүлнара Кахарова, ырчы: “ЖОЛДОШУМ АЯБАЙ БУК БОЛУП КЕТТИҢ, ЫРДАШЫҢ КЕРЕК ДЕДИ”

Кыргыз эстрадасынын чыныгы жылдызы, 7 баланын энеси, кыргыз аялзатынын күзгүсү болгон Гүлнара Кахарова бул аптанын каарманы болду. Анын “Туулган күн”, “Сүйөм деп айтпаса экен”, “Балама” аттуу ырларын угуп, жан дүйнөсү эргибеген кыргыз жок болсо керек.

– Гүлнара айым, саламатсызбы? Ылдамдыкты, өзгөчөлүктү талап кылган заманда жаш ырчылар менен тең тайлаша иштеп, атаандаштыкка туруштук берип, кыргыз сахнасында өз ордун сактап туруу ырчыга жеңил болбосо керек?

– Саламатчылык. Заман өз ордунда эле тура берет экен. Заманды өзгөртө турган биз, пенделер экенбиз да. “Атаандаштык болбой, өсүү болбойт” деген сөз бар. Бирок мен 30 жылдык чыгармачылык тарыхы бар адам катары айтат элем, чыгармачылык жолумда бирөө менен атаандашып, жаштар менен тең тайлашкан жокмун. Жүрөгүм сүйгөн ырларды аткарып келаткан ырчымын.

– Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?

– Чыгармачылыкта быйыл жакшы жаңылыгым бар. Буюрса, эл алдында ырдап келатканыма 30 жыл болуптур. Күз айларына туштап 30 жылдык отчёттук концертимди берсем деп белсенип турам. Учурда жаңы ырларды жаздыруу менен алекмин.

– Азыркы жаш муундагы ырчыларга эмне жетишпейт? Ал эми артыкчылыгы эмнеде деп ойлойсуз?

– Жаштарда баары жетиштүү. Биздин убакта ырчыларга көп нерсеге жетүү чоң эмгекти талап кылчу. Ошол кезде эмгектенип, ар бир тепкичти басып өтүп, өнөрүн таптап, электен эленип өткөн биздин муундун ырчыларына таазим кылам. Азыр бардык тармакта жеңилдешкен заман. Бир эле ырчыларда эмес, жалпы эле жашоону айтып жатам. Балким, жаш ырчылар акындар менен иштешпей, ыр тандоодо чабалдык кылып жатышкандыр деп ойлойт экенсиң. Жаштарды сындап эле туруп алгандан алысмын. Балким, биздин муун дагы күнөөлүү болушу мүмкүн. Убагында биз туура эмес ырларды ырдап аларды сахнага тарткандырбыз. Бул нерсе элдин табитинен да көз каранды. Үнү болбосо да, кооз кийинип алып сахнага чыкса кол чаап коштоп, көкөлөтүп алып жатышпайбы. Анан ал “мен мыкты турбаймынбы” деп ойлойт да. Айтор, айта берсе мындай жагдайлар көп эле.

Биз китеп окучубуз. Азыркы жаштардан ошонубуз менен да айырмалансак керек. Поэзияга малынып ыр, монологдорду жаттаар элек. Азыр ырчылар абдан көп, ошол себептүү сын да көп. Алардын арасында мыктылары да бар. Анан да жаштардын бизден өткөн артыкчылыктары бар экендигин да айтышыбыз керек. Азыркы жаштар азамат. Ата-энеге көбүрөөк көңүл буруп, сый-урматка бөлөп турушат. Андан тышкары ичкилик сыяктуу терс адаттардан алыс. Талыкпай иштеп, ишинин үзүрүн көргөндү билишет. Мисалы, биз жаштардан эмгек акыбызды алганды да үйрөндүк. Бир жерге чакырса, милдеттүү түрдө барып ырдап, унчукпай кайра кете берер элек. Андан башка да көп нерсени жаштардан үйрөнүп келебиз, муну да моюнубузга алышыбыз керек.

– Сизди эл 30 жылдан бери сахна жылдызы катары тааныйт, чыгармачылыгыңызды баалайт. Мамлекет сиздин эмгегиңизди баалап жатабы? Дегеним, наам жаатында жаңылыктар барбы?

– Эми биз күзгү сыяктуу ачык-айкын эл алдында көрүнүп турган адамдарбыз го. Ар бири канча ыр ырдап, кандай иштеп жатканы баары анык көрүнүп турат. Анан сөзсүз эле “менин эмгегим сиңди, мага наам бергиле” деп документтеримди көтөрүп алып ар кимдин эшигин каккылап жүрүшүм керекпи? Наамды көздөп, бир да жолу документ чогултуп барганым жок. Эмнегедир бул нерсе мага жат көрүнүш. Төрт дубалдын ичинде, көмүскөдө эмгектенген адам эмесмин, иштеп жатсам да, иштебей койсом да баары көрүнүп турат. Мен Кудайдан сураган нерсемдин баарына жеттим. Уул десе уулум, кыз десе кызым бар. Кудайга шүгүр, алты саным аман. Наамга муктаж деле болгон жокмун. Эл сенин ырларыңды угуп, ырдасаң сага кошулуп ырдап, сый мамиле кылып жатса, ошондон өткөн наам барбы? Бирок “наам берет элек” дешсе, барып алмакмын. Өзүмдү татыктуумун деп эле ойлойм. Дагы 10 жыл иштесем, анда дагы наам берилбесе, ошондо капа боло баштасам болот го (күлүп). Кээ бир жерлерде капа болуп калган учурлар деле болот. Телеканалдардагы тартуу учурунда “наамы барлар бул жакка, наамы жоктор бул жакка” деп бөлүп калышат. Ошондо балаң менен эле тең бир ырчы сени тебелеп өтүп баратса, “аттиң” деп коёсуң. 30-40 жыл иштеп, таланты таш жарган наам ала элек улуу инсандар деле бар. Мына ошолор алышы керек. Ошолордун эмгеги бааланышы зарыл деген ойдомун.

– Кудайдын кулагы сүйүнсүн, 7 баланын энеси болдуңуз. “Баатыр эне” наамын алдыңызбы?

– Баягы эле наамбы? Наамдын баары эле бир жерден берилет окшойт. Ошолордун тилин таппай жатат көрүнөм (күлүп). Бул наамга деле чуркаган жерим жок. Кудайга чексиз шүгүр, балдарымдан кайтсын. Кээ бир ырчылар “сен төрөп жатып эле наам албай калдың” деп айтып калышат. Ошол төрөгөн балдарым эч бир наамга салыштыргыс байлыктарым.

– Үйдө энесиз, жолдошуңузга сүйүктүү жарсыз, эл алдында чыгармачылыгыңызды да аксатпай, кошо ала келе жаткан ырчысыз...

– Балдарым менин бар байлыгым, ырчылыгым – бул жан дүйнөмдүн азыгы. Балдарым кичинесинде 5-6 жыл үйдө отуруп калдым. Ошол жылдары үч баламды удаа төрөдүм. Азыр ошол балдарым чоңоюп, колума кол, бутума бут болуп, “апакелеп” турган чагы. Ошол жылдары чыгармачылыгым бир аз токтоп калды. Өзүм бук болдум. Анан бир күнү жолдошум, “сен аябай бук болуп кеттиң, ырдашың керек” деди. Ошентип кайра ырдай баштагам. Бирок мен дайыма үй-бүлөнү биринчи орунга койгон жанмын. Үй-бүлөң башкы орунда болсо, чыгармачылыкты кошо сүйрөп кете берүүгө болот. Ал эми чыгармачылыкты биринчи орунга коюп алсаң, үй-бүлөнү сүйрөп кете албай каласың.

– Эзелтен эле энелерибиз 10 баланы төрөп, тарбиялап келген. Азыр үй-бүлөнү пландоо деген бар. “Балага кең келечек тартуулай албасаң, төрөбө” дешет. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

– Азыр “келбетим бузулат” деп төрөгөндөн баш тарткан кыз-келиндер бар дейин десең, “төрөбөй эле кой, өзүңдү кара, келбетиң бузулат” деген күйөөлөр да бар экендиги таң калтырат. Эми үй-бүлөдө пландоо керек. “Быйыл бул ишти аткаралы, эмки жылы мунусун” деген таризде гана. Ал эми балага келгенде пландоо кылбаш керек. Бала – бул Кудайдан берилген белек. Баланын тилегине жараша үйгө кут, береке кирет. Эртең менен балаң сага “ата, апа, мага мындай нерсе ала келчи” деп суранса, ошол нерсени Кудай сага кандайдыр бир жолдор менен жеткирет. Ар бир баланын өзүнүн ырыскысы бар. 10-15 бала болсо да алардын бири куттуу, ырыскылуу болот эмеспи. Андыктан өзүң ырыскылуу балаңдын төрөлүп калышына бөгөт болбо дейт элем. Ден соолук барбы, Кудай берип жатабы, кулпуланба, төрө.

– Бала тарбиялоо жаатында кеп-кеңешти биздин окурмандарга сизден артык эч ким бере албаса керек?

– Ар бир баланын өзүнүн кыял-жоругу болот. Ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле кылсаң, анын ишеничине кире алсаң, балаң экөөңдүн ортоңордо маселе болбойт.

– Уул-кыздарыңыздын алды бой жетип калышса керек?

– Албетте, улуусу 31 жашта, эң кичинекейим 8 жашта.

– Бактылуу үй-бүлөнүн ынтымагы эркектен көз карандыбы же аялданбы?

– Жоопкерчиликти бири-бирине түрткөн жерде ынтымак болбойт. Аял киши бакытты үйдөн издейбиз да, үй-бүлөнүн ынтымагы үчүн сабырдуу, кечиримдүү, ыймандуу болушубуз зарыл. Эгер бул талаптардын баарын аткарып, үй-бүлөнүн жүгүн артынып келаткан аял өзүн үйдө бактылуу сезбесе, анда күнөө эркекте.

– Маегиңизге рахмат! Балдарыңыздын сый-урматын көрүңүз!

– Рахмат. Эң башкысы элибизде тынчтык болсун. Азыркы чыгып жаткан оорунун атын да атагым келбей турат. Ошондон Кудай сактасын.

Чолпон Сүйүнбаева
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aydinnur
2020-03-23 10:05:13
Биздин муун да Гулнара Кахарова!))Создору да ,озу да салмактуу..Сонун укулуктуу ырдайт,жаш кезде канча ичтен ашык болуп журдум))Сонун мимикалары бар эле да ырдап жатканда адамды озуно тартып турган..Мыктыбек Арстанбек да бир топ ашык болуп журду окшойт,ачык эле билинип турчу твдан,жон эле жалынып жалбарып ийчу)))Аман болсун да ден соолукта болсун уй булоосу менен!
+9
katerina.li
2020-03-23 10:26:06
Акылдуу эжесиз. Коп жашагыла. Уй булонуз менен бактылуу болгула,коз тийбесин
+8
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-23 11:01:27
Азамат эже!
+2
Anarik87
2020-03-23 11:41:04
Барактап ыр дептерим балалыгым эстедим,
Эх чиркин жаштык омурлор,
Кайдасын жаштык кездерим эн соонун ырдаган бала кезди эске салат
+8
fanatka19
2020-03-23 18:44:11
Эски ырчылар негедир жалкоо же бизди эл тааныйт болду дешеби,жаны деле ыр жаздырганын корбойсун.быйыл тойдо эки эле ыр менен журду,ишенбесенер инста баракчасына кирип коргуло.
-4
katerina.li
2020-03-24 17:48:36
fanatka19,бир кезде сен атын чыгарыш учун чуркасан,эми атын сен учун чуркайт деген принцип менен жашашат.
+1
Aimani
2020-03-23 21:43:16
Менин жолдошум сүйөт да ушул ырчыны. Мага да жагат
+3
Jasa
2020-03-24 02:53:03
Aimani, менин атам суйот болчу)))
+3
Dani
2020-03-24 23:01:41
Ырдаган ырлары жагат уну да башкача ийгилик сизге
0
№ 907, 19-25-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан