17-мартта өлкө тарыхында өзгөчө орду бар, бир нече адамдын өмүрүн алып кеткен Аксы окуясына 18 жыл толду. Президент Сооронбай Жээнбеков буга карата кайрылуу жасап, анда Аксы окуясын “Кыргыздын демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш” деп атады.
“Аксы окуясы адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март, Апрель революцияларына түрткү берген тарыхый окуя. Азыркы бийлик Аксы окуясында өлкөнүн келечеги үчүн өмүрүн тобокелдикке байлап чыккан элдин ишенимин актоого болгон аракетин жасап жатат. Коррупция менен чечкиндүү күрөшүү, соттук реформа, укук коргоо органдарын реформалоо жүрүүдө”,- деди президент.
Элге ок атылган Боспиек айылында Аксы окуясын эскерүү иш-чарасы өтүп, ага президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, Аксыдагы бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
2002-жылы Аксы эли авторитардык режимге, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы көтөрүлүп чыккан. 17-март күнү жөө жүрүш менен район борбору Кербенге бара жаткан элге бийлик ок атып, 6 азамат каза тапса, ондогон жарандар жаракат алган. Бул окуянын аягы 2005-жылы 24-мартта Аскар Акаевдин, 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин бийлигин кулатууга жетти. Элдин эңсегени – эркин, өнүккөн өлкөнү куруу болчу. Ошондуктан “адилеттик үчүн өмүрүн берген эр азаматтардын үмүтү акталдыбы?” деген суроо ар бир бийликтин тушунда берилет. 2012-жылдан бери 17-март өлкөдө Аксы окуясын эскерүү күнү катары белгиленүүдө. Коронавирус коркунучунан улам Бишкекте быйыл эскерүү иш-чарасы өткөн жок.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg