КЫРГЫЗСТАНДА КОРОНАВИРУС КАТТАЛДЫ! СУЗАКТА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Кыргызстанда коронавирус катталды. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун 3 тургуну коронавирус жуктуруп алганын 18-мартта өкмөт тастыктады. Үчөө тең эркек кишилер, улуусу 70 жашта. Алар 12-март күнү Сауд Арабиядан кичи ажылык сапарынан келишкен. Алар аэропорттон обсервацияга алынган эмес, бир сыйра текшерип, үйлөрүнө жөнөтүп жиберишкен. “Эмне үчүн дароо карантинге алынган эмес?” деген суроого өкмөт түштөн кийин “Сауд Арабия биздин тизмеде анча кооптуу эмес өлкөлөрдүн катарында, 3-категорияда болчу” деген жооп айтып, алакан жаюуда.

Айта кетсек, 12-мартта республикалык штаб коронавирус катталган өлкөлөрдөн келгендер 3 категорияга бөлүнөрүн жарыялаган. 1-2-категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандар обсервацияга алынса, 3-категориядагы өлкөлөрдөн келгендер баштапкы текшерүүгө алынып, андан ары үйүнө коё берилери айтылган эле. Бул 3 жаран келген учакта 135 адам болгон, алардын баары табылып обсервацияга алынганы айтылды. Андан бери бир апта өттү, бул 3 адамдан тышкары бир учакта келген жүргүнчүлөрдүн канчасы вирус жуктуруп алганы, алардын андан бери канча адамдар менен байланышта болгону белгисиз. Ошто кичи ажылыкка барып келген 64, Баткенде 8, Ысык-Көлдө 16 адам жана Ысык-Көлгө Германиядан келген 2 кыз карантинге алынды. Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирусту ызы-чууга алдырбай, тартипке баш ийип, жеке гигиенаны сактоо аркылуу жеңсе болот деп жарыялады.

Дүйнөдө коронавирус дүрбөлөңү жылдын башында эле башталганына карабай кичи ажылык сапардан келгендерди жөн өткөрүп, үйлөрүнө таратып жиберүү медицинасы алсыз, экономикасы чабал өлкө үчүн өтө оор кылмышка тете иш. Өкмөт мындай шалаакылыгы үчүн кандай жоопкерчиликке тартылат? Коомчулукту паникага түшүрбөй, ошол эле учурда жоопкерчиликтүү болууга чакыруу, тарбиялоо боюнча дагы өкмөттүн иштери мактоого татыктуу эмес. Эл Жогорку Кеңеш жана президенттен жооп күтүп турган чагы.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Коронавирус Кыргыз өлкөсүнө жетти. Жалал-Абадда Умрадан келген 3 жарандан коронавирус аныкталды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 907, 19-25-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан