Кыргыз жеринде азык-түлүк коопсуздугу көзөмөлдө. Бул тууралуу 16-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев SUPER.KG порталына билдирди.
“Казакстан менен чек ара толук жабылган жок. Жарандарды өткөрүү кыйындайт. Товар жүгүртүү боюнча эч кандай тоскоолдук болбойт. Өлкөгө керектүү азык-түлүк продукциялары алып келинип турат”,- деди өкмөт башчы.
Абылгазиев өлкөдө ундун, башка азык-түлүктүн бааларына чек коюларын, сатуучулар коюлган баадан кымбат сатпашы керектигин кошумчалады. Өкмөт "азык-түлүктүн баасын атайын жана негизсиз көтөргөндөр катуу жазаланат" деп ишендирип жатат.
Айта кетсек, өткөн аптанын соңунда коомчулукта “Казакстан чек арасын жапты, ун келбейт” деген маалымат тарап, жарандар сатыктагы унду талай башташты. Элдин дүрбөлөң түшүүсүнөн пайдаланып, көпчүлүк чайкоочулар ундун баасын кескин көтөрүп, акча иштеп калууга жетишишти. 1 кап ундун баасы 2000 сомго жеткен учурлар болду.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg